ЖМК: Россиянын Коргонуу министрлиги вакцинаны сагыз түрүндө чыгарууга киришти

© AFP / PEDRO PARDOЗаводдо сагыз өндүрүү линиясынын жумушчусу. Архив
Заводдо сагыз өндүрүү линиясынын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Колдонуу үчүн ыңгайлуу формада чыгарылган препарат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жакшы натыйжа берет деген ишенич бар экени айтылды.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Россиянын Коргонуу министрлиги коронавируска каршы жаңы препарат даярдоого киришти. Ал сагыз түрүндө болмокчу. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды.
Агенттиктин маектеши иш № 48 Борбордук илимий-изилдөө институтунда жүрүп жатканын билдирген.
"Колдонуу үчүн ыңгайлуу формада чыгарылган препарат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жакшы натыйжа берет", — деген ал.
Белгилей кетсек, 2020-жылы Коргонуу министрлиги Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен биргеликте "Спутник V" вакцинасын чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0