Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт

Американын учагына жармашып, кулап өлгөн афгандыктар. Россиянын ТИМи үн катты

408
(жаңыланган 11:14 17.08.2021)
Буга чейин афгандык ЖМКлар Кабул аэропортунда Американын транспорттук учагынан адамдар жерге кулаган кадрларды чыгарышкан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кабулдун аба майданынан кетип калган америкалык аскерлердин аракети тууралуу оюн билдирди.

"Россия 24" телеканалынын эфиринде Захарова Американын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Жон Кирби "учактарга жармашкан афгандыктар аба транспорту көтөрүлгөндө кулаганы чынбы?" деген суроого АКШ бул маалыматты тастыктай албастыгын айтканын белгилеген.

"Демейде орустардын "хакерлери" тууралуу ийне-жибине чейин билген АКШ өз учагынын канатында жана шассисинде эмне болгону тууралуу айта албайбы? Андай учактар байкоо жүргүзүүнүн бардык түрлөрү менен жабдылган", — деди Захарова.

Ал Америка адам укуктары темасына дайыма тынчсызданып келерин билдирген.

"Вашингтон адам укуктары тууралуу толгон-токой доклад, сунуш, мониторинг тууралуу кеп кылганда биздин оюбузга ар дайым Кабул аба майданындагы окуялар эске түшсө керек", — деген Захарова.

Кечээ социалдык тармактарда Афганистандын борбору Кабулдагы аэропортто эл дүрбөлөң түшүп, учакка жармашкан видео тараган. Айрымдары учак көтөрүлгөндө кулап түшкөн. Ошондой эле афгандыктар учуу тилкесине кирип келишкенде Американын аскерлери асманга ок чыгарып артка кайтарган. ЖМКлар бул башаламандыкта 10 киши каза болгонун божомолдоду.

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

408
Белгилер:
Афганистан, АКШ, Россия, ТИМ, Мария Захарова, учак, аба майданы
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (257)
Тема боюнча
Кабулдун аэропортундагы башаламандык. ЖМК канча адам набыт болгонун жазды
Элчи Афганистандагы кыргызстандыктар менен Памир кыргыздары тууралуу маалымат берди
Өзбекстан мажбурлап кондурулган афган учактары тууралуу маалыматын өчүрдү
Аял китеп окуу учурунда. Иллюстративдик сүрөт

Дарыгер күздөгү уйку басууну кантип жеңсе болорун айтып берди

60
(жаңыланган 11:01 18.10.2021)
Сомнолог беймаал уйкусуроодон кандай учурда өз алдынча кутулса болорун, кайсы мезгилде дарыгерге кайрылуу зарыл экенин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Күз канчалык жаанчыл болуп, күн бүркөлүп турса адамды ошончолук уйку басат. Мындай абалды жеңүүнүн жолдорун сомнолог Михаил Полуэктов Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

Дарыгердин пикиринде, түнкү уйкудан калып же ооруп жатпаган учурда уйкуңуз келсе, бир чыны кофе эң сонун жардам берет.

"Кофеин уйкуну ачарын баарыбыз жакшы билебиз. Ал адамдардын гана эмес, чычкандардын, курт-кумурскалардын жана балыктардын уйкусун ача алат. Эгер бир нече күн катары менен күндүз уйку басса, демек, уктоо режимин бир аз өзгөртүү керек. Жок дегенде мурдагыдан 1-2 саат көбүрөөк уктаганга аракет кылыңыз", — деди дарыгер.

Ал эми көп уктап, ойдогудай эс алган учурда дагы уйку канбаса, анда дарыгерге кайрылуу зарыл. Анткени бул күздө курчуй турган психологиялык оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Мисалы, депрессияга күзүндө жер жүзүндөгү адамдардын 10 пайыздан ашыгы кабылат. Бул илдет көпчүлүк учурда адамдын алын кетирип, уйкусун келтирет.

60
Белгилер:
күз, уйку, ден соолук, дарыгер
Тема боюнча
Күздө иммунитетке кантип кам көрүү керек. Эндокринологдун кеңеши
Дарыгер. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда 120дан ашуун медик россиялык адистердин вебинарына катышууда

28
(жаңыланган 10:23 18.10.2021)
Вебинар ноябрдын ортосуна чейин уланат. Анда өзгөчө көңүл алыскы райондордогу медиктердин иш тажрыйбасын жогорулатууга бурулмакчы.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 120дан ашуун дарыгер Россиядагы адистердин вирустук гепатитти дарылоо боюнча вебинарына катышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. 

12-октябрда башталган вебинар 13-ноябрда аяктайт. Ага өлкөдөгү инфекционист, гепатолог, үй-бүлө дарыгерлери катышат. Өзгөчө көңүл алыскы райондордогу медиктердин иш тажрыйбасын жогорулатууга бурулмакчы.

Лекцияны Москва облусундагы Илим-изилдөө клиникалык институтунун гепатология бөлүмүнүн улук кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты Наталья Воронкова менен H-Clinic университеттик клиникасынын дарылоо боюнча консультанты Роман Ледков окумакчы.

Вебинарды "Гепатитке жол жок" коомдук бирикмесинин жетекчиси жана координатору, активист Нургазы Батырбеков демилгелеп, Ден соолук, укук, гендер жана сексуалдык ар түрдүүлүк боюнча Евразия коалициясы техникалык колдоо көрсөткөн.

28
Белгилер:
Кыргызстан, дарыгер, гепатит, вебинар
Тема боюнча
Медик: коронавирустан ооруп айыккандарга шиш така кийүү кооптуу
Эртең менен эмне кылбаш керек? Медик ден соолукка зыян адаттарды атады
Аскерлер Улуу Ата Мекендик согуш учурунда. Архив

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз кеткендерди издеген топтун ат көтөргүс иши

0
(жаңыланган 12:35 18.10.2021)
Жоокер Матяшовдун Бишкек шаарында жашаган небересине чоң атасы курман болгон деп болжолдуу аныкталган жердин топурагы жана сүрөттөрү тапшырылды.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Өткөн ишемби күнү Аламүдүн районуна караган Ленинское айылындагы Маданият үйүндө "Биздин Жеңиш – Наша Победа" деп аталган издөө тобу жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү.

Алардын жетекчиси Татьяна Владимирова Россиядагы дал ушундай топ менен өз ара кызматташып иш алып барышарын, достугун баяндаган. Калуга облусундагы Барятин районунда август айында өткөн издөө боюнча эл аралык экспедицияга катышкандыгы маанилүү иштердин бири болгондугун билдирди. Иш-чарага келгендерди издөө отрядынын командири Екатерина Дятлова тосуп алды.

Сахнанын алдында эң баалуу артефактылар — "Биздин Жеңиш – Наша Победа" тобу Россиядагы саздардан, токойлордон тапкан Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кызыл Армиянын жоокерлеринин жеке буюмдары турду. Ал эми столдо дайынсыз кеткен жоокерлерди издеп табууда талбаган эмгек, көп мээнет жумшап иштеген издөөчүлөргө тапшырылган грамоталар, дипломдор тизилген.

Иш-чаранын башында Владимирова Эл аралык издөө экспедициясына катышкан учурларды баяндап берди. Анда соң кийинки муундарга "Биздин Жеңиш – Наша Победа" жасаган иштер, "Западный фронт. Варшавское шоссе. Нам доверена память..." ролиги да көрсөтүлдү.

Аталган топ согушта курман болгондордун элесин сактап калуу, мекендин эркиндиги үчүн баскынчылардын Ата Журтубузга ээлик кылуусунан коргоп, кан-жанын аябай салгылашкан аталар, апалар туурасында тарыхты аяр сактап, маанисин жоготпой кийинки муундарга жеткирүү жаатында ат көтөргүс иш жасап келет.

Иш-чарада "Зайцева Гора" даректүү фильминен үзүндү көрсөтүлдү. Анда 385-аткычтар дивизиясынын душман менен айыгыша кармашканы айтылган. Ошол жоокерлердин арасында кыргызстандык Дмитрий Матяшов да болгон. Маалыматтарга караганда, ал ошол кандуу кармашта курман болгон. Издөөчүлөр каарман жоокердин туугандарын таап, 1942-жылдын 19-январында кызы менен жубайына жазган акыркы катын беришти. Фильмден соң Матяшовдун Бишкекте жашаган небересине чоң атасы курман болгон деп болжолдуу аныкталган жердин топурагы жана сүрөттөрү тапшырылды. Залда отургандардын көз алдына кызыл армиячылар өмүрүн аябай, улам тиштенип, улам кайраттанып немецтик баскынчылар менен салгылашып жаткан ирмемдери, айтып бүткүс эрдиктери, жоокерлердин согуш соолуткан өмүрү, жакындарынын азаптуу кайгысы бир ирмемге тартылды.

Владимирова жоокер Дмитрий Матяштын атын түбөлүккө калтыруу үчүн Россиянын Коргоо министрлигинин борбордук архивиндеги докуметтерди изилдеп, карап чыгуу боюнча чоң иштер тургандыгын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда издөө тобундагы активдүүлүгү менен айырмаланган Ленинское айылынын улан-кыздарына сертификаттар тапшырылды. Андан сырткары, өзгөчө сертификат дагы төрт катышуучуга ыйгарылган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Аламүдүн району, Улуу Ата Мекендик согуш, 'Биздин Жеңиш' издөө тобу
Тема боюнча
СССР менен Германиянын согуштагы ролу ар башка! Путин өзгөчө мыйзамга кол койду