Владимир Путин менен болгон түз эфирдин урунттуу учурлары

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин түз эфир учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин түз эфир учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Түз эфир 3 саат 42 мүнөткө созулуп, Путин 68 суроого жооп берди. Андан эмдөөдөн тарта эл аралык мамилелерге чейин сурашты.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бүгүн Россия президенти Владимир Путин түз эфирде өлкө жарандарынын суроолоруна жооп берди.
Төмөндө анын айткандарынын урунттуу учурларын беребиз:
  • Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнү тышкы башкарууга берип койду. Негизги маселелер Киевде эмес, Вашингтондо, кээде Берлин менен Парижде чечилет;
  • Россия президенти Владимир Путин британиялыктардын Крымдагы аракетин чагымчылык деп баалады. 23-июнь күнү Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Defender эсминецин аскер учактарын колдонуп токтоткон. Кеме Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн;
  • Чет элдик социалдык тармактарды Россия өз аймагында иштетпей койбойт. Бирок алар Россиянын мыйзамдарын тоготпогонуна тынчсызданат;
  • Путин качандыр бир кезде Россияны бул же тигил адам татыктуу башкара алат деп сунуш катары айтышы мүмкүн. Ал кишиге кеп-кеңеш берүүнү өз милдети катары эсептейт;
  • Путин Жо Байден менен жолугушуусун зарыл нерсе болчу дейт. Анткени Россиянын өнөктөштөрү бул өлкөнүн АКШны айрым позициялар боюнча артта калтырып келе жатканын билет. Ошол эле учурда АКШ өз “макамын” сактап калгысы келип, ортодо келишпестиктер чыгып жатат. Россия президенти АКШ менен мамиле жөнгө салынат деп үмүт кылат;
  • Россия АКШнын санкцияларына адаптациялашканды үйрөнүп жатат. Бирок эч качан өлкөгө зыян тийгизе турган жоопторду кайтарбайт. Ошондой эле АКШ башка өлкөлөр менен мамилесин өзгөртөт деп ишенет;
  • Россия Тоолуу Карабахтагы абалдын жөнгө салынышына салым кошту. Мындан ары ал кризистин болушун каалабайт;
  • Россиянын футбол боюнча курама командасынын Европа биринчилигиндеги ийгиликсиз аракеттеринен кийин көп нерсени өзгөртүү керектиги белгилүү болду;
  • Советтер Союзун кайрадан түзүү максатсыз нерсе. Буга айрым демографиялык процесстер жол бербейт.
Ошондой эле түз эфир учурунда коронавируска каршы вакцина тууралуу көп суроолор берилди. Путин эмдөөдөн өткөнүн айтып, вакцинанын пайдасы гана тиерин белгиледи.
Аягында кызыккан чыгармалары, мектептеги мугалимдери жана отставкага кеткенде эмне иш кылары тууралуу суроолорго жооп берди.
Түз эфир 3 саат 42 мүнөткө созулуп, мамлекет башчы 68 суроого жооп берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0