Россияда жаңы талаптар бекитилди. Мигранттар эмнени билиши зарыл

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСитуация у миграционного центра в Подмосковье
Ситуация у миграционного центра в Подмосковье - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Өкмөт мигранттардан ооруканада, полиция менен баарлашканда жана жумушка орношууда оюн түшүндүрө билүүсүн талап кылат.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиянын өкмөтү "Чет тили катары орус тилинен сынак тапшыруу үчүн зарыл болгон билимдин минималдуу деңгээлине, Россиянын тарыхына жана РФтин мыйзамдарынын негиздерине талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомду жарыялады.
Жумушка уруксат же патент алууну каалагандар чет тил катары орус тилинде төмөнкүлөрдү билиши керек:
  • социалдык, ошондой эле кесиптик жана социалдык-маданий чөйрөдөгү айрым кырдаалдарда (жумушка алуу, полиция менен байланышуу, клиникага баруу ж.б.) баарлашууну;
  • маектешинин сөзүндө же аудио билдирүүсүндө айтылган негизги маалыматты угуп-түшүнүү, анын темасын аныктай билүү;
  • социалдык-маданий же турмуш-тиричилик чөйрөдө жана айрым тармактарга (жумушка алуу, полиция менен байланышуу, клиникага баруу ж.б.) байланыштуу негизги мазмунду түшүнүү максатында тексттерди окуй билүү, тексттердин темасын аныктоо;
  • ушул түрдөгү анкеталарды, бланктарды жана башка документтерди толтура билүү, үлгү боюнча арыз жазуу (жумушка алуу ж.б.).
Россиянын тарыхы боюнча:
  • Тарыхтын орчундуу фактыларын жана окуяларын билүү;
  • Россиянын баш калаасынын жана ири шаарларынын аталышын билүү;
  • РФтин негизги мамлекеттик майрамдарын билүү.
Мыйзамдуулуктун негиздери жөнүндө:
  • РФтеги чет элдик жарандын негизги укугу, эркиндиги жана милдеттерин билүү;
  • Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн жана миграциялык каттоонун шарттарын;
  • административдик жоопкерчилик белгиленген миграциялык эреже бузуу (убактылуу жашоо мөөнөтүн бузуу, жумушка уруксаты жок же патентсиз иштөө, миграцияга каттоого турууда жалган маалыматтарды берүү);
  • миграциялык эрежелерди сактабагандыктын кесепеттери (депортациялоо, эскертүү, айып салуу, административдик жол менен чыгаруу, Россияга киргизбөө эрежелери).
Жаңылыктар түрмөгү
0