Россиянын Сургут мунай техникуму Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүн окууга чакырды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСтуденттер окуу учурунда. Архив
Студенттер окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Университетке күндүзгү окууга кабыл алуу 2021-жылдын 18-июнунан 15-августуна чейин болсо, сырттан окуу формасы боюнча 19-июлдан 25-августка чейин жүрөт.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Россиядагы Сургут мунай техникуму Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүн такай жана сырттан окуу формасына тапшырууга чакырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Окуу жайдагы факультеттердин тизмеси:
  • Монтаж, технологиялык тейлөө жана өнөр жай жабдуусун оңдоо (тармактар боюнча);
  • Мунай кудуктарын (скважина) бургулоо;
  • Мунайды жана газды кайра иштетүү;
  • Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо;
  • Химиялык бирикмелерди аналитикалык контролдоо технологиясы;
  • Автомобилдердин кыймылдаткычтарын, системаларын жана агрегатын техникалык тейлөө жана оңдоо.
Такай окуу формасы боюнча кабыл алуу 2021-жылдын 18-июнунан 15-августуна чейин болсо, сырттан окуу формасы боюнча 19-июлдан 25-августка чейин жүрөт.
Толугураак маалыматты snt.priem@udrasu.ru электрондук дареги же + 7 (3462) 45-76-11/45-76-17/45-76-09 номерлери аркылуу университетке түз кайрылып алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0