Министрлик AstraZeneca менен "Спутник Лайт" вакциналарын бир сыноону кубаттады

© Фото / пресс-служба Госкорпорации Ростех / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер лабораторияда. Архив
Медициналык кызматкерлер лабораторияда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Сыноо иштерине 150 адам катышмакчы. Адистер жалпы бул долбоорду 2022-жылдын 2-мартында аяктоону көздөп турушат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги AstraZeneca менен "Спутник Лайт" вакциналарын сынап, изилдөө иштерин бирге жүргүзүүнү кубаттады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

COVID-19 инфекциясын алдын алып, профилактика жасоо максатында "гетерологиялык прайм-буст" схемасы менен сайылчу AZD1222 жана rAd26-S препараттарынын иммунногендик айкалышуусун, коопсуздугун аныктоо үчүн I/II фазаларда изилдөөлөр жасалары айтылган.

Жогорку маалыматтар клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча уруксат бере турган реестрде белгиленген.

Синьцзян-Уйгурский автономный район - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Адис: COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасынан кийин өзгөчө сактануу керек
Жасала турган тестке 150 адам катышмакчы. Аны 2022-жылдын 2-мартында аяктоону көздөп турушат.

Гамалея борбору, AstraZeneca, Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд жана "Р-Фарм" компаниясы 2020-жылдын 21-декабрында өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. Документ "Спутник V" жана AZD1222 (АstraZeneca жана Оксфорд университети биргелешип иштеп чыккан) препаратынын компоненттеринин бирин бириктирилген баа берүү үчүн клиникалык изилдөөлөрдү жасоо жана иштеп чыгуу үчүн кызматташууну шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0