25-июлдан тарта Россияга "COVID жок саякаттайм" тиркемеси менен гана кирүүгө болот

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНовое приложение "Путешествие без COVID-19"
Новое приложение Путешествие без COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 25-июлдан тарта Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясынын аймагына кирүүдө ПЦР-анализдин жыйынтыгын "COVID жок саякаттайм" уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

РФ өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-июлундагы № 1998-б буйругунда Россиянын аймагына ЕАЭБ мамлекеттеринен аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар ПЦР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүү зарылдыгы тууралуу талап бекитилген.

Начало вакцинации препаратом Sinopharm в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген кишилердин саны 222 миңден ашты
Анализ аталган өлкө аймагына кирүүгө үч күндөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.

Россияга үчүнчү өлкөлөрдөн ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагы аркылуу транзиттик жол менен же бир аз тыныгуу менен киргендердин ПЦР-анализи терс болсо жана Россияга чейинки маршрут боюнча билеттерди же отургузуу талондорун көрсөткөн шартта артыкчылык берилет.

2021-жылдын 1-сентябрынан тартып Азербайжандан, Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Кыргызстандан, Молдовадан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан Россия Федерациясына аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн өтүүдө тиркеме милдеттүү болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын чегинен тышкары жакка саякаттагандар үчүн ПЦР-анализди эки мамлекеттик лабораториядан тапшырса болот. Алар: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы жана Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар жүргүзөт.

Тиркеме кандай иштейт

Вакцинация от коронавируса в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүлмөкчү
Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү зарыл. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланк берилет. Бланктагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу кажет. Жүргүнчү учардан мурда тиркемеден тесттин жыйынтыгын бир карап, мөөнөтүн текшерип коюшу шарт (ПЦР-тестти учарга чейин 72 сааттан эрте эмес убакытта тапшырышы керек).

Учакка отургандан кийин жаран тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0