Лавров: Россия АКШга Кыргызстандагы базаларды колдонууну сунуштаган эмес

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүРФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров
РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Буга чейин ЖМКлар Владимир Путин Женевадагы саммитте Жозеф Байденге афган багытындагы кадамдар менен иш-чараларды макулдашып алып барууну сунуштаганын жазган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Россия Америкага Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларды колдонууну сунуштаган эмес. Бул тууралуу РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров "Интерфакс" агенттигине берген маегинде билдиргенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

"ЖККУнун жамааттык аракет көрүүчү күчтөрүнүн курамына кирген базага америкалыктарды кантип чакыра алабыз? Союздаштарыбызга маалымат бербей, кеңешпей туруп чечим кабыл ала албайбыз", — деген Лавров.

Ошондой эле министр Москва кеңири үчилтикте, тагыраагы, Пакистан дагы кошула турчу Россия — Кытай — АКШ форматынын алкагында Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууга жана маалымат алмашууга көмөктөшүүгө даяр экенин айткан.

Буга чейин ЖМКлар Россиянын президенти Владимир Путин июнь айында өткөн Женевадагы саммитте Американын лидери Жозеф Байденге афган багытындагы кадамдар менен иш-чараларды макулдашып алып барууну сунуштаганын жазган. Андагы маалыматтарга таянсак, РФ лидери Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Россиянын аскер базаларын Афганистандагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн пайдалануу демилгесин көтөрүп, сунуш киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0