НАТО батальонун норвегиянын жоокерлери. Архив

Маданий жактан шыкактоо. Норвегиялыктарды ким Россия менен коркутууда?

106
(жаңыланган 13:42 30.04.2021)
Россия НАТОнун жалпы беш өлкөсү менен кургакта чектешет, алардын төртөө бир топ жылдан бери ачык эле достукка жатпаган позицияда. Ал эми бешинчиси — Балтика өлкөлөрүнөн мурун көз карандылыкты алган мамлекет.

Ал эч качан Россиянын курамына кирген эмес, бирок соңку жылдары дал ошол жакта орус оккупациясы жана орус коркунучу тууралуу роман жана тасмалар кеңири тарай баштаган. Кеп беш миллиондук королдук, РФке коңшу жана НАТО түптөгөн өлкөлөрдүн бири Норвегия туурасында. Петр Акоповдун макаласы РИА Новостиге жарыяланды.

СССРдин тушунда да бул өлкө Россия менен коңшулук мамилени сактоого аракет кылган. Постсоветтик мезгилде деле аталган мамлекеттердин алакасы жалпысынан жылуу эле. Бирок Крымдан кийинки маалда кырдаал өзгөрө баштады. Америкалыктар аталган өлкөгө адегенде үч, андан соң жети жүз аскер кызматкерин жөнөттү. Бирок мында башка бир өңүт көңүл бурдурат.

Норвегиялыктарга Россия кооптуу деген пикирди сиңирүүгө тырышып жатышкандай. Анан калса мындай аракет жалпы атлантикалык пропаганданын алкагында гана тургай, эң таасын, оюн, маданий деңгээлде жүрүүдө. Акыркы жылдары чыгып жаткан көптөгөн китеп, тасмалар, атап айтканда ызы-чуу жараткан "Оккупациялангандар" (өлкө тарыхындагы рейтинги эң бийик көрсөткүчтөгү) сериалынан тарта "Чоң аюу" сымал детективге дейре ушундай саясаттын "эпкини". Бир-эки жыл мурун Нордхус Карлссондун "Белая армада" тасмасы "75 жыл оболу алар Киркенести бошотушкан, эми орустар кайтты" деп жарнамаланган.

Ал эми быйыл жыл башында мурдагы балдар жазуучусу Грета Боенин "Кырсык сигналы" детективи чыккан. Анда кезегинде Советтик Армия куткарган жерлердин бири Финнмаркка орустар коркунуч туудурат деп айтылып, "Финнмарк жаңы Крым болуп калышы ыктымал" деген ой камтылат.

Атлантисттер Норвегияны да Россиянын активдүү каршылаштар "клубуна" байланыштырууга аракеттенгени түшүнүктүү. Анткен менен анын активдүү катышуучуларынан айырмаланып РФтин бул коңшусунун тиричилик да, саясий деңгээлде да орустардан чочулоо адаты жок.

Атлантисттердин таасири Ослого кандай күчтүү болсо да норвегиялыктар коңшу өлкөлөр, айрыкча Россия менен болгон алакасын, эки тараптуу мамилелердин келечегин өзү аныктоого Норвегиянын дарамети жетишерлик.

106
Белгилер:
коркутуу, Балтика, НАТО, Россия, Норвегия
Тема боюнча
Батыш менен пикири келишпеген Россиянын колунда көзүрү көбүрөөк. Эмне үчүн?

Улуу Жеңишке 76 жыл толду. Кан майдандын каарын көрсөткөн сүрөт баян

116
(жаңыланган 13:32 09.05.2021)
  • Кыргыз педагогикалык институнун мугалимдеринин найза менен салгылашууну үйрөнүп жаткан учуру. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви
  • Тирде. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору С. Харченко. 1943-жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушка жардам берчү коому тарабынан (ОСОАВИАХИМ) 1 жана 2-даражадагы 163923 ворошиловдук көзгө атарлар, 17980 станоктук пулеметтон аткандар, 16765 байланышчы, 26678 миномет аткычтар, 11734 медайым менен санитардык инструктор жана башка аскердик кадрлар даярдалган.
  • Милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системанын аскерлери тактика боюнча машыгып жаткан маал. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-1945-жылдары милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан 9 862 000 советтик жаран өткөн.
  • 385-аткычтар дивизиясынын командирлери, саясий бөлүмдүн жетекчилери жана жоокерлери Кыргыз ССРинин делегациясы менен жолуккан учуру. Батыш фронт. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Бул дивизия 1941-жылдын август айынан баштап Фрунзе шаарында куралган. Фрунзелик кошуундун кан майданда жолу 1942-жылы 8-февралда башталган. 1943-жылы 30-сентябрда 385-дивизия Беларустун Кричев шаарын фашисттик баскынчылардан бошотот. Дал ушул себептен улам Иосиф Сталин “Кричев” наамын ыйгарган.
  • Бала бакчадагылар фронтко посылка даярдап жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору белгисиз. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылдын ноябрь айынан баштап 1942-жылдын сентябрь айына чейин Кыргызстанга Россиянын батыш аймактарынан 41 балдар үйү жана 3 348 өспүрүм эвакуацияланган.
  • Кызыл армиянын жарадар аскерлери “Красный авангард” колхозунда эс алып жаткан учуру. 1942-жыл. Ысык-Көл облусу. Сүрөттүн автору К.Вильчинская. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Кыргызстанда жарадар жоокерлерди дарылаш үчүн 25 госпиталь ачылган.
  • Кызыл армиянын жарадар аскерлерине “Пищевик” артелинин жумушчулары нан бышырып, аны таразага тартып жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1943-жылы. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргыз ССРинин колхоз менен совхоздору кан майданга 4,5 миллион нан, 2,7 миллион пуд картошка менен жашылча, 2,8 миллион пуд эт жөнөткөн.
  • Кан майдандагы басмаканада “Кызыл атчандар “гезитинин чыгып жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
1941-жылы Кыргызстанда 107, 108, 109-дивизиялары жана 10-гвардиялык атчандар полку куралган.
  • Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун энеси Бөжөк уулунун курман болгону тууралуу суук кабарды угуп жаткан учуру. Репродукция. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кан майданга аттанган кыргызстандык жоокерлердин жакындары “кара кагаз” келбесе экен деп убайым тартышчу.
  • Кыргыз ССРнин өкүлү М. Догдуров (ортосунда) Челябинск шаарында жайгашкан трактор заводунда кыргызстандык эмгекчилери каржылаган “Советтик Кыргызстан” танкалык колоннасын фронтовиктерге өткөрүп берүүдө. Сүрөттүн автору М.Харченко. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
Кыргызстандыктар танк менен аскердик учактарды жасоо үчүн Кызыл армиянын фондуна 141,5 миллион рубль которгон.
  • Кыргыз СССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин аскер бөлүмүнүн жетекчиси Авас Умаралиев (ортодо генерал-майор Иван Чистяков) 2-гвардиялык аткычтар корпусунун жоокери менен таанышып жаткан учур. Фронттун алдыңкы сызыгы. Сүрөттүн автору И. А. Нарциссов. Холм шаары. 1942-жылы, май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Буга чейин бул атактуу кол башчы генерал Чистяков 8-Панфилов гвардиялык аткычтар дивизиясынын командири болчу. 1944-жылы Беларуста Иван Михайловичтин колбашчылык таланты өзгөчө ачылган.
  • Панфиловчулар Кыргызстандан келген алманы жеп жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргызстан кан майданга 94,4 консерваланган эт банкасын, 117 миң тонна шекер, 839 миң тонна нан жөнөткөн.
  • 8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын жоокерлери Ашырбай Коёнкөзов (сол жактан биринчи жакта) жана Ахмеджан Султаналиев (ортодо) Кыргызстандын чыгармачыл инсандары менен жолугушуу учурунда. Фрунзе. 1942-жыл, июнь. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы декабрь айынын аягында Султаналиев менен Коёнкөзов Ленинград облусунда баатырларча курман болушкан.
  • Замбирекчилер Орел жана Курск догосунда салгылашууга даярданып жаткан учуру. Орел-Курск догосу. 1943-жыл, июль. Репродукция. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы 5-июлда Курск догосунда Кызыл армия менен вермахтын ортосунда башталган салгылаш кырк тогуз күнгө созулган. Ошондон кийин фашисттик Германия чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.
  • Фронтко концерт коюу үчүн түзүлгөн Кыргыз филармониясы, Орус драма театрынын бригадасы артист, акын жана фронтовик Көпбай Күмүшалиев менен жолугушуусу. Репродукция. 1944-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Күмүшалиев Кыргыз драма театрынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал артист катары согуштан бошотулганына карабастан 1942-жылы кан майданга аттанган. Лейтенант наамын алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
  • Жазуучу Темиркул Үмөталиев полктоштору менен Венгрияны бошоткондон кийин. 1944-жыл. Венгрия. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
  • Советтер Союзунун Баатыры Рузи Азимов Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Михнат колхозунда жетимдер үйүнүн окуучулары жана кан майданда каза болгон жоокерлердин балдары менен сүйлөшүп жаткан учуру. 1945-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1944-жылы 23-июнда Азимов Беларустун Витебск аймагын фашисттик Германиядан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал чабуул маалында биринчилерден болуп фашисттердин траншеясына секирип кирип, бир топ гитлерчилерди жок кылган. 24-июнда бул эрдиги үчүн жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.
  • 79-аткычтар корпусунун курамындагы 207-аткычтар дивизиясынын жоокерлери (1941-жылы ноябрда бул аскердик бөлүк Фрунзе шаарындагы 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын негизинде түзүлгөн) Рейхстагдын жанында. Берлин. 1945-жыл, 2-май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылы октябрда Кыргызстанда 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын курамы курсанттар менен аскерге милдеттүлөрдөн куралган. Ноябрь айынын аягында ушул аскердик бөлүк кан майданга жөнөп, Москванын алдындагы айыгышкан салгылашууларга катышкан.
  • Фашисттик Германиянын “Маутхаузен” концлагеринде туткундалган советтик жоокерлер Р.Помогалов менен В. Павленконун баарлашып жаткан учуру. Фрунзе. 1990-жыл. Сүрөттүн автору Петрийчук. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
РФтин Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, фашисттик Германиянын туткунуна 4 миллион 559 миң советтик жоокер түшкөн. Гитлерчилер ал туткундарды адам катары көрбөй, мазактап кордошкон, адам жасабаган нерсени кылышкан. Ошого карабастан алар фашисттик Германияга каршы күрөшкөн. Булардын ичинен СССРге 1 836 562 гана советтик жаран гана бошонуп кайткан.
  • Панфиловдун 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын жоокери Асипа Исмаилова жана полктошу (аты-жөнү белгисиз) тууга таазим кылып жаткан учур. Фрунзе. 1981-жыл. Сүрөттүн автору Михаил Шлафштейн. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1945-жылы 18-мартта Панфилов дивизиясы Латвиянын Курляндия аймагында вермахттын курчоосунда калган. 25-мартта фашисттер бул аскердик бөлүктү талкалаганга аракеттенген. Бирок алардын ою ишке ашкан жок. Панфиловчулар туруштук берип, чабуулдун мизин кайтарып, курчоодон чыгышкан. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
  • Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 30-аткычтар полкунун снайпери Темирбай Гаипов үй-бүлөсү менен. Ош облусу, Баткен району, Рават совхозу. 1959-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Россиянын “Память народа” интернет-сайтынын маалыматына таянсак, 1944-жылы 16-18-мартта салгылаштын биринде Гаипов ротанын командиринин байланышчысы болуп, анын берген тапшырмаларын так аткарган. Ошол эле учурда мылтыгы менен 13 гитлерчини жок кылган. Анын ичинде бирөө офицер болчу. Жердешибиз бул салгылашта көрсөткөн каармандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.
  • “Даңк” орденинин толук  III даражасынын кавалерлери Чынтемир Осмонов (сол жактан экинчи), Абдыкасым Карымшаков балдары менен. 1981-жыл, жай. Түп району, Күрмөнтү айылы. Илгиз Осмоновдун жеке архивинен.
Бул ордендин толук III даражасы менен согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 2 656 гана жоокер сыйланган. Анын арасында төрт аял бар.
  • 150-аткычтар бригадасынын катардагы аскери (оң жактан биринчи) Т.Мусурманкулов. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Бүгүн, 9-майда, Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленип жатат. Бул согушкка 300 миңден ашык кыргызстандык аскер катышкан.

Кыргыз ССРнин ар бир төртүнчү тургуну кан майданга жөнөгөн. Мындан сырткары, Кыргызстан тереңдеги тылда болсо да фронтко зор көмөк көрсөткөн.

Колумнист Алмаз Батилов Кыргыз ССРи фашисттик Германияны жеңүүгө кандай салым кошкону жөнүндө Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин фотодокументтеринин негизинде сүрөт баяндама жасады.

116
  • Кыргыз педагогикалык институнун мугалимдеринин найза менен салгылашууну үйрөнүп жаткан учуру. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Л. Вильчинский

    Кыргыз педагогикалык институнун мугалимдеринин найза менен салгылашууну үйрөнүп жаткан учуру. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви

  • Тирде. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору С. Харченко. 1943-жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушка жардам берчү коому тарабынан (ОСОАВИАХИМ) 1 жана 2-даражадагы 163923 ворошиловдук көзгө атарлар, 17980 станоктук пулеметтон аткандар, 16765 байланышчы, 26678 миномет аткычтар, 11734 медайым менен санитардык инструктор жана башка аскердик кадрлар даярдалган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / С. Харченко

    Тирде. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору С. Харченко. 1943-жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушка жардам берчү коому тарабынан (ОСОАВИАХИМ) 1 жана 2-даражадагы 163923 ворошиловдук көзгө атарлар, 17980 станоктук пулеметтон аткандар, 16765 байланышчы, 26678 миномет аткычтар, 11734 медайым менен санитардык инструктор жана башка аскердик кадрлар даярдалган.

  • Милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системанын аскерлери тактика боюнча машыгып жаткан маал. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-1945-жылдары милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан 9 862 000 советтик жаран өткөн.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системанын аскерлери тактика боюнча машыгып жаткан маал. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    1941-1945-жылдары милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан 9 862 000 советтик жаран өткөн.

  • 385-аткычтар дивизиясынын командирлери, саясий бөлүмдүн жетекчилери жана жоокерлери Кыргыз ССРинин делегациясы менен жолуккан учуру. Батыш фронт. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Бул дивизия 1941-жылдын август айынан баштап Фрунзе шаарында куралган. Фрунзелик кошуундун кан майданда жолу 1942-жылы 8-февралда башталган. 1943-жылы 30-сентябрда 385-дивизия Беларустун Кричев шаарын фашисттик баскынчылардан бошотот. Дал ушул себептен улам Иосиф Сталин “Кричев” наамын ыйгарган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    385-аткычтар дивизиясынын командирлери, саясий бөлүмдүн жетекчилери жана жоокерлери Кыргыз ССРинин делегациясы менен жолуккан учуру. Батыш фронт. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    Бул дивизия 1941-жылдын август айынан баштап Фрунзе шаарында куралган. Фрунзелик кошуундун кан майданда жолу 1942-жылы 8-февралда башталган. 1943-жылы 30-сентябрда 385-дивизия Беларустун Кричев шаарын фашисттик баскынчылардан бошотот. Дал ушул себептен улам Иосиф Сталин “Кричев” наамын ыйгарган.

  • Бала бакчадагылар фронтко посылка даярдап жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору белгисиз. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылдын ноябрь айынан баштап 1942-жылдын сентябрь айына чейин Кыргызстанга Россиянын батыш аймактарынан 41 балдар үйү жана 3 348 өспүрүм эвакуацияланган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Бала бакчадагылар фронтко посылка даярдап жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору белгисиз. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    1941-жылдын ноябрь айынан баштап 1942-жылдын сентябрь айына чейин Кыргызстанга Россиянын батыш аймактарынан 41 балдар үйү жана 3 348 өспүрүм эвакуацияланган.

  • Кызыл армиянын жарадар аскерлери “Красный авангард” колхозунда эс алып жаткан учуру. 1942-жыл. Ысык-Көл облусу. Сүрөттүн автору К.Вильчинская. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Кыргызстанда жарадар жоокерлерди дарылаш үчүн 25 госпиталь ачылган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / К. Вильчинской

    Кызыл армиянын жарадар аскерлери “Красный авангард” колхозунда эс алып жаткан учуру. 1942-жыл. Ысык-Көл облусу. Сүрөттүн автору К.Вильчинская. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Кыргызстанда жарадар жоокерлерди дарылаш үчүн 25 госпиталь ачылган.

  • Кызыл армиянын жарадар аскерлерине “Пищевик” артелинин жумушчулары нан бышырып, аны таразага тартып жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1943-жылы. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргыз ССРинин колхоз менен совхоздору кан майданга 4,5 миллион нан, 2,7 миллион пуд картошка менен жашылча, 2,8 миллион пуд эт жөнөткөн.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Б. Блюмен

    Кызыл армиянын жарадар аскерлерине “Пищевик” артелинин жумушчулары нан бышырып, аны таразага тартып жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1943-жылы. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    Кыргыз ССРинин колхоз менен совхоздору кан майданга 4,5 миллион нан, 2,7 миллион пуд картошка менен жашылча, 2,8 миллион пуд эт жөнөткөн.

  • Кан майдандагы басмаканада “Кызыл атчандар “гезитинин чыгып жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
1941-жылы Кыргызстанда 107, 108, 109-дивизиялары жана 10-гвардиялык атчандар полку куралган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Кан майдандагы басмаканада “Кызыл атчандар “гезитинин чыгып жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
    1941-жылы Кыргызстанда 107, 108, 109-дивизиялары жана 10-гвардиялык атчандар полку куралган.

  • Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун энеси Бөжөк уулунун курман болгону тууралуу суук кабарды угуп жаткан учуру. Репродукция. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кан майданга аттанган кыргызстандык жоокерлердин жакындары “кара кагаз” келбесе экен деп убайым тартышчу.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун энеси Бөжөк уулунун курман болгону тууралуу суук кабарды угуп жаткан учуру. Репродукция. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    Кан майданга аттанган кыргызстандык жоокерлердин жакындары “кара кагаз” келбесе экен деп убайым тартышчу.

  • Кыргыз ССРнин өкүлү М. Догдуров (ортосунда) Челябинск шаарында жайгашкан трактор заводунда кыргызстандык эмгекчилери каржылаган “Советтик Кыргызстан” танкалык колоннасын фронтовиктерге өткөрүп берүүдө. Сүрөттүн автору М.Харченко. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
Кыргызстандыктар танк менен аскердик учактарды жасоо үчүн Кызыл армиянын фондуна 141,5 миллион рубль которгон.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Кыргыз ССРнин өкүлү М. Догдуров (ортосунда) Челябинск шаарында жайгашкан трактор заводунда кыргызстандык эмгекчилери каржылаган “Советтик Кыргызстан” танкалык колоннасын фронтовиктерге өткөрүп берүүдө. Сүрөттүн автору М.Харченко. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
    Кыргызстандыктар танк менен аскердик учактарды жасоо үчүн Кызыл армиянын фондуна 141,5 миллион рубль которгон.

  • Кыргыз СССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин аскер бөлүмүнүн жетекчиси Авас Умаралиев (ортодо генерал-майор Иван Чистяков) 2-гвардиялык аткычтар корпусунун жоокери менен таанышып жаткан учур. Фронттун алдыңкы сызыгы. Сүрөттүн автору И. А. Нарциссов. Холм шаары. 1942-жылы, май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Буга чейин бул атактуу кол башчы генерал Чистяков 8-Панфилов гвардиялык аткычтар дивизиясынын командири болчу. 1944-жылы Беларуста Иван Михайловичтин колбашчылык таланты өзгөчө ачылган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / И. А. Нарцисс

    Кыргыз СССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин аскер бөлүмүнүн жетекчиси Авас Умаралиев (ортодо генерал-майор Иван Чистяков) 2-гвардиялык аткычтар корпусунун жоокери менен таанышып жаткан учур. Фронттун алдыңкы сызыгы. Сүрөттүн автору И. А. Нарциссов. Холм шаары. 1942-жылы, май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    Буга чейин бул атактуу кол башчы генерал Чистяков 8-Панфилов гвардиялык аткычтар дивизиясынын командири болчу. 1944-жылы Беларуста Иван Михайловичтин колбашчылык таланты өзгөчө ачылган.

  • Панфиловчулар Кыргызстандан келген алманы жеп жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргызстан кан майданга 94,4 консерваланган эт банкасын, 117 миң тонна шекер, 839 миң тонна нан жөнөткөн.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Панфиловчулар Кыргызстандан келген алманы жеп жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    Кыргызстан кан майданга 94,4 консерваланган эт банкасын, 117 миң тонна шекер, 839 миң тонна нан жөнөткөн.

  • 8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын жоокерлери Ашырбай Коёнкөзов (сол жактан биринчи жакта) жана Ахмеджан Султаналиев (ортодо) Кыргызстандын чыгармачыл инсандары менен жолугушуу учурунда. Фрунзе. 1942-жыл, июнь. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы декабрь айынын аягында Султаналиев менен Коёнкөзов Ленинград облусунда баатырларча курман болушкан.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын жоокерлери Ашырбай Коёнкөзов (сол жактан биринчи жакта) жана Ахмеджан Султаналиев (ортодо) Кыргызстандын чыгармачыл инсандары менен жолугушуу учурунда. Фрунзе. 1942-жыл, июнь. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    1943-жылы декабрь айынын аягында Султаналиев менен Коёнкөзов Ленинград облусунда баатырларча курман болушкан.

  • Замбирекчилер Орел жана Курск догосунда салгылашууга даярданып жаткан учуру. Орел-Курск догосу. 1943-жыл, июль. Репродукция. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы 5-июлда Курск догосунда Кызыл армия менен вермахтын ортосунда башталган салгылаш кырк тогуз күнгө созулган. Ошондон кийин фашисттик Германия чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Замбирекчилер Орел жана Курск догосунда салгылашууга даярданып жаткан учуру. Орел-Курск догосу. 1943-жыл, июль. Репродукция. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    1943-жылы 5-июлда Курск догосунда Кызыл армия менен вермахтын ортосунда башталган салгылаш кырк тогуз күнгө созулган. Ошондон кийин фашисттик Германия чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.

  • Фронтко концерт коюу үчүн түзүлгөн Кыргыз филармониясы, Орус драма театрынын бригадасы артист, акын жана фронтовик Көпбай Күмүшалиев менен жолугушуусу. Репродукция. 1944-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Күмүшалиев Кыргыз драма театрынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал артист катары согуштан бошотулганына карабастан 1942-жылы кан майданга аттанган. Лейтенант наамын алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Фронтко концерт коюу үчүн түзүлгөн Кыргыз филармониясы, Орус драма театрынын бригадасы артист, акын жана фронтовик Көпбай Күмүшалиев менен жолугушуусу. Репродукция. 1944-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    Күмүшалиев Кыргыз драма театрынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал артист катары согуштан бошотулганына карабастан 1942-жылы кан майданга аттанган. Лейтенант наамын алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

  • Жазуучу Темиркул Үмөталиев полктоштору менен Венгрияны бошоткондон кийин. 1944-жыл. Венгрия. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Жазуучу Темиркул Үмөталиев полктоштору менен Венгрияны бошоткондон кийин. 1944-жыл. Венгрия. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.

  • Советтер Союзунун Баатыры Рузи Азимов Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Михнат колхозунда жетимдер үйүнүн окуучулары жана кан майданда каза болгон жоокерлердин балдары менен сүйлөшүп жаткан учуру. 1945-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1944-жылы 23-июнда Азимов Беларустун Витебск аймагын фашисттик Германиядан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал чабуул маалында биринчилерден болуп фашисттердин траншеясына секирип кирип, бир топ гитлерчилерди жок кылган. 24-июнда бул эрдиги үчүн жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Советтер Союзунун Баатыры Рузи Азимов Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Михнат колхозунда жетимдер үйүнүн окуучулары жана кан майданда каза болгон жоокерлердин балдары менен сүйлөшүп жаткан учуру. 1945-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    1944-жылы 23-июнда Азимов Беларустун Витебск аймагын фашисттик Германиядан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал чабуул маалында биринчилерден болуп фашисттердин траншеясына секирип кирип, бир топ гитлерчилерди жок кылган. 24-июнда бул эрдиги үчүн жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

  • 79-аткычтар корпусунун курамындагы 207-аткычтар дивизиясынын жоокерлери (1941-жылы ноябрда бул аскердик бөлүк Фрунзе шаарындагы 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын негизинде түзүлгөн) Рейхстагдын жанында. Берлин. 1945-жыл, 2-май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылы октябрда Кыргызстанда 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын курамы курсанттар менен аскерге милдеттүлөрдөн куралган. Ноябрь айынын аягында ушул аскердик бөлүк кан майданга жөнөп, Москванын алдындагы айыгышкан салгылашууларга катышкан.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    79-аткычтар корпусунун курамындагы 207-аткычтар дивизиясынын жоокерлери (1941-жылы ноябрда бул аскердик бөлүк Фрунзе шаарындагы 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын негизинде түзүлгөн) Рейхстагдын жанында. Берлин. 1945-жыл, 2-май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    1941-жылы октябрда Кыргызстанда 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын курамы курсанттар менен аскерге милдеттүлөрдөн куралган. Ноябрь айынын аягында ушул аскердик бөлүк кан майданга жөнөп, Москванын алдындагы айыгышкан салгылашууларга катышкан.

  • Фашисттик Германиянын “Маутхаузен” концлагеринде туткундалган советтик жоокерлер Р.Помогалов менен В. Павленконун баарлашып жаткан учуру. Фрунзе. 1990-жыл. Сүрөттүн автору Петрийчук. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
РФтин Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, фашисттик Германиянын туткунуна 4 миллион 559 миң советтик жоокер түшкөн. Гитлерчилер ал туткундарды адам катары көрбөй, мазактап кордошкон, адам жасабаган нерсени кылышкан. Ошого карабастан алар фашисттик Германияга каршы күрөшкөн. Булардын ичинен СССРге 1 836 562 гана советтик жаран гана бошонуп кайткан.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Петрийчук

    Фашисттик Германиянын “Маутхаузен” концлагеринде туткундалган советтик жоокерлер Р.Помогалов менен В. Павленконун баарлашып жаткан учуру. Фрунзе. 1990-жыл. Сүрөттүн автору Петрийчук. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    РФтин Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, фашисттик Германиянын туткунуна 4 миллион 559 миң советтик жоокер түшкөн. Гитлерчилер ал туткундарды адам катары көрбөй, мазактап кордошкон, адам жасабаган нерсени кылышкан. Ошого карабастан алар фашисттик Германияга каршы күрөшкөн. Булардын ичинен СССРге 1 836 562 гана советтик жаран гана бошонуп кайткан.

  • Панфиловдун 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын жоокери Асипа Исмаилова жана полктошу (аты-жөнү белгисиз) тууга таазим кылып жаткан учур. Фрунзе. 1981-жыл. Сүрөттүн автору Михаил Шлафштейн. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1945-жылы 18-мартта Панфилов дивизиясы Латвиянын Курляндия аймагында вермахттын курчоосунда калган. 25-мартта фашисттер бул аскердик бөлүктү талкалаганга аракеттенген. Бирок алардын ою ишке ашкан жок. Панфиловчулар туруштук берип, чабуулдун мизин кайтарып, курчоодон чыгышкан. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Панфиловдун 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын жоокери Асипа Исмаилова жана полктошу (аты-жөнү белгисиз) тууга таазим кылып жаткан учур. Фрунзе. 1981-жыл. Сүрөттүн автору Михаил Шлафштейн. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    1945-жылы 18-мартта Панфилов дивизиясы Латвиянын Курляндия аймагында вермахттын курчоосунда калган. 25-мартта фашисттер бул аскердик бөлүктү талкалаганга аракеттенген. Бирок алардын ою ишке ашкан жок. Панфиловчулар туруштук берип, чабуулдун мизин кайтарып, курчоодон чыгышкан. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.

  • Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 30-аткычтар полкунун снайпери Темирбай Гаипов үй-бүлөсү менен. Ош облусу, Баткен району, Рават совхозу. 1959-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Россиянын “Память народа” интернет-сайтынын маалыматына таянсак, 1944-жылы 16-18-мартта салгылаштын биринде Гаипов ротанын командиринин байланышчысы болуп, анын берген тапшырмаларын так аткарган. Ошол эле учурда мылтыгы менен 13 гитлерчини жок кылган. Анын ичинде бирөө офицер болчу. Жердешибиз бул салгылашта көрсөткөн каармандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 30-аткычтар полкунун снайпери Темирбай Гаипов үй-бүлөсү менен. Ош облусу, Баткен району, Рават совхозу. 1959-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    Россиянын “Память народа” интернет-сайтынын маалыматына таянсак, 1944-жылы 16-18-мартта салгылаштын биринде Гаипов ротанын командиринин байланышчысы болуп, анын берген тапшырмаларын так аткарган. Ошол эле учурда мылтыгы менен 13 гитлерчини жок кылган. Анын ичинде бирөө офицер болчу. Жердешибиз бул салгылашта көрсөткөн каармандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.

  • “Даңк” орденинин толук  III даражасынын кавалерлери Чынтемир Осмонов (сол жактан экинчи), Абдыкасым Карымшаков балдары менен. 1981-жыл, жай. Түп району, Күрмөнтү айылы. Илгиз Осмоновдун жеке архивинен.
Бул ордендин толук III даражасы менен согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 2 656 гана жоокер сыйланган. Анын арасында төрт аял бар.
    © Фото / Из личного архива Ильгизы Осмоновой

    “Даңк” орденинин толук III даражасынын кавалерлери Чынтемир Осмонов (сол жактан экинчи), Абдыкасым Карымшаков балдары менен. 1981-жыл, жай. Түп району, Күрмөнтү айылы. Илгиз Осмоновдун жеке архивинен.
    Бул ордендин толук III даражасы менен согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 2 656 гана жоокер сыйланган. Анын арасында төрт аял бар.

  • 150-аткычтар бригадасынын катардагы аскери (оң жактан биринчи) Т.Мусурманкулов. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    150-аткычтар бригадасынын катардагы аскери (оң жактан биринчи) Т.Мусурманкулов. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.

Белгилер:
Кыргызстан, СССР, дивизия, Аскер, Улуу Жеңиш, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема боюнча
Кыргызстандыктарды 5 өлкөнүн президенттери Жеңиш майрамы менен куттуктады
Марипов 99 жаштагы ардагерге жолугуп, Жеңиш күнү менен куттуктады. Сүрөт

Москванын Кызыл аянтында Жеңиш парады өтүүдө. Түз эфир

241
(жаңыланган 09:12 10.05.2021)
Москвадагы Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата парад өтүүдө. Буга чейин быйылкы парадга 12 миңден ашуун жоокер, аскердик техниканын 190 түрү катышары айтылган.

Алардын арасында тарыхый раритеттен сырткары, көптөрдүн кызыгуусу менен таңдануусун жараткан заманбап, кубаттуулары да бар.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки биринчи парад 1945-жылдын 24-июнунда Москвадагы Кызыл аянтта өткөн.

241
Белгилер:
Улуу Жеңиш, жеңиш, Жеңиш парады, видео, Кызыл Аянт, Москва
Тема боюнча
Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар
Акча алмаштыруучу жайдагы адам. Архив

Чет элдик валюталар арзандап, алтын кымбаттады. Күйүүчү май боюнча абал кандай

0
(жаңыланган 10:42 10.05.2021)
Sputnik редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып көрдү.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Бир катар валюталардын сомго карата наркы түшүп, алтындын баасы, тескерисинче, көтөрүлдү. Күйүүчү май мурдагы эле баада сатылууда.

Өткөн жума күнгө салыштырмалуу акча алмаштыруу жайларында доллар 14 (сатып алуу) жана 13 тыйынга (сатуу) арзандады. Еврону сатып алуу үчүн мурдагыдан 11 тыйынга азыраак төлөсөңүз, сатуу үчүн 8 тыйынга төмөнүрөөк баа коесуз. Рубль дагы арзандады, сатуу 0,1 тыйын, сатуу 0,4 тыйын болду. Теңгенин курсу билинер-билинбес төмөндөдү.

Ишемби күнкүгө салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы ошол бойдон.

"Роснефть":

  • АИ-92 — 49 сом;
  • АИ-95 — 51 сом;
  • Дизель майы — 45,2 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 48,9 сом;
  • АИ-95 — 50,9 сом;
  • Дизель майы — 44,9 сом.

Ал эми алтындын баасы бир топ жогорулады. Мисалы, бир грамм алтын 62,5 сомго кымбатыраак сатыла баштады. Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгарган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин.

0
Белгилер:
баа, алтын, доллар, бензин, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин айрым май куюу жайларында бензин кымбаттады
Кыргызстандын алтын кору бир айда 5 млрд. сомго азайып кетти