Адис Россияда COVID-19дун кийинки толкуну качан болорун божомолдоду

© Sputnik / Алексей МайшевОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Дарыгер элдин көбүн вакцинаны эртерээк алганга ашыкпай жаткандыгын айтып, оорунун кооптуулугун дагы бир ирет эскертти.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Россияда коронавирустун кийинки көбөйгөн учуру сентябрдын башы менен ортосуна туура келиши мүмкүн. Россиялык инфекционист-дарыгер Евгений Тимаковдун бул айткандарын РИА Новости жазды.
Ал аталган өлкөгө мурдагы түрүнө караганда кишилерге көп жуккан дельта-плюс штаммы келгендигин белгиледи. Дарыгер элдин басымдуу бөлүгүнүн  вакцинаны тезирээк сайдырганга ашыкпай жаткандыгын айтып, оорунун кооптуулугун эске алууну дагы бир ирет эскертти.
"Жарандардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөндүгүнөн улам сентябрда "эмделген дүйнөдөгүлөрдүн" бардыгында оору басаңдап калганда, Россияда кайра көбөйүп, көтөрүлүшү мүмкүн", — деген Тимаков.
Бул күндөрү дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө, анын ичинде Россияда да коронавирус көбөйүп жатат. Акыркы суткада аталган мамлекетте 23 827 адам ооруну жуктуруп алса, 786 бейтап көз жумган.
Ал эми Кыргызстанда өткөн суткада 1 398 кишиден коронавирус табылып, 10 адам каза тапты.
Жаңылыктар түрмөгү
0