Манжа издерин тапшыруусу. Архив

Россиядагы мигранттар манжа издерин милдеттүү түрдө тапшыра баштайт

321
(жаңыланган 16:47 06.08.2021)
Бул мыйзам эмгек мигранттарына, ошондой эле Россиянын аймагында 90 күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөргө тиешелүү.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россияда эмгек мигранттары үчүн дактилоскопия милдеттүү түрдө киргизилет. Бул тууралуу "Известия" агенттиги РФтин Ички иштер министрлигине шилтеме берип жазды.

Жаңы эреже эмгек мигранттарына, ошондой эле Россиянын аймагында 90 күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөргө тиешелүү.

"2021-жылдын 29-декабрынан тарта федералдык мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, Россияга жумуш издеп келген чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле 90 күндөн ашык жүргөн башка категориядагы чет элдиктер милдеттүү түрдө манжа изин берет", — деп айтылган министрликтин билдирүүсүндө.

Бул мыйзамда орус тилинен, Россиянын тарыхынан жана мыйзамдын негиздеринен экзамен өткөрүүнүн талаптарын сактоону жана чет өлкөлүктөргө сертификаттарды берүүнү көзөмөлдөө да каралган.

Мындан тышкары, чет өлкөлүктөр үчүн маалыматты электрондук түрдө камтыган бирдиктүү документти киргизүү пландалып жатат, ал жарандардын идентификациясын толук камсыздайт.

321
Белгилер:
Россия, Мигрант, манжа, мыйзам, эреже
Тема боюнча
Россияда мигранттардын экзамен берүү шарттары өзгөрдү
Россия Кыргызстанга салыкты фискалдаштыруу жабдууларын алып берди
Москвадагы эмдөө пунктундаы адамдар. Архив

Эксперт Россияда COVID-19дун көбөйүп жаткан себебин түшүндүрдү

83
(жаңыланган 21:50 18.10.2021)
РФтин эмгек сиңирген дарыгери Владимир Круглый коронавирус инфекциясынын жаңы штаммы агрессиялуу келип жана тез жуга тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россияда ооруканага түшүп каза тапкандардын, ооругандардын көп болуп жаткандыгына COVID-19дун башка штаммдары жана дельта-штаммдын арбын жайылып кетиши себепкер. Бул туурасында россиялык сенатор, педиатр, РФтин эмгек сиңирген дарыгери Владимир Круглый Sputnik маалымат агенттигинин маалымат борборундагы видео көпүрөдө айтты.

"Мен изилдене элек жаңы штаммдардын бар экендигинен шек санабайм. Инфекциянын мурдагыдан да агрессивдүү жана тез жуга баштагандыгы чындык. Анын инкубациялык мөөнөтү кыскарды. Тагыраагы, мурдагыларга караганда тез тарап, бейтаптын абалын заматта начарлатып жиберип жатат", — деди дарыгер.

Ал саламаттык сактоо системасы болушунча иштеп жаткандыгын айтты

"Ойлонткон нерсе саламаттык сактоо системасынын абалы, ал бардык жерде жаралган кыйынчылыктар менен күрөшүүдө. Эгерде Москва жана башка ири шаарларда кандайдыр бир резервдер болсо, аймактарда абал өтө начар. Бир нече күн мурда облустардын биринин губернатору аны цунами менен салыштырды. Чындыгында бул инфекция цунамиси РФтин аймактарына тарады", — деген Круглый.

Ал абалга таасир этип жаткан нерсе эмдөөнүн жай жүрүп жаткандыгы деп белгилеген.

Эске салсак, акыркы күндөрү Россияда эпидемиологиялык абалдын начарлап бара жаткандыгы байкалууда. Бир күндө коронавирустан каза тапкандардын саны миң кишиден ашып кетти.

83
Белгилер:
Россия, коронавирус, жаңы штамм, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
AstraZeneca менен "Спутник Лайтты" кошуп эмдөө майнаптуу экени айтылды. Иликтөө
COVID алып кеткен өмүрлөр жана ооругандар. 9-октябрга карата дүйнөлүк статистика
Түркиялык фотографтын COVID-19дан улам пайда болгон калдыктар: суу алдындагы дүйнөгө коркунуч сүрөтү

Стенин фотосынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

41
(жаңыланган 19:48 18.10.2021)
РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы ар жылдары өткөн эл аралык сынактын жыйынтыгы чыгып,гран-принин ээси аныкталды.

Быйыл биринчи орунга эки эмгек ээ болду. Биринчиси, петербургдук сүрөтчү Мария Гельмандын "М+Т" эмгеги, экинчиси түркиялык фотографтын "COVID-19дан улам пайда болгон калдыктар: суу алдындагы дүйнөгө коркунуч" сүрөтү.

Сынак тууралуу сүйлөп жатып "Россия сегодня" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев сүрөт эч бурмаланбай турган искусство экенине токтолду.

"Сүрөт тартуу үчүн каармандын жанында болуш керек. Ал үчүн кээде согушка барууга туура келет. Андрей Стенин дүйнөнүн көпчүлүк жерлериндеги кагылышууларга күбө болгон", — деди ал.

"М+Т" деп аталган сүрөттөр сериясында Даун синдрому менен жабыркаган, улгайган жубайлар көрсөтүлөт. Автор бул эмгегинде сүйүү эч бир тоскоолдуктарга баш ийбесин көрсөткүсү келген.

Гран-принин экинчи ээси түркиялык сүрөтчү Шебнем Кошкун БУУнун суу алдындагы дүйнөнү коргоо программасынын алкагында Босфор деңизине түшкөн фридайвер Шахика Эрджюменди көрсөткөн. Көп жылдан бери суу алдындагы таштандылар көйгөйүн чагылдырып жүргөн сүрөтчү бул ирет Босфордогу таштандыны тарткан.

"Негизги жаңылыктар" номинациясында индонезиялык сүрөтчү Жошуа Ируандинин "COVID-19: адам баласынын баасы" жана индиялык сүрөтчү Чандан Ханнанын "Жарака" эмгеги мыкты деп табылды.

"Менин планетам" номинациясында жеңүүчүлөр — фотожурналист Чан Сюйдун "Васалоппет Чайна-2020" сүрөтү, испаниялык Луис Татонун "Чыгыш Африканы чегиртке капташы" эмгеги.

Спорттук номинацияда сириялык репортер Мунеб Таймдын "Урандыдагы паркур", россиялык Дарья Исаеванын "Үйдөгү Олимпиада" эмгектери жеңишке жетти.

"Портрет. Биздин замандын каарманы" номинациясында россиялык Сергей Бобылев "Биздин замандын жүздөрү" жана индиялык Шарафат Али "Кашмир: күмөндүү мурас" утуп алды.

Сынактын лауреаттарынын толук тизмеси бул сайтка stenincontest.ru/stenincontest.com жарыяланды.

Сынак туурасында

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу.

Бул  — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.

Башкы маалыматтык өнөктөш "Россия-Культура", "Москва - 24" телеканалы, Вести.Ru порталы болду. Ал эми Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT порталы, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, ANA маалымат агенттиги, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina маалымат агенттиги, DBW интернет-порталы маалыматтык колдоо көрсөттү.

Мындан тышкары, тармактык өнөктөш макамында Россиянын журналисттер союзу, YOung JOurnalists маалымат порталы, Russian Photo, Photo-study.ru порталдары, "Академия фотографии" фотомектеби, LF Magazine, Artdoc, Fotoargenta журналдары, All About Photo, IPhoto Channel интернет-порталдары, EYE сүрөт журналы жана фестивалы, PhotON эл аралык аянтчасы кызматташты.

41
Белгилер:
Россия, сүрөт, сынак, жеңүүчү
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
Аламүдүн району төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты

Аламүдүн: суу сактагычтан эркек кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

0
(жаңыланган 00:27 19.10.2021)
Куткаруучулар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук ӨКБден төрт куткаруучу барган. Алар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Аламүдүн району, канал, өлүк, куткаруучу
Тема боюнча
Куткаруучулар суудан башка адамды издеп жатып, белгисиз сөөктү алып чыкты. Сүрөт