"Спутник Лайт" вакцинасынын алгачкы сериясы жалпы колдонууга чыкты

© Фото / Российский фонд прямых инвестиций (РФПИ)Медициналык кызматкер "Спутник Лайт" вакцинасы менен. Архив
Медициналык кызматкер Спутник Лайт вакцинасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Россия каттаган төртүнчү вакцина жалпы колдонууга чыкты. Буга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "Вектор" вакциналары сайылып келген.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россияда "Спутник Лайт" вакцинасынын биринчи сериясы жарандык жүгүртүүгө чыкканын РИА Новости саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого шилтеме берип жазды.
"Кечээ көзөмөл этабы аяктады, "Спутник Лайт" вакцинасынын биринчи сериясы өндүрүштөн жарандык колдонууга чыкты", — деген Мурашко.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
"Спутник V" вакцинасын айрымдарга жаш курагына карабай алууга уруксат берилди
Ал "Спутник Лайт" ооруп айыккандарды вакцинациялоого жана ревакцинация үчүн колдонуу пландалып жатканын кошумчалады.
"Июндун этегине чейин вакцинанын 2,5 миллион дозасы жарандык жүгүртүүгө чыгат, өндүрүмдүн көлөмү мындан да жогорулатылат", — деди Мурашко.
Учурда Россияда "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "Вектор" вакциналары колдонулуп келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0