COVID-19 каршы Спутник V вакцинасы. Архив

Москвада "Спутник V" вакцинасы өспүрүмдөр үчүн сынала баштады

149
(жаңыланган 17:03 05.07.2021)
Эмдөө "Спутник V" вакцинасы менен жүргүзүлүп, балдарга колдонулчу дозасы чоңдордукунан алда канча аз болот.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Москва Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен биргеликте "Спутник V" вакцинасын 12-17 жаштагы өспүрүмдөргө пайдалануу боюнча клиникалык изилдөөсүн баштады. Бул тууралуу калаа жетекчисинин социалдык өнүктүрүү боюнча орун басары Анастасия Раковага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Сыноонун биринчи жана экинчи фазалары Морозов жана Башляева атындагы балдар ооруканаларында өтөт.

"Бул үчүн пландалган 100 киши чогулду. Бүгүн ыктыярчылардын биринчи тобу медициналык кароодон өтө баштады. Анын алкагында катышуучулардан ПЦР-тест алынат", — деди мэрдин орун басары.

Эмдөө "Спутник V" вакцинасы менен жүргүзүлүп, балдарга колдонулчу дозасы чоңдордукунан алда канча аз болот. Изилдөө бир жылга созулмакчы. Бул аралыкта балдар ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

"Вакцинанын биринчи жана экинчи компоненти сайылгандан кийин балдар үч сутка бою стационарда обочолонгон блокто каралат. Бул аралыкта дарыгерлер алардын абалын байкашат. Кийин алар дагы бир нече жолу ооруканага келип, анализ тапшырышы керек", — деп айтылат кабарда.

Балдар мобилдик тиркеме аркылуу өздөрүнүн абалы тууралуу күндөлүк жазышат. Медиктер ошол маалыматтар аркылуу балдардын абалын көзөмөлдөшөт.

Изилдөөгө мурда коронавируска кабылбаган, препаратка каршы көрсөтмөсү жок жана дени сак балдар катышат. Акыркы эки аптанын ичинде курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган жана акыркы 30 күн ичинде башка вакцина алган адамдар эмделе албайт.

Изилдөөнүн үчүнчү фазасы Москвадагы балдар бейтапканаларында жүргүзүлөт. Ага катышчу 250 бала ушул жылдын жай айларынын аягында чогултула баштайт. Анын жыйынтыгы менен балдарды COVID-19га каршы эмдөө программасына киргизүү же киргизбөө чечими кабыл алынат.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында "Спутник V" вакцинасын каттаган. COVID-19га каршы бул препаратты Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан.

"Спутник V" адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Эки ирет эмдөөдө ар кыл эки вектор колдонулуп, ал узак мөөнөттүү иммунитетти берет. Препарат менен эмделген 3,8 миллион кишини текшергенден кийин вакцинанын эффективдүүлүгү 97,6 пайызга чейин жетери аныкталган.

149
Белгилер:
изилдөө, өспүрүм, вакцина, Спутник V, Россия
Тема:
"Спутник V" вакцинасы (134)
Тема боюнча
Пульмонолог COVID менен натыйжалуу күрөшүү үчүн мэрияга бир нече сунуш киргизди
COVID: кайсы учурда ПЦР-тест жаңылышы мүмкүн

Балбан 1,5 тонналык тик учакты жердеги темири менен кошо көтөрдү. Видео

83
(жаңыланган 17:26 24.07.2021)
Пауэрлифтинг жана армрестлинг боюнча чебер, "Россиядагы эң күчтүү адам" наамынын ээси Эльбрус Нигматуллин 1476 килограммдык тик учакты жана жердеги платформасын көтөрүп кеткен. Таңгалдырган бул көрүнүш менен ал рекорд койгон.

Россиянын Экстремалдуу күчтөр федерациясы бул дүйнөдө теңдеши жок өзгөчө көрүнүш экендигин айтканын "Башинформ" агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Russian Strongman Federation (@strongmanrussia)

Нигматуллиндин айтымында, мындай маанилүү ишке беш ай даярданган. Кадимки эле тренажерлорду колдонгон, атайын жасалган тик учак менен платформасын да көтөрүп көргөн.

"Ойлогонум орундалды. Конуп жаткан тик учакты көтөрүп, рекорд коюлган соң техника кайра учуп кеткидей кылып пландаштырганбыз", — деп айтып берди спортчу.

Балбан Нигматуллин бул рекордун Токидогу Олимпиадага кеткен Россиянын курама командасына жана дагы бир-эки иш-чарага арнагандыгын айтты.

83
Белгилер:
рекорд, тик учак, балбан, Башкырстан, Россия
Тема боюнча
Канадалык жети жашар кыз 80 килограммдык штанга көтөрүп таң калтырды. Видео
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архивдик сүрөт

РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү

95
(жаңыланган 13:25 24.07.2021)
Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Кыргызстан жарандары өлкөдөн массалык түрдө чыгарылып жатат деген маалыматты четке кагып, абалды түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун кыргызстандыктардын Россиядан массалык түрдө депортация кылынып жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү.

"Россиянын аймагында камактан бошотулган, ошондой эле алардын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк адамдарды кошпогондо, Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө депортациялоо фактысы катталган эмес. Ал эми 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик быйылкы жылдын июль айында Россиянын бардык региондорунан канча кыргызстандык чыгарылганы тууралуу маалымат берди.

"Ар кандай себептер менен Кыргызстандын 18 жараны чыгарылган. Ушул тапта Москва облусунун Сахарово айылындагы Чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу борбордо тогуз жаран кармалып турат. Алардын бешөө РФтин  мыйзамдарына ылайык 25-июлда, калгандары август айынын башында жөнөтүлөт", — дешти элчиликтен.

Ошону менен бирге дипломатиялык өкүлчүлүк 12-июлдагы "Кузьминки" метросунда болгон окуя боюнча маалымат берди. Учурда административдик жаза боюнча камакка алынган кишилерди кармоочу жайда Кыргызстандын 65 жараны бар.

Элчиликтен түшүндүргөндөй, Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, 15 күнгө камаган.

95
Белгилер:
маалымат, элчилик, депутат, депортация, жаран, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Сот Москвадагы мушташка катышкан дагы 42 адамды жазага тартты
Индияда басылбаган жаандын кесепети

Индияда басылбаган жаан менен жер көчкүдөн 138 киши каза болду

0
Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза болгондордун саны бери дегенде 138ге жетти. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, жер көчкү жүргөндүктөн 138 жергиликтүү жаран каза тапты. Мындан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда.

Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Басылбаган жаандан улам электр энергиясы менен таза суу шаардыктарга берилбей калды.

0
Белгилер:
жаан, өлүм, жаратылыш, Индия