Жол куруу иштери. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар Москва Казань жолун салып иштемекчи

228
Жолду куруу иши 2022-жылы башталып, бир жылга созулат. 2024-жылы жумушчулар трассаны жакшыртуу менен алектенсе, сентябрга чейин аны Тюмень менен Челябинскиге чейин узартыш керектиги айтылды.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Москва — Казань — Екатеринбург М-12 трассасынын курулушуна Кыргызстан, Өзбекстан жана Беларустан сегиз миңдей мигрантты иштетүү пландалып жатат. Бул тууралуу вице-премьер Марат Хуснуллинге таянып "Известия" жазды.

Курулуш иши 2022-жылы башталып, жолдун негизги бөлүгү 2023-жылы ачылары айтылат. 2024-жылы жумушчулар трассаны жакшыртуу менен алектенсе, сентябрга чейин аны Тюмень менен Челябинскиге чейин узартып салмакчы.

28-июнда Хуснуллин унаа жолунун долбоору курулуш материалдарынын кымбатташына жана жумушчу күчүнүн жетишсиздиги көйгөйүнө кабылганын билдирген.

228
Белгилер:
жумушчу, курулуш, трасса, жол, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн сайт ачылды
Мигранттар алданып калбайт. Иш издөө боюнча ЕАЭБде жаңы система ишке кирди
Россия президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда. Архивдик сүрөт

Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады

63
Путин коңшу эки мамлекеттин президенттери менен Афганистандагы кооптуу абалдын Борбор Азияга тийгизе турган таасирин, биргелешип иш алып баруу зарылдыгын сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан жана Казакстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу Афганистандагы азыркы абалды талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Телефон менен сүйлөшүү учурунда Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. Эки жетекчи орус-өзбек мамилелерин жана коронавирустун жайылып кетишине каршы күрөшүү жолдорун сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, эки президент аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинен Афганистандагы абалды талкуулаган.

Бүгүн Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 64 жашка чыкты.  

Ушул эле күнү Путин Касым-Жоомарт Токаев экөө телефон аркылуу сүйлөшүп, афган көйгөйүн жана анын Борбор Азия мамлекеттерине тийчү таасири тууралуу кеп кылгандыгы Казакстан президентинин сайтында маалымдалды. 

"Андан сырткары эки өлкөнүн жана аймактын башка мамлекеттеринин биргелешкен иш-аракеттери региондогу социалдык-экономикалык ийгиликтүү өнүгүүнү камсыздай турганы белгиленди", — деп айтылган маалыматта.   

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин кагылышуусу жүрүп жатат. Экинчи тараптагылар аталган өлкөнүн айыл жергесиндеги бир топ райондорунун аймагын басып алып, ири шаарларга тап коюшууда. Афганистандагы туруктуулук АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин аскерлерин алып чыгып кетерин билдиргенден кийин жок боло баштады.

Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Андрей Руденко жакында РИА Новостиге берген маегинде Афганистанда азыр жүрүп жаткан процесс Борбор Азияга түздөн-түз кооптуулук жаратат деген пикирин билдирген. 

63
Белгилер:
куттуктоо, туулган күн, Шавкат Мирзиеев, Владимир Путин, Өзбекстан, Россия
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Тажикстан Афганистандан 100 миң качкын кабыл алууга даяр экенин айтууда
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар

Балбан 1,5 тонналык тик учакты жердеги темири менен кошо көтөрдү. Видео

146
(жаңыланган 17:26 24.07.2021)
Пауэрлифтинг жана армрестлинг боюнча чебер, "Россиядагы эң күчтүү адам" наамынын ээси Эльбрус Нигматуллин 1476 килограммдык тик учакты жана жердеги платформасын көтөрүп кеткен. Таңгалдырган бул көрүнүш менен ал рекорд койгон.

Россиянын Экстремалдуу күчтөр федерациясы бул дүйнөдө теңдеши жок өзгөчө көрүнүш экендигин айтканын "Башинформ" агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Russian Strongman Federation (@strongmanrussia)

Нигматуллиндин айтымында, мындай маанилүү ишке беш ай даярданган. Кадимки эле тренажерлорду колдонгон, атайын жасалган тик учак менен платформасын да көтөрүп көргөн.

"Ойлогонум орундалды. Конуп жаткан тик учакты көтөрүп, рекорд коюлган соң техника кайра учуп кеткидей кылып пландаштырганбыз", — деп айтып берди спортчу.

Балбан Нигматуллин бул рекордун Токидогу Олимпиадага кеткен Россиянын курама командасына жана дагы бир-эки иш-чарага арнагандыгын айтты.

146
Белгилер:
рекорд, тик учак, балбан, Башкырстан, Россия
Тема боюнча
Канадалык жети жашар кыз 80 килограммдык штанга көтөрүп таң калтырды. Видео
Сууга түшкөн балдар. Архивдик сүрөт

Күн кайрадан ысыйбы? Бир жумага аба ырайы

0
Синоптиктердин маалыматына караганда, аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болот. Экинчи жарымында айрым жерлерде өткүн өтүп, ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал жүрөт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Бишкек шаары

Борбор калаада 30-июлда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Калган учурда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-июлда күндүз 14 метрге жетиши күтүлүүдө.

Чүй облусу

Апта бою негизинен күн ачык болот. Болгону 30-июлда күндүз жана 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Талас облусу

Талас өрөөнүндө жуманын көпчүлүк күндөрүндө күндүн көзү бузулбайт. Анткен менен аптанын аягында шамал болору күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 29-30-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда аба ырайы бирдей болору божомолдонууда. Аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болуп, 30-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк райондордо, күндүз тоолуу аймактарда гана өткүн өтөт.

Ысык-Көл облусу

29-30-31-июль күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүп жатат.

Нарын облусу

25-26-июлда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 28-30-31-июлда кээ бир райондордо өткүн өтөт.

0
Белгилер:
ысык, аба ырайы, жай, Кыргызстан
Тема боюнча
Мээ кайнаткан ысык болобу? Августка карата аба ырайы