Москвадагы "Киргизия" кинотеатрынын реконструкциядан кийинки көрүнүшү. Видео

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүСтроительство новых домов в Москве
Строительство новых домов в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
"Киргизия" кинотеатры Москванын чыгышындагы Новогиреево аймагындагы Зеленый проспектисиде жайгашкан. Бул жерде биринчи кино 1972-жылы көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Москва шаарында көп функциялуу "Киргизия" коомдук борборунун ачылышы күтүлүүдө. Аны мурдагы ушундай эле аталыштагы кинотеатрдын ордуна курушкан.
Маданий жайдын качан ачылары тууралуу расмий айтыла элек. Бирок социалдык тармактарда мекендештер имаратка суктанып, видеолорду таратып жатышат.
Мындай кадрлардын бири Facebook тармагындагы "Две точки зрения" баракчасына жарыяланды. Анда автор жакшы кабар менен бөлүшүп жатат.
"Биз Кыргызстандан кете алабыз, бирок ал бизден эч качан кетпейт. Ал биздин жүрөгүбүздүн бир бөлүгүндө кала берет", — деди видеонун автору.
Ал эми өткөн аптада Россиянын "Москва" маалымат агенттиги "Киргизия" кинотеатрынын кайра курулушу боюнча видео жарыялаган.
Агенттик январь айында курулуш компаниясына шилтеме берип бул имарат ушул жылдын жаз айларында эшигин ачарын айткан эле.
"2021-жылы Москванын чыгышындагы Новогиреево аймагындагы "Киргизия" көп функциялуу имараты ачылат. Анда тамактануу жайлары дагы болот", — деп айтылган билдирүүдө.
Куруучу компания жаңы имаратта заманбап алты кинозал ачыларын, ошондой эле комплекстин ичинде кафе, фитнес-борбор, дүкөн, офис жана жер алдындагы машина токтотуучу жай болорун айткан.
"Киргизия" кинотеатры Москванын чыгышындагы Новогиреево аймагындагы Зеленый проспектиси, 81 дарегинде жайгашкан. Бул жерде биринчи кино 1972-жылы көрсөтүлгөн. 2000-жылдын башында имаратта казино иштеп, айрым бөлүгү кафе үчүн берилген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0