Спутник V вакцинасы. Архивдик сүрөт

"Спутник V" ЕБде кандай изилденүүдө. Россиядагы фонддун башчысынын пикири

52
(жаңыланган 17:20 04.06.2021)
"Спутник V" вакцинасын 4-марттан тарта акырындык менен ЕМА уюмунун экспертизасынан өткөрө баштаган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Дары-дармек боюнча европалык агенттик (ЕМА) COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын изилдеген учурда өндүрүш жагынан да, клиникалык жактан да сын-пикирлерди кездештирген эмес. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев Петербургдагы экономикалык эл аралык форумда айтканын РИА Новости жазды.

Ал уюмдун техникалык адистеринин кесипкөйлүк менен жасаган ишин белгилеген.

"Биз аталган агенттиктин техникалык бөлүмүнүн ишин өзүнчө бөлүп айтып жатабыз, азырынча алар кескин бир кемчиликтерди тапкан жок. Андан сырткары учурда "Спутник V" препаратына каршы жүрүп жаткан туура эмес маалыматтык кампаниянын алкагындагы саясий кептерди да белгилеп кетмекчибиз", — деген Дмитриев.

Анын айтымында, россиялык препаратты каттоо мөөнөтү агенттикке байланыштуу. Дмитриев иш ыргагы саясатташтырылбайт деген ишенимин да айтты.

Спутник Лайт вакцинасы. Архив
© Фото / gресс-служба НИИ эпидемиологии и микробиологии им. Н.Ф. Гамалеи
Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында "Спутник V" вакцинасын каттаган. COVID-19га каршы бул препаратты Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан. Аны 66 өлкөдө колдонууга уруксат берилген.

"Спутник V" адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Эки ирет эмдөөдө ар кыл эки вектор колдонулуп, ал узак мөөнөттүү иммунитетти берет.

Адистер 3,8 миллион россиялыкка сайылгандан кийин, анын майнаптуулугу 97,6 пайыз экендигин айтышты.

Вакцина 4-марттан тарта акырындык менен ЕМА уюмунун экспертизасынан өтө баштаган. Мындан мурдараак Россиядагы инспектордук текшерүүлөр аяктагандан кийин "Спутник V" препаратына коюлган баалар билдирилет деп ишенип турушканын айтышкан.

52
Тема:
"Спутник V" вакцинасы (122)
Тема боюнча
Бишкекте вакцина ала турчу жайлардын жаңы тизмеси
Министр: жакында Кыргызстанга 80 миң доза "Спутник V" келет
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды

68
Турнирге Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Көк бөрү улуттук федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

  • На Благовещенском поле города Сергиев Посад (Московская область, Россия) стартовал международный турнир по кок-бору на Кубок Чынгыза Айтматова
    Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды
    © Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
  • На Благовещенском поле города Сергиев Посад (Московская область, Россия) стартовал международный турнир по кок-бору на Кубок Чынгыза Айтматова
    Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.
    © Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
1 / 2
© Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурууда.

Мелдеш Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын эрежеси менен өтөрү айтылды.

Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматов атындагы кубок жана уюштуруу комитетинин белектери менен сыйланат. Ал эми катышуучуларга эстелик белек берилет.

68
Белгилер:
Көк бөрү, фестиваль, Россия
Тема боюнча
Кадыркулов: "Русский мир" фестивалына 12 улакчы барат
Шприцке вакцина алып жаткан медицина кызматкери. Архив

Россиядагы Гамалея борбору сентябрда балдар үчүн вакцина чыгарууну пландоодо

78
"Спутник V" вакцинасын ойлоп табуучулардын бири балдарды эмдөө күздө жүргүзүлөрүн айткан. Бирок кичинекейлер албай турганын белгилеген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург президент Владимир Путинге балдарды коронавирустан коргогон вакцина ушул жылы сентябрда иштелип чыгарын убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Гинцбург менен Путин Кремлде мамлекеттик сыйлыктар тапшырылгандан кийин жолуккан. Ага сыйлык "Спутник V" вакцинасын ойлоп табуучулардын бири катары тапшырылган. Ошол убакта президент балдар качан эмделип баштаарын сураган.

"1-сентябрь болбосо да 15-сентябрларда даяр болуп калат деп жатабыз. Бирок сентябрь ичи сөзсүз чыгып, каттоого алынат. Ага чейинки тиешелүү процедураларды тездетүүдөбүз", — деп жооп берген Гинцбург.

Ошол эле учурда препаратта балдардын жашына байланыштуу чектөөлөр болорун айткан. Тагыраагы, ымыркайларга дары сайылбайт.

78
Белгилер:
эмдөө, балдар, коронавирус, вакцина, Владимир Путин, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кытай 3 жаштан өйдө курактагы балдарды COVID-19га каршы эмдөөгө уруксат берди
Ала-Тоо аянты. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
14-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас облусунда +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +28...+33, Ысык-Көл аймагында +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаада +27...+29, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Ата шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Июндун аягында кыргызстандыктар жылдыз жааган түнгө күбө болот