РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архивдик сүрөт

Лавров: Россия Борбор Азияда АКШ аскерлеринин болушун каалабайт

164
(жаңыланган 12:59 25.08.2021)
Лавровдун пикиринде, АКШ өз аскерлерин Афганистандан чыгарып, коңшу өлкөлөргө жайгаштырууну максат кылган. Тагыраагы, Афганистан "кыр көрсөтө турган болсо", ага сырттан туруп сокку урган ыңгайлуу болмок.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия Борбор Азияда америкалык аскерлердин болушун каалабасын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Менден Wall Street Journal басылмасынын кабарчылары "Россия Борбор Азияда АКШлык аскерлердин болушун каалайбы?" деп сурашты. Жок, биз муну каалабайбыз. Биринчиден, бул өлкөлөр менен биздин коопсуздук боюнча жалпы аймагыбыз бар. Ал жерде так милдеттер каралган. Мисалы, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун шарттары боюнча, бул аймакка башка өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү жайгашуусу үчүн баарыбыздын макулдугубуз керек", — деди Лавров.

Министрдин пикиринде, АКШ өз аскерлерин Афганистандан чыгарып, коңшу өлкөлөргө жайгаштырууну максат кылган. Тагыраагы, Афганистан "кыр көрсөтө турган болсо", ага сырттан туруп сокку урган ыңгайлуу болмок.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Адам Шифф Америка аскерлерин Афганистандан эвакуациялоо иштерин 31-августка чейин аяктай турганынан күмөн санап, алардын миссиясы узартылары боюнча пикирин айтты.

АКШлык ЖМКлар дагы президент Жо Байден өз аскерлеринин Афганистандагы мөөнөтүн жакынкы күндөрү узартарын божомолдоп жатышат. Эске салсак, Байден АКШлык аскерлер Американын акыркы жаранын алып чыкмайынча Афганистанда кала турганын убадалаган.

Лавров мындай окуялардан кийин Борбор Азия мамлекеттери АКШнын Афганистандан чыккан аскерлерин өз аймагына жайгаштырууга макул болорунан күмөн санаарын кошумчалады

"Борбор Азияда болобу же дүйнөнүн башка өлкөлөрүбү, Афганистандагы окуядан кийин өз аймагына АКШнын куралдуу күчтөрүн киргизгиси келеринен күмөнүм бар. Ким эле Американын максаты ишке ашуусу үчүн бута болгусу келсин?" — деди ал.

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Өткөн жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панжшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

164
Белгилер:
Россия, Афганистан, АКШ, Сергей Лавров
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (217)
Тема боюнча
Мирзиёев конок болду. Жапаров Афганистан боюнча абалды талкуулады
Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу өтөт
Москвадагы шайлоо участогунда урна

Россияда Мамдума шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы чыкты

104
(жаңыланган 11:18 20.09.2021)
Протоколдордун 59,36 пайызы иштелип чыккан. Партиялык тизме менен беш, бир мандаттуу округдан тогуз партия мандатка жетти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча "Единая Россия" партиясы добуштардын 47,11 пайызын алып алдыда бара жатат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Соңку маалымат боюнча протоколдордун 59,36 пайызы иштелип чыккан. Партиялык тизме менен беш пайыздык босого чектен өткөн саясий уюмдар төмөнкүлөр:

  • "Единая Россия" — 47,11 пайыз;
  • КПРФ — 20,93;
  • ЛДПР — 7,91;
  • "Справедливая Россия — За правду" — 7,54;
  • "Новые люди" — 5,78.

Ал эми бир мандаттуу округдан тогуз партиянын өкүлдөрү мандатка жетери күтүлүүдө:

  • "Единая Россия" — 188;
  • КПРФ — 15;
  • "Справедливая Россия — За правду" — 6;
  • "Самовыдвиженцы" — 5;
  • ЛДПР — 1;
  • "Яблоко" — 1;
  • "Гражданская платформа" — 1;
  • "Коммунисты Россия" — 1;
  • "Родина" — 1.

Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо регионалдык жана муниципалдык деңгээлде 17-сентябрдан 19уна чейин өттү. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.

104
Белгилер:
Россия, Мамлекеттик Дума, саясый партия, шайлоо, депутат
Тема боюнча
Бишкекте россиялыктар Мамдуманын депутаттарын шайлоодо. Видео
Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды
Мамдумага шайлоодо добуш берүү. Архивдик сүрөт

Мамдумага шайлоо кандай өтүп жатат? Эл аралык байкоочулардын билдирүүсү

96
(жаңыланган 23:59 19.09.2021)
ЕККУнун байкоочуларды Россияга жөнөтүүдөн баш тартканы эмнеден кабар берерин Парламенттер аралык ассамблеянын мүчөлөрү Sputnik агенттигиндеги экслюзивдүү маегинде түшүндүрүп беришкен.

Россияда Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Биринчи жолу онлайн добуш берүүгө шарт түзүлүп, шайлоо үч күнгө созулду.

Россиялык шайлоо форматы жалпы КМШ үчүн тенденция болобу? Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочуларды жөнөтпөй койгону шайлоо процессине таасирин тийгизеби жана Европарламенттин Мамдума шайлоосунун жыйынтыктары боюнча билдирүүсүн кандай бааласа болот? Бул маселелер боюнча "Sputnik орусча" YouTube-каналына Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасынын орун басары, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар тобунун координатору Аскар Шакиров жана КМШнын Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин катчылыгынын төрагасынын орун басары, демократияны өнүктүрүү эл аралык институтунун директору Иван Мушкет ой бөлүштү.

Кеп пандемияда гана эмес

Аскар Шакировдун пикири боюнча, азыркы шайлоо пандемиядан улам өзгөчө шартта өтүүдө жана Россия жарандарынын коопсуздугу үчүн тийиштүү бардык чараларды көрүлдү.

"Биз барган шайлоо участкалары толук жабдылып, карантиндик талаптарды сакташууда. Байкоочуларга сурамжылоо да жүргүздүк, санитайзер сыяктуу коргонуучу каражаттар бар. Кире бериштен шайлоочулардын гана эмес, журналисттер менен эл аралык байкоочулардын дене табы текшерилип турду", — деди ал.

Белгилей кетчү жагдай, Россия электрондук добуш берүү жөнүндөгү мыйзамдын үстүндө пандемияга чейин эле иштей баштаган. Аскар Шакировдун айтымында, бул нерсе баарынан да шайлоо өнөктүгүн жакшыртууга багытталган. "Дистанциондук форматты бир гана пандемия менен байланыштырбай башка көз караш менен дагы кароо керек", — деп билдирген.

Ал белгилегендей, онлайн добуш берүү кары-картаңдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана өлкөнүн тышында жүргөндөргө өтө ыңгайлуу нерсе. Инфраструктура талаптарга жооп берери жана электрондук бюллетендер бузулбай иштегени да белгиленди.

Мамдума шайлоосуна 14 саясий партия катышууда. Иван Мушкеттин айтымында, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын мүчөлөрү партиялардын өкүлдөрү менен жолугуп чыккан. "Биз аларга шайлоого карата даярдыктарга кандай баа беришерин сурадык. Биздин отчёттор чоң, масштабдуу иштер жасалганын көрсөтүп турат".

Электрондук добуш берүү — КМШнын келечектеги трендиби?

Аскар Шакиров электрондук добуш берүү практикасына алгач россиялыктар өздөрү баа бериши керектигин айтты. "Бирок мен жалпы биздин топтун оюн айтып коёюн, бул тажрыйба изилдөөгө татыктуу", — деди ал.

Адис ошондой эле санариптештирүү Россияда гана эмес, башка мамлекеттерде дагы өнүгүп жатканын кошумчалады. "Биз эбак эле маалыматтык коомчулукта жашап келе жатабыз жана анын өз чакырыктары бар. Буга байланыштуу түрдүү технологияларды өнүктүрүүдөбүз", деген Шакиров Молдованы мисал кылды: "Быйыл биз "Санариптештирүү жана шайлоо" деген монография даярдап, бул өлкөдөгү заманбап технологиялардын өнүгүшүн изилдедик. Мындан тышкары, санариптик технологиялар Кыргызстанда дагы өнүккөн".

Мушкет калк арасында электрондук добуш берүүгө ишенбегендер дагы бар экенин моюнга алуу керектигин айтты. "Элдин ою боюнча бюллетенди урнага салуу бул башка нерсе. Бирок добушту баары бир машина санайт эмеспи? Буга байланыштуу аралыктан добуш берүү өнүгө берет жана КМШ мамлекеттерине стимул болмокчу. Бирок бул процесс тез ишке ашып, эртең эле элдер онлайн добуш бере баштайт деп айта албайм. Кээ бирлер электрондук жабдыктарды жакшы түшүнбөйт, ошондуктан калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болот".

Эмне үчүн добуш берүүгө үч күн керек?

Думанын депутаттарын шайлоого берилген үч күн убакыт да кеңири талкуу жаратпай койгон жок. Бирок Аскар Шакиров мында каршы боло турчу эч нерсе жок деп эсептейт.

"Бул убакыт аралыгында көп адамды камтыса болот. Адамдардын укугун коргош керек деген кептин түбүндө бир дагы адамды көңүл сыртында калтырбаш керек деген ой жатат. Ал эми ойду эркин билдирүү укугу да адам укуктары боюнча иштин субъектиси болуп саналат", — деген ал.

Иван Мушкет да Шакировдун пикирине кошулат.

"Күн аралыгы заматта добуш бериш керек деген милдеттен арылтат. Себеби, кээ бирлер так ошол күнү жетишпей калышы мүмкүн же болбосо дагы ойлонуп көргүсү келет. Жаран үч күндүн ичинде сөзсүз түрдө добуш берүүгө убакыт табат, ошондуктан менин оюмча, бул натыйжалуу жана жакшы ойлонуп киргизилген нерсе", — деген Мушкет.

Аскар Шакиров үч күндүн ичинде шайлоочулар депутаттыкка талапкерлер тууралуу маалымат менен да тааныша аларын билдирди.

"Маалыматтар болушунча жеткиликтүү, бул нерсе мени кубантты. Талапкерлердин бири мурда соттолгонун дагы көрсөтүптүр. Менин байкашымча бул шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган. Биринчиден, катышуучулардын көрсөткүчү маанилүү. Кечээ Москванын Басманный районундагы шайлоо тилкесине барганбыз, шайлоочулардын үчтөн биринен көбү саат 11:30га чейин добуш беришиптир. Бүгүн Москвага композиторлор үйүнө бардык, ал жакта дээрлик жарымы добуш берип бүтүптүр"

Батыштын ыксыз билдирүүлөрү

КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан айырмаланып ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Россияга байкоочуларды жиберүүдөн баш тартты. Аскар Шакировдун айтымында, бул чечим өкүнүч жаратат.

"Шайлоо — бул бир гана өткөрүү процессин көзөмөлдөө эмес. Ал пикир алмашуу жана башка өлкөлөр үчүн пайдалуу сунуштарды иштеп чыгуу. Байкоочулардын өкүлү катары мен эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган жок деп айта алам. Биз жалпы таанылган нормаларга таянабыз. Тагыраагы, КМШдагы демократиялык шайлоолордун стандарттары жөнүндө Конвенцияга (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердеги демократиялык шайлоолордун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө конвенция — ред.) таянабыз".

Иван Мушкет билдиргендей, шайлоо процесстерине мурда жүргүзүлгөн мониторинг учурунда КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы европалык өнөктөштөр менен пикир алмашып, диалог курган. "Алар чакырылган жок, анан өздөрү да келишкен жок — бул алардын чечими, бирок дагы бир маанилүү жагдай бар. Демократияны ар дайым кеп кылган уюм шайлоонун кандай өтүп жатканын көрүп кетсе болмок".

Мушкет кээ бир уюмдар шашылып билдирүү жасап жатканын белгиледи. Ал муну менен Европа биримдигине мүчө мамлекеттерди Мамдуманын шайлоосунун жыйынтыктарын тааныбоого даяр болууга чакырган Европарламентти мисал кылды.

"Жерине келип анан тыянак чыгарыш керек. Антпесе этикага жатпай калат. Саясатчылардын көбү муну айтып жатат, биздин топ да өз пикирлери менен бөлүшүүдө. Мен дагы бул нерсени кабыл алынгыс деп ойлойм", — деп ал сөзүн жыйынтыктады.

96
Белгилер:
Россия, Мамлекеттик Дума, парламент, шайлоо, байкоочу
Тема боюнча
Ош шаарында РФ жарандары Мамдума шайлоосуна добуш берип жатат. Сүрөт
Мамдума шайлоосуна 7,5 миң адам видеокөзөмөл аркылуу байкоо салууда

"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео

0
(жаңыланган 12:24 20.09.2021)
Аралаш мушташ спортун чагылдырган белгилүү ERA MMA интерактивдик журналы Валентина Шевченконун карьерасы тууралуу видео жарыялады.
"Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу. Алардын бири Валентина Шевченко. Ал сүрөттү мыкты тартат, чимириле бийлейт, таамай атат жана бир нече тилде эркин сүйлөйт. Эң негизгиси ал күчтүү мушкер, атаандаштары ага туруштук бере албайт, кайталангыс кармаштары менен өзүнүн атын тарых бетине жаза алды", — деп айтылат видеодо.

Роликте Шевченконун бардык беттештери көрсөтүлгөн. ERA MMA сайты Шевченкону профессионалдык спортто жолу кантип башталып, UFC уюмунун чемпиондук курун кантип багындырганын баяндаган.

Мушкердин кезектеги беттеши 25-сентябрга белгиленген, ал америкалык Лорен Мерфи менен кез келмекчи.

0
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, мушкер, карьера, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко ринг-гёрлз кыздарды жактап, Хабибдин сынына жооп кайтарды
Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин урунттуу учурлары. Видео