Россиялык крейсери. Архив

"Бир эле ракета жетиштүү". Россиялык флоттун жаңы жабдуусунун дарамети

205
Россиянын Аскер-деңиз флотунун кемелери жана суу түбүндөгү кайыктарынын сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрү арттырылат. Жакында эле РФ Коргоо министрлиги гипер үндүү "Циркондор" боюнча Машина куруу илимий-өнөр жай бирикмеси менен келишим түздү.

Алар РФ флотуна келерки жылы тапшырылары күтүлүүдө. Кемеге каршы гипер үндүү сериялык ракетанын дүйнөдөгү алгачкы карлыгачы жана ага Батыштын реакциясы туурасында РИА Новости сайтына жарыяланган Андрей Коцтун макаласында.

Узап бараткан айдын ортосунда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык командачылыгынын башчысы Чарльз Ричард космостук коргоо боюнча жыл сайын өтүүчү симпозиумда россиялык гипер үндүү технология НАТО үчүн олуттуу чакырык экенин моюнга алды. Анын айтымында, "Циркон" Россиянын Аскер-деңиз флотун деңиздеги болжолдуу куралдуу жаңжалда айныгыс (талашсыз) артыкчылык берет.

"Жердеги жана космостогу датчиктерибиздин азыркы тутуму бул ракеталарды аныктап жана изине байкоо сала албайт, — деп белгилейт Ч. Ричард. — Россия гипер үндүү технологиялар боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкө экенин моюнга алуу абзел. Ал жакта жогорку ыкчамдыкта пландоочу учуучу глайдер аппараттарын иштеп чыгууга бир топ каражат жумшалууда. Эгер биздин коргоо өнөр жай ишканаларыбыз тез арада аларга кантип каршы турууну ойлоп табышпаса, НАТО өлкөлөрүнүн флотторунун кемелери алсызданат".

Батыш аскерлери, саясатчылары, журналисттер "Циркон" жөнүндө тынбай кеп кылышат. Куралдын сыноолору ийгиликтүү өтүшү Түндүк атлантикалык альянсты олуттуу түрдө чочулатат. Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби өзөктүк жабдуу мүмкүнчүлүгү бар россиялык гипер үндүү комплекстерди "кыйла кооптуу, бүлгүн салуучу фактор" деп атаган. Анын пикиринде, Кошмо Штаттарда мындай куралдар өзөктүк эмес вариантта гана иштелип чыгат. Мындай ойду Вашингтондогу Россия элчилиги да кулак сыртынан кетирбеди. Дипломаттар Кирбиге өзөктүк курал бөлүгүсүз гипер үн – албетте жакшы, бирок Россия көңүл бөлүүгө аргасыз болгон маселелер да бар. Мисалга. Европада ракета коё берүүчү орнотмолор жайгаштырылган.

Буга Кремль да үн катты. "Эсиңиздерде болсо, Владимир Путин бул темалар боюнча көп айтып келет, — дейт РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. — Ал соңку он жылдыктарда, ал тургай андан узак мезгил, тилекке каршы, биз стратегиялык коопсуздуктун бардык документтик тутумун баскычтуу бузулушуна кабылып келебиз. Мындан сырткары иш жүзүндө азыркы паритетке зыян келтирген Кошмо Штаттар жана НАТОнун белгилүү бир кадамдарына күбөбүз". Бул коопсуздукту камсыздоо үчүн чара көрүүнү талап кылган. "Циркон" — ошолордун бири.

Кармай турган курал жок

Канаттуу ракетанын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү жашыруун сыр, ошентсе да коомго белгилүү мүнөздөмөлөрү жок эмес. Рекорддук ылдамдыгы бар, саатына он миң чакырымдан ашуун же тогуз Махтын тегерегинде. Багынтчу ыраактыгы — миң чакырым. Марштык тилкеде абанын каршылыгы анчалык жогору эмес – 30-40 чакырым бийиктикте учат. Курал бөлүгүн массасы 450 килограммдын тегерегинде.

"Батыш өлкөлөрүнүн флотторунун "Цирконду" кармай алчу абадан коргонуу каражаты жок, — деп түшүндүрөт Россиядагы Эл аралык курал соодасын талдоо борборунун директору Игорь Коротченко. — Алардын кемелик зениттик ракеталык комплекси үнгө чейинки жана үндөн ыкчам кемеге каршы коргонуучу ракеталарга ылайыкталган, анткен менен гипер үндүн алдында таптакыр алсыз.

Ал эми ок атуу аралыгынын алыстыгы россиялык кемелерге иш жүзүндө жаңжалдашкан аймакка баш бакпастан эле суу бетиндеги жана жердеги буталарын жок кылууга шарт түзөт. Бул табылгалардын сериялык өндүрүшү башталгандан тарта россиялык флоттун алдыга арышы чоң". Эң башкысы "Циркондорду" П-800 "Оникс" жана "Калибр" ракетага каршы тутумдары учурулган орнотмолордон деле коё берүүгө болот.

Теорияга ылайык "Буян-М" жана "Каракурт" долбоорлорунун чакан ракеталык кемелери да ташуучу болушу ыктымал. Ошентип, авиаташуучуга кымындай вымпелдер да коркунуч жарата алат. Суу чегинен төмөн жерге бир эле ракетанын тийиши сууда сүзүүчү аэродромду иштен чыгарып коё алат.

Душман кемелерине сокку уруучу комплексти жакында эле Түндүк флоттун масштабдуу окууларында сыналган автоматташтырылган жаңы башкаруу тутуму мээлейт. "Известия" басылмасы РФтин аскердик мекемесиндеги булактарга таянуу менен ошол машыгууларда Ту-142 чалгындоочу-кайыкка каршы учактарынын эки экипажы шарттуу душман тууралуу маалыматтарды вымпелдерге кабарлап, жүздөгөн чакырым аралыктан ракетаны мээлешти. Ошону менен бирге эле автоматташтырылган башкаруу системасы кыйла маанилүү буталарын аныктап, туура келген куралды тандаган. Келечеги көптү үмүттөндүргөн "Циркондордон" тышкары, системанын башкаруусундагы кемелер мурдагы муундун канаттуу тутумдары, анын ичинде "Яхонт", "Вулкан" жана "Калибрди" да пайдалана алат.

"Граниттердин" ордун басып...

Гипер үндүү ракеталар долбооруна Россияда 2010-жылдары бекем купуялуулук менен киришкен. Кеңири коомчулукка 2018-жылы бул долбоор тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирген. Ушул убакытка дейре суу бетиндеги жана суу түбүндөгү ташуучулардан тогуз ирет коё берилген, алардын баары ийгиликтүү өткөн. Быйыл күздө "Северодвинск" суу түбүндөгү атомдук кайыгы ок атып, сыноолор жыйынтыкталат. Россиянын Коргоо министринин планында "Циркон" 1980-жылдардын жарымынан бери колдонулган, эскилиги жетип калган П-700 "Гранит" суу түбүндөгү кемеге каршы ракеталарын акырындап алмаштырат.

Сокку уруучу жаңы комплекс 22350 долбоорунун фрегаттарын, 1144 долбоорунун "Петр Великий" жана "Адмирал Нахимов" оор атомдук крейсерлерин, алар менен бирге эле 885М жана 949АМ долбоорлорунун суу түбүндөгү көп буталуу атомдук кайыктарын жабдыйт. Биринчилерден болуп "Циркон" РФ Түндүк флотунун вымпелдерине тиет.

Ошондой эле бул НАТОнун абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу тутумдарын алсыз кылган жалгыз курал эмес. РФтеги бул тармак пландоочу гипер үндүү аскердик блок менен жабдылган "Авангард" комплекси, ошону менен бирге эле аэробаллистикалык "Кинжал" менен да куралданган.

Булардан тышкары душмандын жээктериндеги инфраструктурасынын аскердик-деңиз базалары жана объектилерин жок кылууга багытталган өзөктүк торпеда – суу түбүндөгү киши тескебеген "Посейдон" аппаратын сыноолору да уланууда.

205
Белгилер:
ракета, курал, Циркон, Россия, аскер-деңиз флоту, Аскер, күч, крейсер
Тема боюнча
Батышка тынчтык берчүдөй эмес. Россиянын Аскер-деңиз флотундагы жылыштар
Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди.

Россиянын ИИМи кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди. Сүрөт

78
(жаңыланган 21:39 16.09.2021)
ИИМ автоунаалар Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана "Газель NEXT Автобус" үлгүсүндөгү эки кичи автобус тапшырылган.

  • Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств. Всего передано 15 легковых автомобилей марки Chevrolet Cobalt и два микроавтобуса марки Газель NEXT Автобус.
    Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди.
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
  •  Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств
    Жалпысынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана "Газель NEXT Автобус" үлгүсүндөгү эки кичи автобус тапшырылган.
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
  •  Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств
    Церемония передачи автомобилей сотрудникам МВД в Бишкеке
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
  •  Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств
    Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Вадим Гусев, Россиянын ИИМнин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Борис Яковченко, РФтин Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, Россия Федерациясынын ИИМнин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм начальниги Павел Юлин, Росиянын ИИМнин Кыргызстандагы өкүлү Владимир Лузганов катышкан.
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
  •  Министерство внутренних дел России передало кыргызским коллегам 17 новых автотранспортных средств
    Урмамбетов конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
    © Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
1 / 5
© Фото / пресс-служба МВД Кыргызстана
Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди.
"Жаңы унаалар министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдайт, ошондой эле кызматкерлердин кылмыштын башка түрлөрүн да ачышына кызмат кылат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Вадим Гусев, Россиянын ИИМинин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Борис Яковченко, РФтин Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, Россия Федерациясынын ИИМинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм начальниги Павел Юлин, Россиянын ИИМинин Кыргызстандагы өкүлү Владимир Лузганов катышкан.

Урмамбетов конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

78
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, ИИМ, унаа, транспорт, кызматташтык, белек
Тема боюнча
ИИМ 100дөй кыргызстандыктын телефон сүйлөшүүсү тыңшалганын тастыктады, бирок...
Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров

Лавров Россия Европанын кээ бир мамлекеттери менен алакага даяр экенин айтты

39
(жаңыланган 15:33 16.09.2021)
Россия ТИМинин жетекчиси Брюсселдеги кимдир-бирөөлөр ансыз да сууп турган эки тараптуу мамилеге "Түндүк агым – 2" долбоору боюнча маселени байлагысы келип жаткандыгын кыйытты.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россия Брюсселдин ким менен мамиле кура турганы боюнча чечимин күтүп отурбайт, Евробиримдиктин алакага даяр болгон өлкөлөрү менен байланыш түзө берет. Бул тууралуу Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров ЕБдин дипломатия башчысы Жозеп Боррелдин сөзүнө комментарий кылып жатып айткандыгын РИА Новости жазды.

"Кечээ Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча кызматынын жетекчиси Жозеп Боррелдин сөзүн ЖМКлар жазды. Анда "Россия менен бир добуштан туруп гана сүйлөшүүбүз керек, Россия ЕБ менен эмес, кээ бир мүчө өлкөлөр менен катташкысы келет. Биз алардын Россиядан Евробиримдик менен сүйлөшүүсүн талап кылышына жетишибиз керек" деп айтканын кабарлашты", — деген министр журналисттерге.

ТИМ жетекчиси буга таң калганын билдирген.

"Өтө кызык, таң калычтуу логика болуп жатат. Себеби Брюссель менен мурдагы түзүлгөн мамилени биз эмес, Евробиримдик бузду. Баарын ЕБ уратты. Албетте, ушундай абал түзүлүп жатса, алар кайрадан калыбына келтирүүнү каалабаса, алардын ою качан өзгөрөт деп биз күтүп отура бербешибиз турган иш. Ким даяр болсо (Европа мамлекеттери – ред.), алар менен байланыш түзө беребиз", — деген Лавров.

Министр дагы бир ойдун учугун таштады. Эгерде логикага таяна турган болсок, "Россия менен болгон байланыш, алака боюнча маселесин эч ким өз алдынча чечпеши керек, баары Евробиримдик аркылуу жасалууга тийиш". Балким, Брюсселде кимдир-бирөө "Түндүк агым – 2" долбооруна болгон азчылыктын агрессивдүү учугун жалгаштыргысы келип жаткандыр деген маанайда сөзүн бүтүрдү.

Россиянын Батыш менен мамилеси Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн жана Донбасстагы абалдан кийин начарлап кеткен. Москва Батыштын катарлаган санкцияларына жооп катары ага окшош кадамдарга барган. РФ Украинадагы чатактын тарапташы эмес экендигин жана жөнгө салуу боюнча Минск макулдашуусунун субъектиси эмес экендигин бир нече ирет айткан эле.

39
Белгилер:
Россия, Евробиримдик, Европа, Сергей Лавров, алака, билдирүү, санкциялар
Тема боюнча
Лавров: талибдердин бийлигин таанууга эч ким шашылган жок
Лавров: АКШ Россиядагы шайлоолорго кийлигишип жатканын тастыктап бердик
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

0
(жаңыланган 23:02 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди