Ковивак COVID-19 каршы вакцинасын өндүрүү учурунда лабораториянын кызматкерлери

"КовиВак": коронавируска каршы вакцинанын өзгөчөлүктөрү

1822
COVID-19дун алдын алуу үчүн "КовиВак" вакцинасы көбөйүүгө жана жугууга жөндөмсүз, бирок иммунитетти ынанымдуу түрдө түптөй алчу өлүү коронавирустан жасалат.

Бул – ондогон жылдар аралыгында сыналган технологиялык платформа. Анын жардамы менен полиомиелитке каршы вакцина даярдалат. "КовиВак" быйыл февралда катталып, миллион ченем жарандык айлантууга чыгарылган.

Бул вакцина эмнеден турат, аны кайдан табууга болот? Кимдерге туура келбейт, кандай кыйыр таасири бар? Булар туурасында кеңири баяндалган макала РИА Новости сайтына жарыяланган.

"КовиВак" вакцинасынын курамы

Былтыр март-апрелде Россия илимдер академиясынын Иммунобиологиялык препараттарды изилдөө жана иштеп чыгуучу М.П.Чумаков атындагы федералдык илимий борборунун окумуштуулары РФтеги "Коммунарка" ооруканасындагы алгачкы бейтаптардын биоматериалдарынан SARS-CoV-2 коронавирусунун РНКсын бөлүп алышты.

Геномдорду ошол убакта белгилүү болгон ухандык үлгүлөр менен салыштырып, вирустун россиялык кыртыштагы эволюциясына байкоо салышкан. Алынган вирустар Vero клеткалык топтому өстүрүлүп, AYDAR-1 штаммы алынган. Дал ошол "КовиВак" вакцинасынын негизин түзөт.

Vero клеткалык топтому өстүрүлүп, андан AYDAR-1 штаммы алынат. Вирустун чели химиялык жол менен өлтүрүлүп, РНКсы активсиздештирилет. Андан кийинки эң жооптуу баскыч – тазаланышы. Жыйынтыгында вирустук белоктордун активдүү эмес бүтүн-вириондук бөлүк жана фрагменттери гана калат. Коргоочу антителолорду түзүүгө зарыл болгон үстүңкү тикендүү белоктору сакталганы маанилүү.

"КовиВактын" таасир этүүчү заттары жардамчы молекулалар, анын ичинде иммундук жооптуу күчтөндүрүүчү алюминий гидроксиди бар буфердик эритмеде. Вакцина антибиотик жана консерванттарды камтыбайт.

Таасир этиши жана башка вакциналардан айырмасы

"КовиВактын" ченеми сайылган жерге иммундук клеткалар тартылат. Алар өлтүрүлгөн вирустук бөлүктөрдү кас катары көрүп, күрөшө баштайт. Организмдеги ошол процесстердин натыйжасында канда коргоочу антителолор синтезделет.

Реалдуу коронавирустук инфекция менен кездешкенде бул антителолор аны дароо жок кыла баштайт. "Спутник V" вакцинасындагыдай анча байкалбашы ыктымал, бирок "КовиВак" да т-клеткалык иммунитетти жаратат. "Спутник V" жана "ЭпиВакКорона" вакциналарына караганда "КовиВак" коронавирустун бүтүн бөлүкчөлөрүнөн жасалат. Ошентип, организм активсиз болбосо да реалдуу вирустун чакан дозасында машыгат. Ушундай учурда толук кандуу антителолук жооп түптөлөт.

Вакцина алууга камылга

Эмдөөгө жакшы абалда, өнөкөт илдеттер басаңдаган (ремиссия) убакта баруу абзел. "КовиВак" вакцинасы 18-60 жаштагы адамдарга ковиддин алдын алуу үчүн туура келет. РФ Саламаттык сактоо министрлигинин нускамасына ылайык, эмдөө алдында антителону текшертүүнүн зарылдыгы жок. ПЧР-анализди ковиддин белгилери байкалганда же COVID-19 тастыкталган адам менен соңку эки аптада байланышкан учурда гана тапшырууга болот.

Иммундук тутум функциясын басып кое турган препараттарды вакцинанын таасирдүүлүгүн төмөндөтпөө үчүн эмдөөгө чейин жана андан кийин бир ай ичүүгө болбойт.

"КовиВак" менен эмдөө кандай жасалат?

Эмдөө алдында врачка көрүнүү, дене табын өлчөтүү, эпидемиологиялык анамнезди топтоо, сатурацияны ченетүү, тамакты текшертүү шарт. Мунун баары эмдөө жакпай калган учурларды болтурбаш үчүн жасалат.

Медициналык кызматкер вакцинанын мүмкүн болгон кыйыр таасирлерин айтып, процедураны жүргүзүүгө ыктыярдуу макулдук баракчасын толтурууга жардамдашат.

Суспензия түрүндөгү "КовиВак" препараты бир ченемдик ампулага салынып жана 0,5 миллилитрлик жана беш ченемге чейинки флакондорго куюлган. Ал эки-алты градустук температурадагы муздаткычта сакталгандыктан, эритүү талап кылынбайт. Ийне ийиндин үстүңкү үчүнчү бөлүгүнө сайылат.

Эмдөөдөн соң эмне кылууга болбойт?

Ийне сайылгандан кийин эмдөөчү кабинетинин жанында медициналык кызматкерлердин байкоосунда жарым саат отуруп туруу зарыл. Бардык эмдөөлөр үчүн ушул жалпы эреже сакталышы шарт.

РФ Саламаттык сактоо министрлигинин кеңештерине ылайык, вакцина сайылгандан кийин үч күн мончо, саунага барбай, алкоголь ичпей, спорт менен катуу машыкпай турган оң.

Үч күн ийне сайылган жерге суу тийгизбей туруу боюнча врачтардын пикири эки ача. Мисалы, дарыгер Александр Мясников бул талап эскиргенин белгилейт. "КовиВак" менен эмдөөдөн соң обочолонуунун кереги жок, анткени препарат тирүү вирусту камтыбайт, айланадагыларга жукпайт.

Эмдөө аралыгындагы мезгил

"КовиВак" эки ирет 14 күн өткөрүп сайылат. Эки эмдөөнүн тең курамы жана ченеми бирдей. Вакцинаны иштеп чыккандар алдыда бул аралыкты 21 күнгө чейин узартылышы мүмкүн экенин белгилешет.

Коронавируска каршы антителолор качан калыптанат?

Чумаков борборунун жалпы вирусология бөлүмүнүн башчысы Георгий Игнатьев 29-июндагы Россия илимдер академиясынын президиумунда "КовиВактын" майнаптуулугу жана кооптуулугунан кеп салды. Клиникага чейинки баскычта иммундук жооп чычкан жана приматтарда байкалган. Вакцинанын иммунологиялык таасирдүүлүгү бир нече медициналык борборлордо клиникалык байкоолордун I-II фазаларында изилденген. Жетинчи күн дегенде ыктыярчыларда вирусту жок кылуучу антителолор, алгачкы ченем сайылган соң 42 күн өткөндө "КовиВак" менен эмделгендердин 85,7 пайызында иммундук жооп түзүлгөн.

"КовиВактын" кыйыр таасирлери

Жаныбарларга жасалган клиникага чейинки изилдөөлөр "КовиВак" уулуу эмес, коопсуз экенин тастыктаган. Препарат сайылган жериндеги да, системдүү да реакция, терс невралгиялык таасир жаратпайт.

Препараттын нускамасына ылайык эмдөөдөн соң кыйыр таасирлери үч суткага дейре созулушу мүмкүн. Көбүнесе ийне сайылган жер ооруксунтуп, калыңдаганы, ошондой эле баш ооруп, кыска убакытка дене табы жогорулашы ыктымал. Аллергиялык реакциялар, бездердин чоңоюшу менен да коштолуп, анан да иммунитеттин чыңалышынан улам эмдөөдөн соң курч респиратордук вирустук инфекция да кошулушу мүмкүн.

Таасиринин узактыгы

"КовиВак" коронавирустан канча убакыт коргой алары белгисиз. Муну 30 миң ыктыярчыга жүргүзүлгөн клиникалык сыноолордун үчүнчү фазасында гана изилденет. Чумаков борборунун башкы директору Айдар Ишмухаметов иммунитет сегиз айга жетерин маалымдаган.

Эмдөөгө болбогон учурлар

"КовиВак" вакцинасын 18 жаштан кичүүлөргө жана 60 жаштан улууларга, кош бойлуу жана бала эмизген энелерге саюуга болбойт. Ошондой эле онкопатология, өпкөнүн өнөкөт оорулары, аллергиялык абалда болгондорго бул вакцина жакпайт.

"КовиВак" мурда кайсы бир вакцинага оор аллергиялык, маселен, анафилактикалык шок, Квинке шишиги өңдүү реакциясы болгондорго сайылбайт. Курч калтырак баскан, жугуштуу оорулар, өнөкөт оорулар күчөгөн тушта эмдөө убактысы жылдырылат. Кылдаттыкты, дарыялоочу врач менен пайда/тобокелдиктерин баалоо үчүн кеңешүүнү талап кылган да бир катар дарттар бар.

"КовиВак" менен эмделгендердин пикирлери

Былтыр декабрдын аягында РФтин мурдагы башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко "КовиВак" менен эмделгенин билдирген. Бул тандоосун ал иммундук тутум бүтүн коронавируска антителолорду иштеп чыгары менен түшүндүргөн.

Telegram каналында "КовиВак" менен эмделгендердин элдик отчёттору жарыяланган топ түзүлгөн. Анын катышуучулары он миңден ашуун. Аны менен эмделгендер алы кетип, башы айланып, уйку басып, дене кычышып, бир аз кыңкыстап, ийне сайылган жер оорутуп, бир аз эти ысыйт.

"КовиВак" менен кайдан эмделүүгө болот?

РФтеги медициналык мекемелердин көпчүлүгүнө эмдөөгө жазылууда Россияда катталган үч препараттын бирин тандоого болот. Москвада "КовиВак" беш жерде, атап айтканда, шаардык № 99, 94, 143, 7, 42 балдар бейтапканаларында бар.

"КовиВак" Россиянын көп аймактарына чектелген көлөмдө жеткирилгендиктен тез түгөнүп калууда. Июндун аягына дейре дагы миллион ченем чыгарылат. Бул вакцинанын кайда бар экенин аймактык саламаттык сактоо органдарынан тактап алууга болот.

1822
Белгилер:
КовиВак, вакцина, Россия, борбор, медицина, коронавирус, эмдөө, өзгөчөлүк
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1498)
Тема боюнча
Жакында коронавирустун очогуна айланат делген өлкө аталды
Ууланасың! Адис вакцина алган адам ичимдик ичип алса эмне болорун айтты

1 500 аскер катышууда. Россия менен Өзбекстандын аскердик машыгуусу видеодо

63
Россия менен Өзбекстан коңшу өлкөнүн Термез шаарындагы полигонунда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жатат.

Видеону Россиянын Коргоо министрлиги жүктөдү.

Күжүрмөн окуунун алкагында атайын даярдыктагы бөлүктөр Ми-171 жана Н-215 тик учактарынан секирип түшүп, "куралдуу топторду жок кылышты". Ошондой эле аскерлер 15 чакырымга жүрүш жасап, жолдо катар татаал сыноолордон өттү.

Машыгууга эки тараптан кеминде 1 500 миңдей аскер катышууда.

63
Белгилер:
Россия, Өзбекстан, Аскер, машыгуу, видео
Тема боюнча
Афганистанга жакын аймакта Тажикстан, Россия, Өзбекстандын машыгуусу башталды
Алтайдагы Катунь дарыясы. Архив

Алтайда 25 жаштагы кыргызстандык жигит дарыяга чөгүп каза болду

62
(жаңыланган 19:49 05.08.2021)
Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте жаранды издеп таба албай коюшкан. 10 күндөн кийин сөөгүн туристтер көрүп калган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алтайда инструктор болуп иштеп жүргөн 25 жаштагы кыргызстандык жигит Катунь дарыясында сүзүп жүрүп чөгүп кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулдугу билдирди.

Окуя 20-июлда Тельдекпень-2 аймагында болгон. Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте издеп таба албай коюшкан.

"30-июлда туристтердин бири Катунь дарыясынын Еланда аймагынан кыргызстандык М.С. аттуу жарандын сөөгүн көрүп полицияга кабарлаган. Кыргыз диаспорасынын көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга 4-августта жиберилди. Жол чыгымдары үчүн Башкы консулдук тарабынан 70 миң рубль өлчөмүндө мамлекеттик компенсация төлөндү", — деп жазылат маалыматта.

Башкы консулдук окуянын иликтенишин көзөмөлүнө алганы белгиленди. Аны менен катар Россиянын ТИМинин Барнаулдагы өкүлчүлүгүнө, тергөө жана көзөмөл органдарынын жетекчилигине тергөө ишин көзөмөлгө алууну сурап кайрылуу жиберген.

62
Белгилер:
Алтай крайы, Кыргызстан, өлүм, дарыя, сөөк, жеткирүү
Тема боюнча
Экинчи ирет киргенде тапкан. Караколдо милиционер чөккөн өспүрүмдү куткарып калды
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

0
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды