Массалык мушташ. Архивдик сүрөт

Москвада мушташкан мигранттарды депортациядан тышкары дагы кандай жаза күтөт

552
(жаңыланган 22:57 13.07.2021)
"Кузьминки" метросунун жанында болгон окуянын кесепети оор болчудай. Ушу тапта диаспоралар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташа кеткендердин баары Россиядан депортацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына ИИМдин борбор калаа боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Ведомство тараткан билдирүүгө караганда, мушташ тууралуу маалымат полицияга 12-июль күнү кечинде түшкөн. Натыйжада станцияга полиция менен Росгвардиянын кызматкерлери барган. Кийинчерээк полиция бөлүмдөрүнө 103 киши алып келинген. Мушташка Борбордук Азиядан баргандар катышканы айтылууда.

Ал арада социалдык тармактарда болжол менен кыргызстандык делген эки эркек кишинин тажикстандыктар тарабынан сабалганын айткан видеосу тарады. Sputnik агенттиги Кыргызстан менен Тажикстандын Россиядагы элчиликтерине сурам жөнөткөнү менен азырынча жооп жок.

Полиция ушу тапта иликтөө иштерин улантууда, ошентсе да чырды уюштурууга күнөөлүү деп табылган мигранттар депортацияланары анык болуп калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди. 

© Sputnik / Владимир Трефилов
Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов
"Чет өлкөлүк жарандарды эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде кое берүү каралган эмес. Айыбы аныкталгандан кийин адам сотко чейин камакка алынат. Эгер кылмыш мөөнөтү аныкталса, жазасын өтөйт, андан кийин, албетте, депортацияланат", — деди ал.

Коженовдун айтымында, ушу тапта республикалардын диаспоралары чыр ырбап кетпеши үчүн мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Мен ЖМКлардан жана жөнөкөй адамдардан соцтармакта жүргөн видеолорду бөлүшпөөнү өтүнөт элем. Күтүүсүз окуялар болуп кетет. Мигранттардын 99 пайызы — бул Россияда жашап, иштеп, салык төлөп, мыйзам бузбаган адамдар. Бейбаштар өтө эле аз санда, алардын кылыгы мигранттарга көө жаппашы керек", — деди Коженов.

Москвадагы Миграция боюнча эл аралык уюм да ушундай пикирде.

"Биз чет өлкөлүк жумушчулардын Россия аймагында чырга аралашуусун сындайбыз. Башка мамлекетте жаңжал чыгаруу туура эмес, бул Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жашаган мигранттардын баарынан шек жаратат. Окуя массалык көрүнүшкө айланып кетпеши үчүн ИИМдин көзөмөлүнө алынды", — деди уюмдун директору Абдусаттор Эсоев.

Россия ИИМинин маалыматы боюнча, чырдын катышуучуларына административдик эреже бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. Ушу тапта мигранттарга Россияда жүрүү эрежесин бузуу жана майда бейбаштык боюнча айып коюлууда. Депортациядан тышкары, күнөөлүү мигранттар айыпка жыгылып, Россиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн.

552
Белгилер:
Россия, Москва, Мигрант, мушташ, Кыргызстан, Тажикстан, полиция, мыйзам, депортация
Тема боюнча
ЖМК: Москвада кыргыз-тажик мигранттары мушташа кетишти. Видео
Бангладештик Рафид Ясардын Бактылуу фермер сүрөтү. Архив

Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү боюнча жеңүүчү аныкталды

9
(жаңыланган 18:36 05.08.2021)
Сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баштапкы жыйынтыгы чыгып, интернет-колдонуучулардын сүймөнчүгүнө бангладештик Рафид Ясар ээ болду. Ал сынакка "Бактылуу фермер" аттуу эмгегин жөнөткөн.

Сүрөттө түстүү капустанын түшүмүн жыйнап, ага кубанып турган фермер көрсөтүлгөн. Бул кадрга интернет-колдонуучулардын дээрлик 25 пайызы "мыкты" деп добуш берген. Сүрөтчү элдин ишеними ага күч берип, өзү кыялданып жүргөн режиссерлук кесипке жетем деп ишенүүдө.

Фотография Счастливый фермер Рафида Ясара из Бангладеша признана лучшим снимком на международном конкурсе фотожурналистики имени Андрея Стенина
© Фото / Stenincontest / Рафид Ясар
Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баштапкы жыйынтыгы чыгып, интернет-колдонуучулардын сүймөнчүгүнө бангладештик Рафид Ясар ээ болду. Ал сынакка "Бактылуу фермер" аттуу эмгегин жөнөткөн
"Элдик добуш берүү гран-при эмес экенин түшүнөм. Бирок ар бир добуш - мен үчүн сыймык. Бул сынакта менчелик жеңишке жеткиси келген адам барбы, билбейм. Эң күчтүүсү жеңсин", — деди ал. 

Сентябрь айынын аягында Стенин атындагы сынактын жыйынтыгы чыгып, гран-при тапшыруу аземи онлайн-форматта өтөт. Уюштуруучулар жылдын соңуна чейин жеңүүчүлөрдүн эмгектерин дүйнөлүк турнеге алып чыгууну пландоодо.

Сынак тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги негиздеп, Россиянын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын колдоосу менен өтүп келген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул таланттуу, сезимтал, алдыга умтулган жаш сүрөтчүлөр үчүн мыкты аянтча.

Быйыл башкы маалыматтык өнөктөш Вести.Ru порталы, "Россия-Культура" жана "Москва 24" телеканалдары болду.

Ошондой эле Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, ANA маалымат агенттиги, RT телеканалы жана порталы, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina, DBW интернет-порталы жана Telam маалымат агенттиги өнөктөш болду.

9
Тема боюнча
Стенин атындагы сынак ишин жыйынтыктап, быйылкы жеңүүчүлөрдү атады
Рубль валютасынын символу. Архив

Рубль дүйнөдө наркы бааланбаган валюта. Доллар чынында канча турат?

55
(жаңыланган 17:02 05.08.2021)
Россия жана АКШдагы McDonald's тамактануучу жайларындагы бигмактын (керектөөчүлөрдүн сатып алуу жөндөмүнүн бейрасмий түрдөгү индекси, бул тез татым түйүнүндө Big Mac – "сыйлуу" бургерлердин бири) баасына карасак, доллар 30 рубль болууга тийиш. Бул 2013-жылдагыдан аз.

Ирина Бадмаева

Америкалык экономикалык журналдын индикатору канчалык объективдүү жана эмнеликтен иш жүзүндөгү жана "бургердик" баалар эмнеге мынчалык айырмаланары тууралуу Ирина Бадмаеванын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.

"Экономисттин" шакабасы (тамашасы)

Россиялык рубль бааланбагандыгы боюнча "бигмак индексине" ылайык ливан фунтунан гана өйдөңкү сапта турат. Бургер бирдей баада болушу шарт экени болжонот. АКШга караганда арзан турган өлкөдө жергиликтүү валютанын наркы бааланбай, же тескерисинче, ашкере бааланат.

Россияда бигмак — 169 рубль, АКШда — 5,65 доллар. Демек, адилеттүү курс 30ду түзөт. Бирок алмаштырууда реалдуу баасы — 74,53. Башкача айтканда, доллар боюнча РФ валютасы дээрлик 60 пайызга, ал эми евро — 11,1, британиялык фунт — 15,5га бааланган эмес. Төрт акча бирдиги ашкере бааланган. Бул тизмеде венесуэлалык боливар айрыкча айырмаланат, дегеле ал 47,7 пайызга арзан болушу керек эле. Швейцариялык франк — 24,7, норвегиялык жана швед крондору — 11,5 жана 9,6га ашык бааланган.

"Бигмак индексин" 1986-жылы The Economist журналы тамаша иретинде ойлоп чыккан. Бирок эми маңызында керектөөчүлүк жөндөмдүүлүк паритетин аныктоонун бейрасмий ыкмасы — бирдей эле товардын наркына карап эки валютаны салыштыруу. Жылына эки ирет эсептелет.

Бардык жерде сатылгандыктан McDonald's гамбургерин тандап алышкан. 1980-жылдары эле тез татым ресторан түйүнү глобалдык бизнеске айланган. Буга мүнөздүү болгон М тамгалуу тамактануу жайлары Бермуд аралдарында, Иран, Македония, Йемен, Черногория, Түндүк Корея, Зимбабве, Боливия, Армения жана Исландияда жок.

Башкысы — классикалык бигмак бардык жерде бирдей. Анан жалпы эл сатып ала тургандай эле азыктардан – нан, сыр, котлета, жашылчадан жасалат. Өткөн айдагы соңку рейтингге ылайык, көп өлкөлөрдө бигмак Кошмо Штаттарга караганда, атап айтсак, Австралия, Сауд Аравиясы, Катарда арзаныраак. Тизменин акыркы саптарында Азербайжан, Түркия, Түштүк Африка бар.

Таанымал экени анык, бирок калыстыкка жатпайт

Рублдин бааланбаганы ондогон жылдардан бери айтылып келет. Бирок "бигмак индексинен" тышкары дагы башка факторлор толтура. Анан да бургер ар кайсы өлкөлөрдө бирдей баада боло албайт.

Айталы, маяна жана ижаралык үстөк РФте Кошмо Штаттарга салыштырмалуу кыйла аз. Ошол себептен баа дагы төмөн. Анан да бигмактар тиричилик электроникасы же акылдуу телефон сымал сырттан ташып келинбейт, жеринде жасалат. " iPod индекси" боюнча рубль ашкере бааланып, кыйла арзан турары бышык. Ошону менен бирге эле McDonald's компаниясы бааны жергиликтүү калктын реалдуу кирешесин жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө жараша белгилейт. Салык жана атаандаштык туурасында да унуткарбоо абзел. Ошондуктан "бигмактын индексин" адилеттүү дешке болбойт. Салыштыруунун мындан да комплекстүү жана ачык ыкмалары бар. Маселен, эң зарыл товар, сырье, жарым-жартылай даяр азыктардын негизинде. Алардын бааларын коммерциялык сыр боюнча укугуна таянган жеке компания эмес, рынок коет.

Кеп бигмакта эмес

Улуттук валюта куну өлкөнүн төлөм балансынын узак мөөнөттүү динамикасын аныктайт. Ал өз кезегинде инфляцияга таасир этет.

Эл аралык жана ички валюталык рыноктогу маанилүү оюнчулар — борбордук банктар. Каржылык жөнгө салуучулар улуттук акча бирдигин чыңдоону чектеп, же тескерисинче, кескин түрдө түшүп кетишинен сактай алышат. Валюталык курс алардын көзөмөлүндө, анткени бул – өлкөлөр ортосундагы атаандаштык соода күрөшүнүн негизги ыкмаларынын бири. Натыйжада акча наркы көбүнесе бурмаланат. Активдерди эркин сата алгандар катары эле баанын коюлушунда рыноктун катышуучуларынын күткөнү да камтылат. Андыктан "бигмак индексине" анча таяна берген болбойт.

"Валютасынын наркы бааланбагандардын алгачкы он сабында негизинен дүйнөдө кеңири таралган алдыңкы 100 акча да кирет. Буга ачык мисал — ливан фунту. Андан өйдөңкү сапта россиялык рубль турат.

Анткен менен өтө жогору бааланган венесуэлалык боливардын акылга сыйгыс инфляцияга тушугуп, АКШнын мүмкүн болгон бардык санкцияларына кабылган", — дейт CMS Institute экономикалык жана каржылык иликтөөлөр департаментинин кызматкери Николай Переславский. Анын айтымында, акыркы жети жылда рубль кунуна геосаясат да таасир этүүдө. Россияга каршы санкциялар салынган, алардын кеңири таралуу тобокелдиктери да бар. Адатка айлангандай эле мунай баалары да роль ойнойт. Кара алтын кымбаттаган учурларда РФ Каржы министрлиги тарабынан валюталарды сатып алуу эрежеси да ага чагылбай койбойт.

Ошентип рублдин ашыкча бекемделишине жасалма түрдө бөгөт коюлат. Жалпысынан курсту түзүүчү саясат анын күчтөнүшүнө өбөлгө эмес.

Рубль кунунун орточо чабалдыгы чет өлкөгө чыгарылышынан түшкөн бюджеттик кирешелерди жогорулатат. Бул экономикада үстөмдүк кылган экспортчуларга да майдай жагат.

Кыйыр факторлор — дүйнөлүк каржылык рыноктордун ички саясаты жана маанайы.

"Санкцияларсыз россиялык валюта кеминде эле бир жарым эсеге кымбат бааланары туурасындагы ыктымал абдан жогору", — деп тактап өттү эксперт.

Кандай болгон күндө да жыл соңуна дейре баары бир доллар 70 рублден төмөндөбөйт. Ал эми саясий тобокелдиктердин айынан 80ге да чыгышы толук мүмкүн. Болду-болбоду, доллардын куну 73-77, евронун курсу 85-90 рубль чегинде калары турулуу иш.

55
Белгилер:
Россия, рубль, доллар, баалар, валюта
Тема боюнча
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
Спортчу Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт

0
(жаңыланган 18:33 05.08.2021)
Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада-2020 мелдешиндеги сапары карыды. Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада оюндарындагы мелдештери аягына чыкты. Бардыгыңыздарга колдооңуздар жана сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деп жазган спортчу.

Кыргызстандык балбан машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган.

Эске салсак, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова коло байге жеңген.

0
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, күрөш, балбан, олимпиада, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү