Путин Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчу болууга даяр

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Президенттин маалымат катчысы буга чейин эки мамлекеттин ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүсүнө Россия байкоо жүргүзүп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 30-апр.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүүгө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
"Бизди ар кыл форматтагы уюмдар башыбызды бириктирип турат, анын ичинде ЖККУ да бар. Мамлекеттердин арасында жаралган курч маселелерди жөнгө салууга президент Путин дайым даяр. Мамлекет башчы аны бир нече жолу далилдеген. Буга чейин эки өлкө ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшкөн. Азыр биз бул дипломатиялык ишке байкоо жүргүзүп жатабыз, чечимди колдойбуз",— деген Песков.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Мирзиёев Жапаров жана Рахмон менен сүйлөшүп, эки элди ынтымакка чакырды
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0