Элчилик: Россияда кыргызстандыктар тарабынан жасалган кылмыштардын саны өсүүдө

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүРабота полиции УМВД по городу Тамбову
Работа полиции УМВД по городу Тамбову - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Половинко 2021-жылдын 7 айында эле Россиянын борборунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен 916 кылмыш (негизинен адамга каршы) катталганын билдирген.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Москва полициясынын жетекчилиги 2019-жылдан бери Кыргызстандын жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын саны кыйла көбөйгөндүгүн билдирди. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Балдар бала бакчада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
84 миң бала ата-энесинен алыс жашайт... Өкмөт мигранттар маселесин талкуулады
Маалыматка караганда, 24-август күнү Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия ИИМинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын ыкчам иштери боюнча жетекчисинин орун басары Александр Половинка менен жолуккан.

Половинко 2021-жылдын 7 айында эле Россиянын борборунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен 916 кылмыш (негизинен адамга каршы) катталганын билдирген.

"Кыргызстандын жарандары мыйзамсыз аракеттерди көбүнчө өз мекендештерине карата жасашат", - деген ал.

Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Башкы башкармалыгы Кыргызстандын жарандарынын укуктары полиция тарабынан бузулушуна жол бербөөгө даяр экени белгиленген.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен Россиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы Башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара кызматташуу тартиби макулдашылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0