Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМосква метросунда полиция кызматкерлери. Архив
Москва метросунда полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Буга чейин Россиянын Москва шаарында 180дей мигрант мушташкан. Бул боюнча жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандыктар болгон.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактардагы "кыргызстандыктарды РФте массалык түрдө текшерип жатышат" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

"Учурда Россиянын компетенттүү органдары "Кузьминки" метросунда болгон окуяга катыштыгы болушу мүмкүн делген чет элдиктерди издөөсүн улантууда. Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган", — дешти элчиликтен.

Посольства Кыргызстана в разных странах  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды текшерүү иштери дагы болуп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаранды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0