Россия улутчулдарды киргизбейт. Мыйзам долбоорунун чоо-жайы

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүРФтин Мамлекеттик Думасынын депутаты Александр Хинштейн
РФтин Мамлекеттик Думасынын депутаты Александр Хинштейн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин мазактоо же фашизмди актоо аракеттери үчүн Россияга кирүүгө тыюу салынарын айтат депутат Александр Хинштейн Sputnik агенттигине курган маегинде.

Россиялык депутаттар расалык же улуттук кастыкты козутууга, орус тилдүү жарандарды кодулаган же Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин мазактаган чет элдиктерге Россия аймагына кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Анын авторлорунун бири РФтин Мамлекеттик Думасынын депутаты Александр Хинштейн. Sputnik агенттигинин кабарчысы Мария Крузеге берген маегинде ал "Россия Федерациясынан чыгуу жана РФке кирүү тартиби жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынып калса, кандайча иштей турганын жана мурдагы СССР өлкөлөрүндө кимдер кастыкты жасалма түрдө козутууга тырышып жатканын айтып берди.

"Эгер адам Россияда болбосо да россиялык мыйзамдарга каралган кылмыш иштерине барган болсо, ал биз үчүн кааланбаган конок", - дейт Хинштейн.

Александр Хинштейн кандай кылмыштарга баргандар Россияга эч качан кире албай турганын да санап берди. "Биринчиден, булар улуттук-диний маселе боюнча, дал расалык, улуттук кастыкты жана чырды козутуу, диний, улуттук, жыныстык жана башка белгилери үчүн мазактоо өңдүү кылмыштар, - дейт депутат, – Ошондой эле биздин эскерүүлөргө байланышкан көрүстөндөрдү, көмүлгөн аскерлерди, мемориалдык комплекстерди кемсинтүү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин абийирине шек келтирген, согуш жылдары Советтер союздун аракеттерин атайын каралаган маалыматтарды таратуу да ушул категорияга кирет". Ошондой эле Россия Нюрнберг жараянынын чечимине каршы жана улутчулдарды колдогон адамдарга да өз каалгасын жабарын кошумчалайт эл өкүлү.

РФке киргизилбей тургандардын тизмесин кимдер түзөт?

Мындай жоруктардын баары ачык жүргүзүлгөн учурда гана бул мыйзам колдонуларын тактайт долбоордун автору Александр Хинштейн.

"Эгер жалпыга маалымдоо каражаттарын, коомдук мейкиндикте интернет түйүнүн пайдалануу менен ушундай жосундарга жол берилсе, бул ошол адамдарды Россия аймагына киргизбөөгө негиз, - дейт депутат. – Ток этерин айтсак, мында позиция жөпжөнөкөй: бизге улутчулдар, ар кыл шовинисттер, экстремист жана фашисттердин кереги жок".

Улутчулдар тууралуу маалыматтар Россиянын Ички иштер министрлигинин миграциялык органдарынын тизмегине киргизилет деп эсептейт Александр Хинштейн.

Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
СССР менен Германиянын согуштагы ролу ар башка! Путин өзгөчө мыйзамга кол койду
"Мындай тизмелер бар. Бул адамдар өлкөдөн чыгарылды. Россия аймагында кылмыш жана административдик кылмыштарга барышкан, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн бузушкан. Бул маалымат базасы ушундай жарандар (улутчулдар – Ред.) менен толукталып турары айкын", - дейт Хинштейн.

Чет өлкөлүк ири саясатчылар менен иш татаалыраак, себеби алардын айрымдары да русофобиялык билдирүүлөрдү жасап келишет.

"Жогорку саясаттын кызыкчылыгы бар, кээде бизге жакпаса да, маселен, талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аргасызбыз. Саясий жана дипломатиялык жетекчиликтин белгилүү бир маневру болушу шарт. Бирок мыйзам кабыл алынып калса, анын талаптары кыйла көп саясий ишмерлерге да тиешелүү. Булар: коомдук ишмерлер, ар кыл деңгээлдеги депутаттар, аткаминерлер", - дейт Александр Хинштейн.

"Адамды көз түзүлүшү үчүн басынткандардын Россияга кереги жок"

"Бирок мында орустардын дарегине кеп айткандардын баарын эле киргизбейт деген ой болбосун, – деп кошумчалайт Александр Хинштейн. – Улутуна карап эле эмес, дегеле адамдарды кемсинтип, мазактоого болбойт. РФке кирүүгө башкаларды, маселен, латыш, литвалыктарды, еврей, поляктарды да ачык мазактагандарга да чектөө коюлат. Каны, көз түзүлүшү, терисинин түсүнө карап кемсинткендердин эч бирине Россияда орун жок".

Ошону менен бирге эле мыйзам долбоору болгон иштин баарына дабаа боло албайт, бул болгону башка өлкөлөрдө да кабыл алынган так жана ачык чаралардын бири экенин билдирет Александр Хинштейн. Россияга бир нече шилтеме менен чектелип калбай тургандай мамлекеттик аракеттердин ири комплекси зарыл. Анткени улутчулдукту жасалма түрдө көбүртүп-жабыртып келишкен, мындай жоруктар дагы уланбай койбостугун айтат россиялык депутат.

"Улутчулдук картасы элди бириндетүүгө, чыңалуу жаратууну самаган жерде пайда болот, - дейт Хинштейн, – Бул айрыкча постсоветтик мейкиндикте кооптуу жана Россия үчүн бул жол берилгис көрүнүш. Биз – эң көп улуттуу жана улуттук, территориялык жана этникалык планда татаал түзүлгөн мамлекетпиз. Тынчтык жана макулдашууга оңой-олтоң жеткен эмеспиз, кандайдыр бир эксперименттерге жол берүүгө даяр эмеспиз".

Депутаттын пикиринде, улуттук жана тил боюнча чагымчылдыктарда бир нече топ катышат, булар – бардык өлкөлөрдө орун алган маргиналдар, Батыш менен биригүүгө умтулган ички шовинисттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле чет жактан кандайдыр аракеттер да жок эмес.

"Россия жана бирдиктүү өткөн тарых менен учур алар үчүн коркунуч келтирет, - деп түшүндүрөт Хинштейн. Батыш менен биротоло кызматташуу үчүн Россиядан кол үзүп, орток тарыхты танат, бириктирип турган орус тилин жана тарыхын чанат".

Акция националистов в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Радикалдарга таянган бийлик, гүлдөгөн улутчулдук. Эгемен Украинанын саясаты
Улутчулдар менен күрөштө сезимдерге алдырбастан катуу болуу зарыл экенин боолголойт Александр Хинштейн. "Өрттү бензин менен өчүрүүгө болбойт, – дейт депутат. – Казакстандагы блогер Куат Ахметов ("Тил майданын" уюштурган, тил күзөтчүлөрүнүн жетекчиси – ред.) камалган соң айып пул төлөп бошотулганы мен үчүн таң калыштуу жана чектен чыккан көрүнүш болду.

Албетте, бөлөк өлкөлөрдүн да суверенитетин, анын ичинде укуктук талаасын биз сыйлоого тийишпиз. Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Борбор Азиядагы кесиптештерибиз менен кеңешкен жокпуз. Бирок алардын бул жаатта топтолгон тажрыйбасы болсо, сөзсүз карап көрөбүз".

Маектин толук вариантын Sputnik агенттигинин YouTube каналынан көрүңүздөр:

Жаңылыктар түрмөгү
0