Көйгөй бар экенин билебиз. РФ муфтийи Москвада мушташкандарга кайрылды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРФ мусулмандарынын диний бирикмесинин башчысы Альбир Крганов. Архив
РФ мусулмандарынын диний бирикмесинин башчысы Альбир Крганов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Россиянын мусулмандарынын башчысы Орто Азия мамлекеттеринин айрым элдеринин ортосунда көйгөй бар экенин, бирок алар башка өлкөдө чатакташпашы керектигин айткан.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Орто Азия элдеринин ортосундагы чыр-чатак Россиянын аймагында болбошу керек. Бул тууралуу Россиянын коомдук палатасынын мүчөсү, РФ мусулмандарынын диний бирикмесинин башчысы Альбир Крганов маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Орто Азия мамлекеттеринин айрым элдеринин ортосунда көйгөй бар экенин билебиз, жакында эле чыр-чатактарга да байкоо салдык. Бирок биздин өлкөнүн аймагында да жаңжалдашканына каршыбыз, мындайга жол бербей, мыйзам жүзүндө чара көрүлүшү керек. Алар Россия Федерациясынын мыйзамдарын сыйлап, буга байланыштуу чараларды көрүү зарыл", — деген муфтий.
Ал белгилегендей, мусулман дин кызматкерлери этникалык бирикмелердин лидерлерине мындай окуялар үчүн жоопкерчилик канчалык экендигин түшүндүрөт.
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Сот Москвадагы мушташка катышкан дагы 42 адамды жазага тартты
"Анын үстүнө биз көп улуттуу, көп диндүү мамлекетте жашайбыз... Кандай гана эмоциялар болбосун, маселелерди мыйзамдын чегинде гана чечүү керек", — деген Крганов.
Москвада кыргыз-тажик мигранттары мушташкан окуя 12-июлда кечинде катталып, массалык кармоолор болгон. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 102 мигрантты депортациялоо пландалууда. Массалык мушташта мигранттар жолго чуркап чыгышкан. Муну менен алар автоунаалардын жана коомдук транспорттун, жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан. Мигранттарды Россиянын аймагынан сыртка чыгаруу маселеси боюнча сот азырынча чечим чыгара элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0