Мигранттардын мушташы. Мамдума депутаты айып пулду көбөйтүүнү сунуштады

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМамдуманын имараты. Архив
Мамдуманын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Август айынын соңунда Москванын мэри Сергей Собянин КМШнын 200гө жакын жараны тартип бузгандыгы үчүн Москвадан депортацияланганын, 17,5 миңине өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Мамдуманын депутаты Анатолий Выборный Россиянын аймагында мушташкандарга салынган айыпты беш миң рублге көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Депутаттын айтымында, акыркы кезде мигранттардын массалык мушташы көп каттала баштады.

"500 рублден миң рублге чейинки айып пул адамдарды мушташка катышуудан токтото албайт экен. Эгер айып пулду беш миң рубль кыла турган болсок, ызы-чуунун чыгышын аздыр-көптүр ооздуктай алат", — деген ал.

Август айынын соңунда Москванын мэри Сергей Собянин КМШнын 200гө жакын жараны тартип бузгандыгы үчүн Москвадан депортацияланганын, 17,5 миңине өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирген. Мындан сырткары, 800 кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Эске салсак, июль айында Москва шаарында борбор азиялыктар эки жаатка бөлүнүп уруша кеткен. Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан.

Массалык мушташ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
ЖМК: Россияда мушташка катышкан 26 кыргызстандык депортацияланды
Жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, андан сырткары, кармалгандарды 15 күнгө камаган. Кийин 26 мигрант Кыргызстанга депортацияланган болчу.

КРдин Ички иштер министрлигинин РФтеги өкүлчүлүгү мигранттарга кайрылып, мекендештерди Россиянын аймагында улуттук маселелерге тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого жана бул өлкөнүн мыйзамдарын так аткарууга чакырган.

Август айында кайрадан мушташ чыгып, 50дөй адам кармалган. Кыргызстандын элчилиги бул окуяга кыргызстандыктар катышпаганын белгилеген эле.

Санкт-Петербургда дагы мигранттар мушташып, 14 киши кармалган. Булардын ичинен бирөө кыргызстандык экени маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0