Тажик чек арачылары. Архивдик сүрөт

Лавров: тажик-афган чек арасында россиялык базанын кызматын колдонушубуз мүмкүн

156
(жаңыланган 00:13 08.07.2021)
ЖККУ катчылыгынын өкүлдөрү тажик-афган чек арасындагы абал менен таанышты. Россия лидери Путин президенттер Рахмон жана Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россия Афганистандагы кырдаалга байланыштуу өнөктөш мамлекетти коргоо үчүн Тажикстандагы 201-аскердик базасынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, кол кабыш кылууга даяр. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Министр бул тууралуу Лаостогу сапарында айтты.

"Биз өнөктөштөрүбүзгө каршы агрессияга жол бербөө үчүн колдон келген аракеттерди кылабыз. Анын ичинде Тажикстандын чек арасындагы аскердик базанын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга даярбыз", — деди Лавров.

Анын айтымында, президент Владимир Путин Тажикстан жана Өзбекстандын жетекчилери менен кырдаал тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери менен да пикир алышууда.

Лавров белгилегендей, Россия Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында өз милдеттерин аткарат. Ал эми уюмдун катчылыгынын мүчөлөрү чек ара аймагында болуп келишти.

"Москва Афганистандагы абалга көз салып, кырдаал курчуп бара жатканын түшүнүп турат. Буга АКШ жана НАТО аскерлеринин шашылыш түрдө чыгарылышы дагы бир жагынан себеп болууда", — деди Лавров.

Ал ортодо Тажикстандагы Россия аскерлери С-300 ракеталык комплекстеринин даярдыктарын текшерип көргөнү айтылат.

Эске салсак, АКШ Афганистандагы аскердик күчүнүн 90 пайызын чыгарып кеткен. Ошол эле учурда Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат. Ушул тапта талибдер аймактын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда. БУУнун маалыматына караганда, алар 370 райондун 50сүн ээлеп алышкан. Тажикстан менен чек аранын 70 пайызын ээлеп турганын да айтылууда.

Ал ортодо Афганистандагы саясий абалды жөнгө салуу боюнча Катар мамлекетинде өтүп жаткан эки тараптын ортосундагы сүйлөшүлөр токтоп калды. 18 жылга созулган согуштан кийин 2020-жылы Доха шаарында кол коюлган келишимге ылайык өлкөдөн чет элдик аскерлер чыгарылып, туткундагыларды алмашууга шарт түзмөк.

156
Белгилер:
келишим, Сергей Лавров, Тажикстан, Афганистан, Россия
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (48)
Тема боюнча
АКШ Афганистан боюнча тажик жана өзбек бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Афганистан: элдешкис талибдер, аскер качкындар, Пакистан менен Түркиянын көлөкөсү
АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кеткенин кабарлады
Ил-96 учагы. Архив

Россияда өзөктүк куралдардын согушу болуп кетсе колдоно турган учак жасалат

166
Бул аба техникасы мамлекеттин башында тургандарды эвакуация кылганга, жердеги жана спутниктик инфраструктура иштен чыгып калганда аскерлерди башкарууга керек болот.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Воронеж шаарында Ил-96-400М лайнеринин базасында өзөктүк куралдардын согушу болуп кетсе аларды башкара турган учакты жасоо иши башталды. Бул тууралуу Sputnik радиосу РИА Новостиге таянып жазды.

Аталган агенттик бул кабарды коргонуу-өнөр жай комплексиндеги маалымат булактарынан алган. 

"Кыямат күндүн учагы" деп аталган аба техникалары жүргүнчү ташыган Ил-86нын базасында куралган кадимки Ил-80 учактарын алмаштырарын айткан. Ил-96-400М деп аталган жаңы лайнерлер азыркыларына салыштырмалуу эки эсе алыс аралыкка уча алат. Аскерлер абадан команда берүүчү эки пунктуга ээ болот. Долбоордун "Звено-3С" деп аталары белгилүү болду.

Анын радиокомплекси алты миң чакырым радиуста туруп учактан жердеги жана суу алдында коё берилүүчү түзүлүштөргө буйрук бергенге мүмкүнчүлүк жаратат. 

Бул аба техникасы мамлекеттин башында тургандарды эвакуация кылганга, жердеги жана спутниктик инфраструктура иштен чыгып калганда аскерлерди башкарууга керек болору айтылды.

166
Белгилер:
учак, согуш, өзөктүк курал, Россия
Тема боюнча
Батышка тынчтык берчүдөй эмес. Россиянын Аскер-деңиз флотундагы жылыштар
Россиянын Checkmate истребителинин презентациясы болду. Видео
Москва районундагы миграция борбору жанында киши. Архив

Россия мигранттарды кабыл алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт 

245
(жаңыланган 17:11 26.07.2021)
Буга чейин Россияда ири масштабдагы иш-чара өтсө мигранттарды ишке тартуу боюнча  мыйзам кабыл алынган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россиянын мыйзам долбоорлору боюнча өкмөттүк комиссия эл аралык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, анын ичинде стадион курууга келген мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүү демилгесин жактырды. Бул туурасында РИА Новости Россиянын юристтер ассоциациясынын жетекчиси Владимир Груздевге таянып жазды. 

Анын айтымында, эми ири спорттук мелдештерди, түрдүү эл аралык фестиваль, көргөзмөлөрдү уюштурган тараптарга чет өлкөнүн жарандарын чакыруу укугу берилет. Мындай учурда мигранттардан иштөөгө уруксат кагазы талап кылынбайт. 

Груздев буга чейин Россияда ири масштабдагы иш-чара өтсө мигранттарды ишке тартуу боюнча мыйзам кабыл алынганын белгиледи. 

Мында бардык эрежелер системалаштырылып, ар бир мелдеш сайын жаңы мыйзам кабыл алуу практикасы токтойт. Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте келген чет элдиктердин даярдык учурундагы мезгилин жана курулуш объектилеринин тезмеси Россия өкмөтү тарбынан бекитилет.

245
Белгилер:
кабыл алуу, тартип, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Тольятти шаарындагы хостелде жашаган 23 мигрант ууланды
Көйгөй бар экенин билебиз. РФ муфтийи Москвада мушташкандарга кайрылды
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

0
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду