Россиянын Балтика флотунун кемелери. Архив

Россиянын деңиз флотундагы өсүш. Жеңиш күнүн утурлай ишке кирчү жаңы долбоорлор

59
(жаңыланган 10:31 02.05.2021)
Аскердик-деңиз флотун өнүктүрүү — дүйнөдө деңиз чек аралары эң узун болгон РФтин мамлекеттик артыкчылыктарынын бири.

Аскердик кеме куруунун туруктуу динамикасы деңиз жана океан багыттарындагы учурдун коркунучтарына толук жооп берет, россиялык Аскердик-деңиз флотунун сандык курамы, аскердик натыйжалуулук жана жогорку технологиялык куралдарынын жетиштүүлүгү боюнча дүйнөдө лидерлик позицияларын сактап калууга жол ачат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Россиянын ушул багыттагы жетишкендиктерине токтолгон.

Сериялык өндүрүшкө өтүү менен Россияда ири согуштук кемелерди куруу көлөмү өскөнү байкалат. 9-майга дейре өлкөдө алты жаңы аскердик кеменин, атап айтсак, "Севмаш" акционердик коомунда – "Борей-А" долбоорунун стратегиялык багыттагы суу түбүндөгү эки атомдук крейсери ("Дмитрий Донской" жана "Князь Потемкин"), "Адмиралтейские верфи" кеме куруу ишканасында – 636.3 долбооруна таандык "Можайск" жана "Якутск" дизель-электрдик кайыктарынын, Амур кеме куруу заводунда 20380 долбоорунун эки корветинин курулушу башталмакчы.

"Севмаш" ишканасында ушул тапта ар кандай даярдыктагы төрт стратегиялык субмарина турат. Алар "Борей-А" долбооруна таандык. Ошондой эле "Ясень-М" долбоорунун "Воронеж" жана "Владивосток" суу түбүндөгү көп буталуу атомдук кайыктарынын (бул долбоордун гипер үндүү ракеталарын ташуучуларынан сегиз бирдик чыгарылат) курулушу уланууда. "Хабаровск" субмаринасы жасалып, мындан сырткары, "Белгород" суу түбүндөгү атомдук крейсери сыналууда.

Эске салсак, 2020-жылы Россиянын Аскердик-деңиз флоту 40ка жакын аскердик жана тейлөөчү кемелер менен толукталган. Ошондой эле 955А "Борей" долбоорунун суу түбүндө жүрүүчү "Князь Владимир" стратегиялык ракета ташуучусу да, 636.3 долбоорунун "Петропавловск-Камчатский" (Тынч океан флоту үчүн) субмаринасы, 22350 долбоорунун биринчи сериялык – "Адмирал флота Касатонов" фрегаты жана 11711 долбооруна таандык "Петр Моргунов" десанттык кемеси (экөө тең Түндүк флот үчүн), 12700 долбоорунун минага каршы коргонуучу "Яков Баляев" жаңы кемеси (сериядагы бешинчи жана тынч океандык флот үчүн биринчи), 20385 долбоорунун "Гремящий" башкы корвети, "Алдар Цыденжапов" корвети, 22800 долбоорунун "Одинцово" чакан ракеталык кемеси катарга кошулат. Ал эми 2020-жылдын аягында ушул эле флоттун 636.3 долбоорунун үчүнчү жана төртүнчү "Варшавянкасынын" курулушу башталган.

"Борейлердин" багыты

Стратегиялык багыттагы "Дмитрий Донской" жана "Князь Потемкин" суу түбүндөгү ракеталык крейсерлер россиялык өзөктүк үчтүктүн деңиз курамын бекемдемекчи. Бул кемелер флотко 2026 жана 2027-жылдары өткөрүлөт.

"Борейлер" бортунда 8 миң чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу континенттер аралык "Булава" баллистикалык ракеталарын бортунда ташыйт. Мындай ракеталардын ар бири 150 килотоннага чейинки кубаттуулуктагы жеке мээлөөчү он чакты блокко ээ. РФтин суу түбүндөгү стратегиялык күчтөрүн жаңыртуу – өзөктүк ооздуктоо жана улуттук коопсуздукту камсыздоонун негизи.

Россиянын Аскердик-деңиз флотунун курамында үч стратегиялык "Борей" бар, атап айтсак, "Юрий Долгорукий", "Александр Невский" жана "Владимир Мономах". Алардын ар бири континенттер аралык 16 баллистикалык ракетага ээ. Сериянын кийинки кемелери мындан да көп ракета алышы ыктымал. РФ Коргоо министрлиги Аскердик-деңиз флотун дагы он "Борей" менен жабдууну пландаган.

"Варшавянкалардын" өзгөчө "мүнөзү"

"Варшавянкалар" тобунун суу түбүндө жүрүүчү дизель-электрдик кайыктарды өзгөчө купуялуулугу үчүн НАТОдо "Дүйнөлүк океандагы кара туюк" деп атап коюшат. Бул субмариналар жаңы инерциялык навигациялык комплекс, автоматташтырылган маалыматтык-тескөөчү тутум, кубаттуу торпедалык-ракеталык куралдар, анын ичинде таамай тийчү ракеталар менен куралданган. 636.3 долбоорунун суу түбүндө жүрүүчү кайыктардын сериялык курулушу да мыкты жолго коюлган. Заманбап "Варшавянкалар" суу түбүндөгү жана суу бетиндеги буталарын кыйратуу үчүн бортунда 18 торпеда жана 24 мина, эң негизгиси – "Калибр" канаттуу ракеталарын ташый алат. Military Watch басылмасы билдиргендей, "Варшавянкалардын" дарамети россиялык аймактык сууларды, өлкөнүн жээктерин ынанымдуу коргоого мүмкүндүк берет. Майнаптуулугу жагынан "өнөктөштөрүнүн" ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүнөн үч эсе артык. Алты россиялык "Варшавянка" Кара деңиздеги болжолдуу душмандын аракеттерин жана машыгууларын толук бөгөттөй алат.

Суу түбүндөгү абалда 636.3 долбоорунун субмаринасынын ылдамдыгы 20 узелге жетет.

Аракет радиусу (мөөнөтү) – 2000 миль. Автономдуулугу – 45 сутка. Суу түбүндөгү кайыктын көлөмү тайыз сууларда да жашырынууга мүмкүндүк берет. Сууга 300 метрге дейре сүңгүй алат. Күч орнотмолору жана 52 кишиден турган экипажы үчүн аба запасы "Варшавянка" ордунан жылбай 260 саатка чейин суу түбүндө турууга шарт түзөт. Булар натыйжалуу жана ынанымдуу аскердик техникалардан. Россиялык өндүрүштөгү 636 жана 636М долбоорлорунун субмариналарын чет элдик аскердик-деңиз күчтөрү тегин жерден сатып алышпаган чыгар. Кытай – 10 бирдик, Вьетнам – 6, Алжир 4 бирдик алган.

Кол тийгис корветтер

Россияда жакынкы деңиз аймактарынын 3-рангдагы кемелердин 20380, 20385 жана 20386 долбоорлору кызуу өнүгүүдө. Бул корветтердин сыйымдуулугу 2000 – 3000 тонна.

20385 жана 20386 долбоорлору – 20380дин алдыңкы жана татаал версиялары. 20385 долбоорунун "Редут" зениттик-ракеталык комплексинин курал топтому 12 ячейкадан 16га көбөйтүлгөн. Кемеге каршы Х-35 "Уран" ракеталары "Калибр-НК" комплексинин 8 ракетасына алмаштырылган. Болочокто кеме гипер үндүү "Циркон" ракеталары менен жабдылышы мүмкүн.

Кемеге каршы ракеталык комплексти 30 миллиметрлик эки АК-630М артиллериялык орнотмосу (мүнөтүнө 80 ирет 21 чакырымга чейинки ыраактыкка ок ата алат), "Кортик-М" зениттик ракеталык-артиллериялык комплекси жана көтөрүп жүрүүчү "Игла" ЗРКсы менен толукталмакчы. Торпедага каршы коргонуу тутуму "Пакет-НК" комплекси менен көрсөтүлгөн (330 миллиметрлик торпедалык аппараттарын касташкан тараптын суу бетиндеги кемелери жана суу түбүндөгү кайыктарына каршы пайдаланууга болот).

Корветтеги кайыктарды аныктоо жана жок кылуу үчүн палубалык Ка-27ПЛ тик учагы каралган. Бортунда ар кыл радиотехникалык куралдары да бар. 20380 долбоорунун кемелеринин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири кат-кат композициялык материалдардан "стелс" технологиясы боюнча жасалган үстүңкү бөлүгү. Ылдамдыгы 27 узелге жетет. Ыраактыгы – 3500 миль. Автономдуулугу – 15 сутка. Экипаж 99 кишиден турат.

Корветтер негизинен күзөтүшөт, мамлекеттин жакынкы деңиз аймагындагы душмандын кемелери жана субмариналары менен күрөшүү, жээктеги объектилерге ракеталык-артиллериялык сокку уруп, десанттык операцияларды коштойт. Мындай кемелер Балтика, Кара жана башка деңиздерде дайым керектелет. Бүгүн РФте армия жана флотто заманбап куралдардын үлүшү 70%дан ашат. Бул менен чектелип да калбасы анык.

Россиялык коргоо өнөр жай комплекси дүйнөдө теңдеши жок куралдарды чыгарууга жол ачкан, батыштагы куралдардан бир топ алдыга озгон илимий-техникалык революция жасады.

Заманбап көп полярдуу дүйнөдө жогорку технологиялык системалары Россияны чындап суверендүү жана жеңилгис кылат. Россиянын Аскердик-деңиз флотунун ыкчам стратегиялык бирикмелери – Түндүк, Тынч океан, Балтика жана Кара деңиз флоттору, ошондой эле Каспий флотилиясы аймактык тийиштүү багыттардагы улуттук деңиз саясатынын милдеттерин аткарат. РФ флотторунун сандык жана сапаттык курамы аймактык багытта Россияга жаралган коркунучтарга туруштук бере алчу деңгээлде кармалат.

59
Белгилер:
стратегия, Россия, кеме
Тема боюнча
Путин кайсы жерге кызыл чийин чийгенин Батыш жакшы билет
Кумшекер сатуу. Архив

Россияда кумшекер кымбаттай турганы айтылууда

55
(жаңыланган 11:18 17.05.2021)
Россиялык адистер быйыл кант кызылчасы кеч отургузулуп жаткандыктан жана жаан-чачындуу аба ырайынан улам шекердин баасы кымбатташы мүмкүн экенин божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Быйыл Россияда кумшекердин баасы кымбатташы мүмкүн. Буга кант кызылчасын себүү иштери кечеңдеп жатканы себеп экенин Айыл чарба министрлигине шилтеме берип "Коммерсантъ" басылмасы жазды.

"Түшүм кеч алынган соң анын так көлөмүн билгиче тиешелүү органдын белгилүү бир бааны коюп берүүсү кечеңдейт. Бул учурда баалар көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Учурда министрлик бааны кармап туруу боюнча аракет көрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Агрардык рынок конъюнктурасы институтунун башкы директору Дмитрий Рыльконун айтымында, өлкөнүн түштүгүндөгү салкын жана жаан-чачындуу аба ырайы түшүм алуу мөөнөтүн ого бетер кечеңдетип, бир айга ары жылдырып коюшу ыктымал. Мындан улам кант заводдорунда сырье тартыш болуп калмакчы.

Басылмага кант өндүрүүчү ири компаниялардын биринде иштеген маалымат булагынын билдиргенине караганда, Россияда шекердин баасы 2022-жылы өтө кымбаттайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан өзүн кант менен 56 пайыз пайызга гана камсыздайт. Андыктан чет өлкөлөрдөн бул азыкты импорттоп келүүгө аргасыз. Быйылкы жылдын январь айында Россиядан 1 421,7 тонна шекер алынган.

Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымын убактылуу алып турууну чечти. Жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Анын алкагында Кыргызстан 40 миң тонна кантты бажы алымысыз киргизе алат.

55
Белгилер:
баа, кант, Россия
Киши жумуртканы алып жатат. Архив

Диетолог жумуртканы эртең мененки тамакка колдонбой эле коюуга чакырды

105
Адис йогурт, смузинин деле эч кандай пайдасы жок экенин белгилеген. Алар өтө жеңил болгондуктан ашказанда көпкө кармалбайт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Диетолог Елена Кален арыктоо үчүн сунушталган айрым азыктар, тескерисинче, курсакты тез ачырарын эскертип, аларды санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, мындай азыктардын катарына кургатылган жемиш, жаңгак кошулган батончик кирет. Анын курамында кумшекер да бар. Батончик организмди азыктандырбай турганы кошумчаланды. Тескерисинче, андан кандагы канттын деңгээли дароо көтөрүлүп же дароо түшүп кетет. Мындан улам курсак бат ача берет.

Диетолог йогурт, смузинин деле эч кандай пайдасы жок экенин белгилеген. Алар өтө жеңил болгондуктан ашказанда көпкө кармалбайт. Адис "аларды эртең менен эмес башка маалда десерт катары жегиле" деген кеңешин берген.

Елена Кален эртең менен жумуртка жебей эле коюуну сунуштаган. Себеби жумуртканын белогу тез эле сиңип, адамдын курсагын тез ачырат. Анын айтымында, эртең менен организм көбүрөөк калорий керектейт. Ошол себептен адис жумуртканы кечки учурга калтырып, таңда анын ордуна адамды ток алып жүргөн азыктарды, алсак, тоок этинен жасалган тамактарды сунуштаган.

105
Белгилер:
жумуртка, азык, йогурт, диетолог
Тема боюнча
Дарыгер шишкебекти даярдоодо кайсы кошулмаларды пайдалануу кооптуу экенин айтты
Арыктоого 20 мүнөт кетет. Кышында топтолгон салмактан арылуунун жолу айтылды

Баары бир күчтүү экен. Арстан менен крокодилдин суу ичинде кармашкан видеосу

0
(жаңыланган 10:29 18.05.2021)
Ботсванадагы жаратылыш парктарынын биринде туристтер крокодил менен арстандын кармашына күбө болгон.

Эки арстан суу ичип, андан соң көлмөнүн ичинде сүзүп жүргөндө аларга алыстан байкоо салган башка жырткыч кол салууну чечкен. Видеодон жаныбарлар падышасынын кичүүсү алдыда, чоңураагы артта сууда кетип бара жатканын, ал эми бир нече метр аралыкта крокодил байкатпай сүзүп келгенин көрүүгө болот.

Жакындаганда илгиртпей тиштеп, көлмөнүн түбүн көздөй тартканы менен арстан күрүлдөгөн тейде кол салып, кичүүсүн сактап калган. Ал эми өзү крокодил менен алышып, суу алдында калган. Туристтер буга тынчсыздангандыгын, бирок бир нече убакыттан кийин окуя болгон жерден алысыраак аралыктан арстандын суудан чыкканын жазышкан.

0
Белгилер:
кармаш, турист, крокодил, арстан, жаратылыш
Тема боюнча
Аягына чейин турду. Крокодилдин оозунан суурулуп чыккан антилопанын видеосу