Москва шаарында такси айдоочусунун документтерин текшерип жаткан милиция кызматкери. Архив

Россиядагы чет элдик таксисттердин иш тартиби өзгөрөт. Чоо-жайы

9374
(жаңыланган 17:22 10.08.2021)
Август айынын орто ченинен баштап Москва жана Москва облусунда такси айдап эмгектенген чет элдиктер башка тартип менен иштей баштайт.

Жайдын акыркы айынан тарта Москвада жана Москва облусунда таксиге буюртмалар атайын идентификатору бар айдоочуларга гана бериле баштайт. Саамалык 14-августтан тарта ишке кирет. Башкача айтканда, санарип профили жок айдоочулар расмий иштей албай калат. Жаңы система Москванын Транспорт департаменти менен Москва облусунун транспорт жана жол инфраструктурасы министрлиги тарабынан киргизилип, "Такси ишинин аналитикасы" комплекстүү маалымат системасы же КИС "АРТ" деп аталууда. Ал эми профилди Мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу түзүү керек.

Sputnik жаңы система эмгек мигранттарына кандай таасир этерин карап чыгып, такси айдап жан баккандар ишсиз калбайбы деген маселенин тегерегинде ой калчады.

Жол кырсыгын азайтуу максатында

КИС "АРТ" системасынын жардамы менен Москва бийлиги жол кырсыктарын азайтууну көздөп жатат. Жаңы система таксисттерди тыкыр көзөмөлгө алат. Саамалыктын авторлору бул жаңы эреже эмес, болгону мониторинг системасы экенин айтышууда.

Транспорт департаменти түшүндүргөндөй, эгер ушу тапта айдоочулар жумушка медициналык жана техникалык кароодон өтпөстөн, жол баракчасы, керек болсо айдоочулук күбөлүгү жок эле чыгып кетип жатса санарип профиль менен мындай көйгөйлөрдөн оолак болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кантип?

"Таксисттердин жол эрежесин бузган, каттоодон өтпөй туруп ишке чыккан учурлары көп. Мындай таксисттер жоопкерчилик албайт, жүргүнчүлөр үчүн бул сапарлар кооптуу болушу мүмкүн", — дешти департаменттен.

 Аталган мекеменин берген статистикасы боюнча, 2020-жылы Москвада такси унаалары кабылган 1 667 кырсык болуп, 1 956 адам жаракат алса, 60 киши көз жумган. Акыркы жарым жыл ичинде 794 авария катталды.

Система такси ишин кантип көзөмөлдөйт

14-августтан баштап система айдоочулук стажыны текшере баштайт, ал үч жылдан кем эмес болушу шарт. Мындан тышкары, төлөнбөгөн айып пулу барлар жана оор кылмыш жасаган айдоочунун соттолгон-соттолбогону аныкталат. Маалыматты КИС "АРТ" ИИМ менен Федералдык салык кызматынын базасынан алып турмакчы.

Мында система Транспорт министрлигинин таксист күнүнө 8 сааттан көп эмес иштеши керек деген 424-буйругуна таянат. Иш жуманын узактыгы 40 сааттан ашпашы керек. КИС "АРТ" бул убакытты тыкыр көзөмөлдөп турат, эгер көрсөтүлгөн убакыттан ашып кетсе, агрегатор айдоочуга автоматтык түрдө буюртма жибербей калат.

Буга чейин агрегаторлор өз программасынан таксист иштеген сааттарды гана көрчү, бул айдоочуларга сегиз саат "Яндекс.Такси" кызматында, андан кийин дагы сегиз саат "Ситимобил", Gett, "Везет" жана башка агрегаторлордон буюртма алып иштей берчү. Санарип профиль жалпы системага смена тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берип, мындан улам таксопарктар менен агрегаторлор таксист канча сааттан бери рулда отурганын көрүп турушат. Демек, белгиленген лимиттен ашыра иштөөгө жол берилбейт.

Мындан тышкары, системада медициналык жана техникалык кароонун эсеби жүргүзүлүп турмакчы. Айдоочу ишке кирер алдында таксопарктын кызматкери же келишим түзүлгөн уюм айдоочу менен автоунаанын жолго чыгуусуна уруксат берилгенин көрсөтүшү керек. КИС "АРТ" ошондой эле жол баракчаларын каттап турат.

ID алуу үчүн эмне кылуу керек?

Россиянын мыйзамдары боюнча, чет элдик жарандар такси кызматында иштей алат. Милдеттүү талаптардын бири — Россиянын айдоочулук күбөлүгү жана үч жылдан кем эмес стаж. Ал эми орус тили расмий тил катары колдонулган Беларусь, Кыргызстан жана Казакстандын айдоочулук күбөлүгү жарактуу деп эсептелет, — деп айтылат департаменттин маалыматында.

Санарип профилди каттоо үчүн Россиянын Пенсиялык фондунан алынуучу СНИЛС зарыл. Бул процедурага орточо эки сааттай убакыт кетип, чет элдик жарандар үчүн жеткиликтүү. Андан ары КИС "АРТ" системасына https://art.taxi.mos.ru/login шилтемеси менен катталууга болот.

"Бийлик таксинин рулунда кимдин отурганын билгиси келет. Биз өнөктөштөрүбүзгө КИС "АРТ" тууралуу маалымат берип, Москва жана Москва облусу боюнча иштеген таксопарктар менен айдоочуларга системада кантип катталуу керектигин түшүндүрөбүз. Мындан улам айдоочунун санарип профилин "Яндекс.Про" системасы аркылуу убактылуу каттоо кызматын киргиздик", — дешти ири агрегатор деп эсептелген "Яндекс.Такси" кызматынан.

Бул учурда айдоочу "Яндекс.Про" аркылуу катталып, сервиске жеке маалыматтарын КИС "АРТ" системасына берүүсүнө макул болот. Андан соң 14 күндүн ичинде убактылуу ID алат да, эки жумага чейин Мамлекеттик кызматтар аркылуу катталбастан эле буюртма алууга шарт түзүлөт.

Бирок сентябрга чейин айдоочу КИС "АРТ" системасына катталып, туруктуу санарип профилге ээ болушу керек. Эгер катталбаса заказдар чектелип калат.

Таксисттер эмне дейт?

"Кетип жатам, бүгүн менин акыркы иш күнүм. Сегиз саатта акча тапмак түгүл унаанын ижарасы менен майын чыгарып алуу мүмкүн эмес. 20 жыл мурун таксиде иштегем, жумуш, акча деп ошону айт. Азыр ишсиз калып, таксиге келгем, бирок болбойт экен, башка жумуш издөөгө туура келет", — дейт такси айдоочусу Андрей.

Андрей РФ жараны, ар тармакта тажрыйбасы мол. Андыктан таксисттердин жумушу көзөмөлдөнө баштаарын билгенде көп тынчсызданган жок.

Кыргызстандын Ош облусунан барган Оомат да КИС "АРТ" системасына катталуу үчүн документтерин тапшырган, бирок ушул кезге чейин санарип профиль алганы тууралуу билдирме келе элек. СНИЛС жана Мамлекеттик кызматта жеке кабинети ачылган, ошентсе да жаңы система менен жашоосуна жетишерлик акча табарынан күмөн санап турат. Оомат "Комфорт+" классындагы такси айдайт, мындай автоунаанын чыгымы эконом-класска караганда көбүрөөк.

"Ижара акысы, Яндекстин пайызы, таксопаркка төлөнчү акча — ушунун баарына кеткен чыгымды жабыш үчүн эле бир нече саат иштөө керек. Эгер 14-августтан кийин кирешем жетиштүү болбосо, анда мурунку кесибим болгон ашпозчулукка кайтам. Баары мыйзам чегинде. Ал жакта айлык акы жакшы. Мекенге кайтканда Москвада үйрөнгөндөрүмдүн баарын апама жасап берем", — деди Оомат.

Ача пикирлер

Коомчулук менен профсоюз ишмерлеринин ортосунда бир пикир жок, кээси санарип профилди ишке киргизүү жакшы демилге эмес экенин айтып, системанын бышып жетиле электигин белгилешүүдө. Айрымдар, тескерисинче, ушундай ыкма менен гана убактысынан ашыра иштеп, адамдарды жабыркаткан таксисттерди көзөмөлдөө мүмкүн экенин айтып жатышат.

"Таксист" профсоюзунун жетекчиси Ярослав Щербинин системаны ийине жеткирүү керек деп эсептейт. Андан тышкары, ал эки күн деп айтылганы менен КИС "АРТ" системасына катталууга бир жума кетип жатканын белгиледи. Жетекчинин айтымында, система кээде "туруп" калат, ошондой эле аны колдонууга милдеттендирген нормативдик база жок.

"Санарип профиль — бул иш күнүн көзөмөлдөөнү жөнгө салууга аракет. Москва бийлиги мындай кадам менен жол кырсыктарын азайтууну көздөп жатат. Алгач система 1-августта ишке кирет деп айтылган, эми 14-августка жылды. Мен кандайдыр бир комментарий берүүдөн карманып турар элем, анткени баары көз ирмемде өзгөрүп жатат", — деди Москвадагы таксисттердин профсоюзунун төрагасы Николай Кодолов.

Ал эми Транспорт жана Москва шаарынын жол-транпорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Пронин кайчы пикирлерге карабастан КИС "АРТ" системасына таксисттердин 90 пайызы же 60 миң айдоочу катталганын билдирди. Анын айтымында, мониторинг системасынын ишке кириши 14- августка "бизнестин өтүнүчү менен" жылдырылган. Ошентсе да буюртма бөлүштүрүүдө артыкчылык каттоодон ушу тапта өткөн айдоочуларга берилип жатканы белгиленди.

9374
Белгилер:
Россия, такси, мыйзам, каттоо, система, жол кырсык, көзөмөл, айдоочу, санарип, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Москва: мигранттар мушташы "өзгөчө кырдаал" деп бааланып, рейд жүрүүдө
Россиядагы мигранттар манжа издерин милдеттүү түрдө тапшыра баштайт
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров VII дүйнөлүк конгрессте сөз сүйлөө учурунда

Россия Кыргызстанда 9 мектеп ачуу ниетинде. Мекендештер конгрессинин мүдөөсү

62
Россия жакынкы чет өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүүгө умтулабы? Аталган мамлекет дүйнөнүн булуң-бурчунан мекендештерин топтоп, VII дүйнөлүк конгресс өткөрдү.

Данара Курманова

Москвада өткөн бул иш-чарага 100 мамлекеттен, анын ичинен жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялык мекендештерден жалпы 400 делегат катышты.

Постсоветтик өлкөлөрдөгү россиялыктар кандай жеңилдиктерди алышат, россиялык окуу жайларга квоталар дагы канчага көбөйтүлөт? Эмнеге Россия бөлөк улуттардын өкүлдөрүн да мекендеш санайт? Булар туурасында Sputnik агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Россия өз мекендештеринин катары бир нече топтогу адамдарды: Россиянын чегинен тыш жашаган жарандары, аталган өлкө аймагында жашагандардын урпактары, ошондой эле тарыхый жактан РФ территориясында жашаган калктын өкүлдөрүн кошот.

"Россия — көп улуттуу жана көп конфессиялуу өлкө, — деди россиялык мекендештердин VII дүйнөлүк конгрессин ачкан РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров. — Эл, маданият жана диндерди жанаша жашатуу тажрыйбабыз өзгөчө".

Ар кыл дин жана маданият өкүлдөрүнүн бардыгынын башын кошкон башат орус тили экенин билдирди Лавров.

РФ Федерациялар кеңешинин спикери Валентина Матвиенко да конгресстеги сөзүндө катышуучулардын улутуна эмес, тилге басым жасады.

"Пандемиянын эң катаал маалында сиздер оор акыбалга кабылган жарандарыбызга кол сунуп, жардамдаштыңыздар. Сиздерге таянууга болот", - деп кайрылды Матвиенко жакынкы чет өлкөлөрдүн тургундарына. Ошондой эле "көп улуттуу дүйнөнү" түзүп турган дал ошолор экенин кошумчалады.

Тоскоолдуктарды азайтуу

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров белгилегендей, соңку 20 жылда Россия мекендештери менен "негизги милдетти – көп улуттуу орус дүйнөсүн түптөөнү" жүзөгө ашыра алды. Анын пикиринде, буга көбүнесе россиялык мекендештердин укук жана кызыкчылыктарын коргоо жөнүндөгү жобонун РФ Конституциясына киргизилиши өбөлгө болду.

"Бул укуктук нормалар тагдырдын жазмышы менен мекенинен бөлөк жерди байырлап калгандарга карата мамлекеттик саясатты жакшыртууга жол ачат", - деп белгилейт Лавров.

Мекендештери менен байма-бай жолугушуулар россиялык бийликке РФ жарандыгын алуу жол-жобосун жеңилдетүүгө көмөкчү болгонун айтат Россия Ички иштер министрлигинин алдындагы Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Валентина Казакова.

"Үч жыл аралыгында бир топ иш аткарылды, — дейт Казакова. – Азыр өз жарандыгынан чыкканын тастыктоонун зарылдыгы жок. Казакстан, Молдова, Беларусь жана Украинада жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандыкка ээ боло алышат".

Быйыл май айында Россиянын сырттагы мекендештерин көчүрүү боюнча мамлекеттик программасынын миллионунчу катышуучусу болуп казакстандык жаран аныкталганын маалымдайт Валентина Казакова.

"Кесиби медик, абдан мыкты жигит. Пандемия башталган күндөн тарта "кызыл" зонада иштеп, биздин жарандарга илдетти жеңүүгө жардамдашты, - деп баяндайт ал. – Бүгүнкү күндө Россия аймагында 7 млн. чет өлкөлүк бар, алардын көпчүлүгү – биздин мекендештер. Ички иштер министрлиги алардын РФ жарандыгын алууга жолтоо болгон административдик тоскоолдуктарды азайтууну өз милдети катары санайт".

Квоталар көбөйтүлөт

Сырттагы россиялыктардын биринчи толкуну — Советтер Союзу ыдыраганын көрүп калган адамдар. Бирок ушул тапта Россия жаш муунга да чоң көңүл бөлүүгө тийиш деп эсептейт РФ Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий.

"1989-90-жылдары дүйнөдө 350 миллиондон ашуун адам орус тилинде сүйлөчү. Азыр 270 миллион, — дейт ал. — 30 жылда, тарыхый масштабдагы бул арзыбаган мезгил бөлүгүндө, 80 миллионго азайган! Жакында эле Бишкекте Чехов атындагы мектеп ачылса, бир топ өлкөлөрдө жүздөгөн мектеп жабылды. Ошондуктан билим берүү — биз үчүн маанилүү милдет".

Келерки жылы Россия 5 мектепти пайдаланууга берет. Ар бири 1200дүн тегерегинде окуучу кабыл аларын РФ агартуу министринин орун басары Андрей Корнеев билдирди.

Анын айтымында, Россия жаңы форматтагы мектептерди түзөт, аларда россиялык стандарттарда окутулганы менен улуттук компоненттерге (улуттук тил жана тарыхты окутуу) интеграцияланган. Мындай мектептердин бири Түркмөнстанда бар. Дагы 9 билим уясын Кыргызстанда ачуу пландалган.

Россия мектептердин санын гана арттырбастан, өз университеттеринде акысыз билим берүү үчүн квоталык орундардын санын да көбөйтүп жатканын кошумчалайт РФтин илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Дмитрий Афанасьев.

Келерки окуу жылында квоталардын саны 23 миң орунду түзөт, ал эми 2023-жылы – 30 миңге чыгат.

"17 өлкөдө россиялык жогорку билим берүү мекемелеринин 40 филиалы бар, - дейт Афанасьев. – Аларда жалпы 17 миң студент окуйт. Ал эми Армения, Тажикстан, Кыргызстан жана Беларуста эки жакка баш ийген уюмдар (Россия да, жайгашкан мамлекет тарабынан да көзөмөлдөнгөн славян университеттери – Sputnik ред.) иштейт".

62
Белгилер:
Россия, конгресс, мекендештер, СССР, мектеп, орус тили
Тема боюнча
Лавров: Россия союздаш мамлекеттерге орус тилдүү мектептерди ачууга кызыкдар
Методист: Россияда мигранттардын балдары орус тилин 2-3 жылда өздөштүрөт
АКШ долларынын белгиси. Архив

Россияда доллар жайдан бери алгачкы жолу 71 рублге түштү

64
(жаңыланган 14:51 16.10.2021)
Нефтинин кымбаттаганына байланыштуу Россия акчасынын наркы көтөрүлүп бара жатат. Учурда Brent үлгүсү 1,1 пайызга кымбаттап, баасы 84,7 долларга жетти.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Доллардын курсу июль айынан бери алгачкы ирет 70,99 рублге түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Нефтинин кымбаттаганына байланыштуу Россия акчасынын наркы көтөрүлүп бара жатат. Учурда Brent үлгүсүндөгү баасы 1,1 пайызга кымбаттап, 84,7 долларга жетти.

15-октябрь күнү доллар 59 тыйынга арзандады. Аналитиктердин айтымында, рублдин баасынын көтөрүлүп жатканына күйүүчү майдын кымбатташы жана QE программасынын алкагында чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алуунун көлөмүнүн азайышы себеп болууда.

QE — Улуттук банктын өлкө экономикасына колдоо көрсөтүү максатында жасаган иш-аракеттер жыйындысы.

64
Белгилер:
Россия, доллар, рубль
Тема боюнча
Сегиз айда Кыргызстандан 335 млн. доллардан көп акча сыртка чыкты
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив

Батыш карызын төлөөдөн баш тартууда. Талибдерди таануу керекпи же жокпу?

0
Афганистанга арналган саммитке Россия менен Кытайдын катышпаганы жөн жерден эмес. Эки өлкөнүн афган көйгөйүнө мамилеси да, көз карашы да таптакыр бөлөк.

"Ири жыйырмалыктын" Афганистанга арналган саммитинде батыш лидерлери өлкө кыйроо, ачарчылык, башаламандыктын босогосунда турганын айтып жатышты. Бечара афгандыктарга гуманитардык жардам көрсөтүп, "мамлекеттик коллапска" жол бербөө керектигин, болбосо чектеш мамлекеттерге миграциялык агым күчөп, мунун кесепети оор болору тууралуу сөздөр айтылды. Кырдаал кандай нукка багыт алганын Петр Акопов талдап, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Жардам берсин, бериши керек, анын үстүнө Афганистанды 20 жыл мурун дал ушул Батыш басып алган, аскерин чыгарып кеткенден кийинки кырдаал ушулардын жоопкерчилигинде.

Мына ушул жерден театр башталды: Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо "талибдерге акча карматпай туруп өлкөнү каржылоонун механизмин табууга" чакырды. Келгиле, бийлигин көзгө илбей элине жардам берели таризде. Муну акыл-эсти жана афгандыктарды шылдыңдоо катары гана кабыл алуудан башка айла жок.

Батыш жардамды БУУ структуралары аркылуу берүүнө сунуштап, Афганистандагы иштин баарын БУУ координацияласа деп турат. Бирок өлкө бийлигин тааныбаса бир дагы эл аралык уюм аймакта иштей албайт, башкача айтканда, кандай болгон күндө да реалдуулукту кабыл алып, талибдердин өкмөтүн тааныш керек.

Афганистан чет элдик көмөксүз жашап кете алабы? АКШ түзгөн өкмөт америкалыктардын айдагы менен болуп тим калбастан, ошолордун акчасы менен жан багып келди (баңгизат тарифигинен негизги кирешени ким алып келгенин айтпай эле коелу), мамлекеттик чыгымдын төрттөн үч бөлүгү чет элдик жардамдын эсебинен каржыланып келген. Ганинин өкмөтү кулатылып, америкалыктар менен иштешкен жүз миң афгандык өлкөдөн качып кеткенден кийин ансыз да араң жан турган банк системасы кыйрап түштү. Өз алдынчалуу мамлекеттик институттар менен бирге эле азыр экономиканы да кайра куруу зарыл, буга сөзсүз жардам керек. Биримдиктүү, күчтүү, көз карандысыз Афганистанга кызыкдар тараптардын жардамы зарыл.

Ал эми Батыш эмне кылып жатат? Кошмо Штаттар Афганистанга тиешелүү 9,5 миллиард долларды тоңдуруп салып, эми Евробиримдиктин миллиард, АКШнын 300 миллион доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамын берүү үчүн Кабулга шарт коюуда. Өз эркин афгандыктарга таңуулап көнгөн Батыш 20 жылдык оккупацияда жеңилген соң да жаңы улуттук бийликке талап коюудан баш тарта албай келет. Башкача айтканда, афгандыктардын кыжырын кайнаткан, талибдерди бийликке кайтарган нерсени кайталап жатат.

"Эл аралык коомчулук афган элине далысын салып, кайдыгер боло албайт", — деди Түркия президенти Эрдоган. Эгер качкындардын агымынан кооптонбосо, Батыш кайдыгер болуп эле коймок. Андыктан Афганистанды унутта калтырып же таптакыр изоляциялап салууга болбойт, кандайдыр бир реакция жасоого мажбур.

Эң ынанымдуусу — жаңы өкмөттү таанып, санкцияларды жоюп, акчаны "бошотуп", көмөк көрсөтүп, чет элдик (биринчи кезекте исламдык) инвестицияларга тоскоол болбой ар кыл эл аралык долбоорлорго кошулууга жардам көрсөтүү. Жок, тилекке каршы, мындай болгон жок. Анын ордуна талибдерден ИМ* сыяктуу уюмдарга каршы күрөшүүдөн (ансыз деле күрөшүп жатышат) тышкары, адамдын ар кыл укугун сактоо (аялдардын укугу, өлкөдөн чыгуу укугу ж.б.) жана тышкы күчтөрдү канааттандырган өкмөт түзүүнү (курамына улуттук азчылыкты камтыган) талап кылып, опузалап жатат.

Талибдер ИМ менен күрөшүүдөн да, аялдардын укугун таануудан (шариятка каршы келбегенин) да, болочок өкмөткө өзбектерди, тажиктерди, хазарийлерди кошуудан да баш тарткан жок, бирок муну алар бирөөнүн айдагы, таасири менен эмес, өздөрү жасагысы келип жатат. Талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Амир Хан Муттаки билдиргендей, "Афганистан Ислам Эмирлиги ушул кезге чейин ИМ көйгөйүн ийгиликтүү чечип келген", бирок талибдерге жасалган эл аралык кысым ИМ террорчуларын шыкактап жатат, демек, "дүйнө басым жасоонун ордуна биз менен кызматташуусу керек".

Чынында ушу тапта чет жактын өкүмзорлугу таптакыр тескери жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.

Талибдер алардын мыйзамдуу бийлик катары кабыл алынбай жатканын, биринчи ирет бийликке келген 1996-2001-жылдардагыдай эле көз жаздымда калтырып, дүйнөлүк аренага чыгарбай жатканын көрөт. Анан өзү менен өзү болуп, дүйнөлүк коомчулукка чыга албай турганына көзү жетет да, "бул каапырлардан башка эмнени күтүп болмок эле" деп тышкы дүйнөгө артын салат.

Дагы жакшы, аалам Батыш менен бүтүп калбайт, Афганистан бүгүн таптакыр башка күчтөрдүн жоопкерчилигинде. "Ири жыйырмалыктын" ушул өлкөгө арналган саммитине Россия менен Кытай лидерлеринин катышпаганы да да жөн жерден эмес, алардын буга көз карашы да, мамилеси да таптакыр башка.

Мында кеп Москва менен Пекиндин Батышка улам-улам Афганистанга "карыз" экенин, өлкөнү калыбына келтирүүгө милдеттүү экенин эскертип жатканында деле эмес. Атлантисттерге Афганистандын мышык ыйлаарлык абалы үчүн жоопкер экенин эстетип туруу бул саясий-пропагандалык позиция экени түшүнүктүү. Чынында орустар да, кытайлар да Батыш аталган өлкөгө инвестиция салып жиберет деп ишенбейт. Афганистанды калыбына келтирүү үчүн Азиянын өзүндө деле акча жетиштүү, бул биринчи кезекте Аравия менен Кытайдын каражаты. Бирок бул акча келиши үчүн, Афганистанды дааналап дүйнөлүк экономикага кошуу үчүн (азырынча баңгизат бизнесинде гана бар) талибдердин өкмөтүн таанып, өлкөнү калыбына келтирүүгө кызыкдар мамлекеттерди ишке тартуу керек.

Мындан улам кийинки жумада Афганистан боюнча Москва форматындагы жолугушуу өтөт. Сергей Лавров бул сүйлөшүүнү өлкөнү калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференцияга жасалган кадам деп баалоодо. Иш-чаранын зарылдыгын баары белгилеп жатышат, бирок саммитти афган өкмөтү жок өткөрүү эч пайдасыз. Андыктан талибдерден өкүлдөр чакырылып, эң негизгиси, жолугушууга туура тараптар келмей болду. "Москва форматы" өзүнө Россиядан тышкары Афганистандын бардык коңшуларын: Борбор Азия мамлекеттерин, Иран, Пакистан, Кытай жана Индияны камтыйт. АКШнын да келиши күтүлүүдө, бирок жогорудагы курамда чоочун койдой эле болуп калчудай.

Анткени Америкадан башкасынын баары ШКУга — Азия коопсуздугу боюнча азиялык уюмга мүчө. Кабул бийлиги жакын коңшулары, Афганистандын тынчып жай турмушка келүүсүн чындап каалаган өлкө өкүлдөрү менен баарлашат. Алар жаңы согуш чыгарып жиберели деп куйтуланбайт, теңине албай керсейбейт. Реалдуулук кандай болсо, ошондой кабыл алат. Ушунусу менен артык.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

0
Белгилер:
Афганистан, бийлик, саясат, АКШ, Россия, Борбордук Азия, саммит, мамлекет, согуш
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
G20 уюму: Афганистанга гуманитардык жардам берүүгө мажбур болуп турабыз