Москвада вакцина алгандардын кайрадан COVID жуктурган учурлары катталууда

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЛечение больных с COVID-19 в резервном госпитале на ВДНХ
Лечение больных с COVID-19 в резервном госпитале на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
"Ухань" штаммын жуктурбай сактап калган иммунитеттин азыр каптап жаткан "Индия" штаммына туруштук бере албай калышы мүмкүн.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Москва шаарында коронавируска каршы вакцина алган кишилер COVID жуктуруп алган учурлар катталып жаткандыгын шаар башчысы Сергей Собянин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Мэрия "Индия" штаммына каршы туруу үчүн адамдын иммунитети абдан күчтүү болушу керектигин баса белгилеген. "Ухань" штаммын жуктурбай сактап калган иммунитет "индия" штаммына туруштук бере албай калышы мүмкүн" деген маанайда билдирүү кылды.
"Кытай штаммы менен ооругандар бүгүн кайра жуктуруп алышы мүмкүн. Андыктан биз мурда вакцина алгандардын ооруп калгандыгын байкап жатабыз. Алардын саны көп деп айта албайм, бирок кездешүүдө. Жакында эле эмделгендердин статусу, титри түшүп жатат. Андыктан кайрадан вакцина алууга туура келет окшойт", — деген Собянин "Россия 1" телеканалында сүйлөп жатып.
Москва шаарында коронавирустун жаңы штаммы тарап жаткандыктан кайрадан чектөөлөр киргизилген.
Мындан сырткары, "ковидсиз" ресторандарды ишке киргизүү тажрыйбасы башталды. Анда вакцина алган гана кишилер иштеп, ал эми келген кардарлар эмделгендигин көрсөткөн QR-кодду көрсөтүшү шарт.
Жаңылыктар түрмөгү
0