Медициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинасы менен

Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги

351
Гамалея атындагы институттун башкы илимий кызматкери Анатолий Альтштейн коронавируска дейре гендик-инженердик вакциналарды пайдалануудан кооптонуп келишсе, эми ушул тапта аларсыз жагдайды жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгилейт.

Пандемия басаңдап калышы үчүн канча адам эмделүүгө тийиш? Кайра эмдөө эмне үчүн зарыл? Бул вирусту качан жеңе алабыз? Sputnik агенттигинин ушул соболдоруна Гамалея атындагы институттун башкы илимий кызматкери Анатолий Альтштейн жооп берди.

Жапырт эмдөө

Россия – коронавируска каршы таасирдүү вакцинаны биринчилерден болуп чыгарган өлкөлөрдүн бири. Окумуштуу анткен менен РФте салыштырмалуу калктын азыраак бөлүгү гана эмделгенине кейийт.

"Москва бийлигинин аракети менен эмдөө кампаниясы алда канча натыйжалуу, ыкчам (мигранттар да эмделе баштады) өтүп жатканы менен жалпысынан Россияда вакцинация жаатында арттабыз. Анткени башка өлкөлөр калкынын 60 пайыздан ашуунун эмдөөгө жетишти. Биз 12-15 пайыздык деңгээлдебиз. Дүйнөдө вакцинация көлөмү эбегейсиз, эки жарым миллиардга чукул эмдөө жасалды", — дейт вирусолог. Анын айтымында, дүйнөдө мынчалык жапырт вакцинация эч качан болгон эмес.

Эмделгендер менен эмдөөгө каршылардын тиреши

"Менимче, чындык эмдөөнү жактагандар тарапта экенинде шек жок. Бул планета калкын 100 пайыз эмдөө керек дегенди туюндурбайт. Себеби көпчүлүгүн, атап айтканда, 12 жаштан кичинекейлерди, оор ноокастарды эмдөөгө болбойт эмеспи. Бирок калктын 60-65 пайызы, балким, 70 пайызы да эмделиши ыктымал. Алар вакцина сайдырууга тийиш", — деп эсептейт Альтштейн.

Профессор-вирусологдун пикиринде, кайра эмдөөдө эч кандай деле өзгөчөлүк жок, ал иммунитетти бекемдөө үчүн жасалат.

Башында жарым жылдан кийин кайра эмделүү керектиги тууралуу кеп жок эле, анткени ошол тушта вирус мынчалык агрессивдүү формага мутацияланган эмес деп түшүндүрөт вирусолог.

COVID-19дун "дельта" деп аталган индиялык штаммы "вакциналарга көп баш ийбегенин, вируска катуураак таасир этүү, анын жайылышын басаңдатуу үчүн иммунитетти күчтөндүрүү зарыл. Ошондуктан адамдар кайра эмделүүгө тийиш" экенин моюнга алат.

Жай турмушка кайтуу

"Адамзаттын тарыхында мындай апааттар аз эмес: чечек, кара тумоо, холера... Бирок ал заманда вакцина жок эле. 1796-жылдан тарта гана табигый чечекке каршы вакцина пайда болгон.

Ошол вакцинаны XIX-XX кылымдарда да пайдаланышкан. Акыры ошол туштагы адамдар биз санаган илдеттерди толугу менен жок кыла тургандай деңгээлде уюштурушкан. Ошентип азыр жер бетинде андай вирус жок болгон, аны кайдандыр бөлүп чыгаруу да мүмкүн эмес", — деп өткөндөн баян салат Альтштейн.

Ал түгүл 1980-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чечекти таба алган дарыгерге 50 миң доллар сыйлык берерин жарыялаган. Бирок эч кимге ыйгарылбай калган.

"1918-1919-жылдары адамзаттын жүрөгүнүн үшүн алган апаат – испан тумоосу ондогон миллион адамдын өмүрүн алып кеткен. Ага каршы эмдөөчү каражат жок, вирустун козгогучу да аныкталган эмес. Эки жыл аралыгында пандемия басаңдап, акырындап жоголгон. Ал эми COVID-19 да бир-эки жыл өткөндө басаңдайт. Бирок азыр мурда адамзаттын колунан келбеген аракеттерди көрүүгө мүмкүндүктөр бар. Алар – алгач жолу айлантууга кеңири коюлган гендик-инженердик вакциналар", — деди вирусолог.

Бул вакциналарды 1980-жылдардын башынан бери изилдеп келишкен. "Аларды пайдаланууга берүү абдан татаал эле, анткени вакцина иши абдан консервативдүү келет" деп түшүндүрөт окумуштуу. Бир типтеги вакцинанын ордуна башка тибин берүү кыйын.

"Мына биринчи ирет гендик инженерлерге шарт түзүлүп отурат. Алар бул эпидемия менен күрөштө бизге көмөктөшө турган абдан таасирдүү вакциналарды жасай алышты. 80-90-жылдары эксперименталдык ыкмалар жасалган, чакан көлөмдө болсо да иштер аткарылган. Африкада Эбола лихорадкасы башталганда биз алгач жолу гендик-инженердик вакциналарды пайдалана алган элек. Дал ушул вакциналар өтө таасирдүүлүгүн көрсөткөн. Россия бул вакциналарды жапырт эмдөө үчүн пайдалана алган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында экенине сыймыктанабыз", — дейт Альтштейн.

Жаңы калабабы?

COVID-19дун жаңы активдүү штаммы пайда болгон Индиядан башка бир инфекциянын — мукормикоз ("көк каптоо", "черная плесень") жайылып жатканы тууралуу маалыматтар келүүдө. Аталган илдет да бөлөк өлкөлөргө таралат деп чочулоого негиз барбы? "Мукормикоз" — бул грибок, азыраак патогендүү, адамдар ага чанда кабылат. Бирок коронавируска чалдыккан адамдар ал инфекциянын алдында алсыз. Бул грибоктук илдет — чындап эле абдан оор, өлүмгө жетелечү, коронавируска кошулса адамдын жанын алып тынган дарт", — дейт окумуштуу.

Бирок ошол эле убакта Альтштейн Россия жана ага жакын жайгашкан өлкөлөр үчүн бул кесел дээрлик коркунуч туудурбайт, себеби анын очогу – Индия. Азырынча аталган мамлекеттин чегинен чыга элек.

Мындан тышкары, бул медицина туруштук бере албай тургандай грибоктук инфекция эмес. Россиялык "Спутник V" вакцинасы коронавируска каршы туруу учурунда мукормикозго кабылуу мүмкүндүгүн азайтып, адамдарды өлүмдөн сактайт.

351
Белгилер:
Анатолий Альтштейн, окумуштуулар, эмдөө, дарт, эпидемия, коронавирус, мутация, вакцина, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1488)
Тема боюнча
Соңку суткада 3000ден ашык кишиден чыкты. Казакстанда да COVID көбөйүүдө
Бишкекте эмдөө жайлары ачыла турган соода борборлору. Тизме
Россия президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда. Архивдик сүрөт

Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады

141
Путин коңшу эки мамлекеттин президенттери менен Афганистандагы кооптуу абалдын Борбор Азияга тийгизе турган таасирин, биргелешип иш алып баруу зарылдыгын сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан жана Казакстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу Афганистандагы азыркы абалды талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Телефон менен сүйлөшүү учурунда Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. Эки жетекчи орус-өзбек мамилелерин жана коронавирустун жайылып кетишине каршы күрөшүү жолдорун сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, эки президент аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинен Афганистандагы абалды талкуулаган.

Бүгүн Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 64 жашка чыкты.  

Ушул эле күнү Путин Касым-Жоомарт Токаев экөө телефон аркылуу сүйлөшүп, афган көйгөйүн жана анын Борбор Азия мамлекеттерине тийчү таасири тууралуу кеп кылгандыгы Казакстан президентинин сайтында маалымдалды. 

"Андан сырткары эки өлкөнүн жана аймактын башка мамлекеттеринин биргелешкен иш-аракеттери региондогу социалдык-экономикалык ийгиликтүү өнүгүүнү камсыздай турганы белгиленди", — деп айтылган маалыматта.   

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин кагылышуусу жүрүп жатат. Экинчи тараптагылар аталган өлкөнүн айыл жергесиндеги бир топ райондорунун аймагын басып алып, ири шаарларга тап коюшууда. Афганистандагы туруктуулук АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин аскерлерин алып чыгып кетерин билдиргенден кийин жок боло баштады.

Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Андрей Руденко жакында РИА Новостиге берген маегинде Афганистанда азыр жүрүп жаткан процесс Борбор Азияга түздөн-түз кооптуулук жаратат деген пикирин билдирген. 

141
Белгилер:
куттуктоо, туулган күн, Шавкат Мирзиеев, Владимир Путин, Өзбекстан, Россия
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Тажикстан Афганистандан 100 миң качкын кабыл алууга даяр экенин айтууда
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар

Балбан 1,5 тонналык тик учакты жердеги темири менен кошо көтөрдү. Видео

196
(жаңыланган 17:26 24.07.2021)
Пауэрлифтинг жана армрестлинг боюнча чебер, "Россиядагы эң күчтүү адам" наамынын ээси Эльбрус Нигматуллин 1476 килограммдык тик учакты жана жердеги платформасын көтөрүп кеткен. Таңгалдырган бул көрүнүш менен ал рекорд койгон.

Россиянын Экстремалдуу күчтөр федерациясы бул дүйнөдө теңдеши жок өзгөчө көрүнүш экендигин айтканын "Башинформ" агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Russian Strongman Federation (@strongmanrussia)

Нигматуллиндин айтымында, мындай маанилүү ишке беш ай даярданган. Кадимки эле тренажерлорду колдонгон, атайын жасалган тик учак менен платформасын да көтөрүп көргөн.

"Ойлогонум орундалды. Конуп жаткан тик учакты көтөрүп, рекорд коюлган соң техника кайра учуп кеткидей кылып пландаштырганбыз", — деп айтып берди спортчу.

Балбан Нигматуллин бул рекордун Токидогу Олимпиадага кеткен Россиянын курама командасына жана дагы бир-эки иш-чарага арнагандыгын айтты.

196
Белгилер:
рекорд, тик учак, балбан, Башкырстан, Россия
Тема боюнча
Канадалык жети жашар кыз 80 килограммдык штанга көтөрүп таң калтырды. Видео
Медициналык кызматкер ооруканада бейтап менен. Архиа

Коронавирус дагы 12 кишинин өмүрүн алды. 26-июлдун статистикасы

0
(жаңыланган 09:45 26.07.2021)
Соңку статистикалык маалыматтарды кошкондо пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 261ге жетти.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан 12 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Өлүм катталган аймактар:

  • Бишкек шаары – 8;
  • Чүй облусу – 4.

Соңку статистикалык маалыматтарды кошкондо пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 261ге жетти.

0
Белгилер:
өлүм, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот 
Коронавирус адамды бат карытат. Процессти кантип жайлатуу керек