РФ чек арасында АКШ биолабораторияларынын көбөйүшү боюнча үн катты

© Sputnik / Денис Асланов / Медиабанкка өтүүЛабораториянын эшигинде эскертүү белгиси. Архив
Лабораториянын эшигинде эскертүү белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Юрий Аверьянов лабораториялардын адамды өлтүрө турган микробдору кокусунан жаратылышка чыгып кетип, элдин кырылышына алып келиши мүмкүндүгүн айткан эле.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россиянын Тергөө комитетинин төрагасынын орун басары Александр Федоров Россиянын чек араларынын тегерегинде америкалык биолабораториялардын курулушу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"АКШнын аскер ведомствосунун чет элдик биологиялык инфраструктурасын көзөмөлсүз, эч кандай чектөөсүз Россия Федерациясы менен чектешкен аймактарда, Россия менен чек аралаш мамлекеттердин чек арасына жакын жерлерде кеңейтип жатканы россиялык адистер менен дүйнө коомчулугун бушайман кылууда", — деген "Хабаров процесси: тарыхый сабактар менен азыркы кооптуулуктар" деп аталган эл аралык форумда.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев апрель айында "Коммерсант" басылмасына берген маегинде дүйнөдө, өзгөчө Кытай менен Россиянын чек арасында америкалыктар көзөмөл кылган улам жаңы лабораториялар пайда болуп жаткандыгын айткан эле. Ал жерде биологиялык курал даярдалып жатканы боюнча айтууга орундуу негиздер бар экенин белгилеген.

Май айында Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Юрий Аверьянов РИА Новостиге берген маегинде кооптуу нерсе тууралуу айткан. Лабораториялардын адамды өлтүрө турган микробдору кокусунан жаратылышка чыгып кетип, Россия жана анын аймагындагы мамлекеттердин элинин кырылышына алып келиши мүмкүндүгүн эскерткени бар. Вашингтон башка көптөгөн өлкөлөр үчүн биологиялык изилдөөлөрдүн, биринчи иретте аскердик багытта жеке планын иштеп чыгып берип жана анын аткарылышын тынчтыкты көздөгөн ар кыл биргелешкен программалар менен кошо таңуулап жаткандыгын билдирген.

Биолаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2020
Борбор Азия жана Кавказга биолаборатория курууда АКШнын көздөгөнү эмне?
АКШ тынчсыздангандарга биологиялык лабораториялары боюнча тыңгылыктуу жооп берген жок. Ал эми Кытай тарап АКШдан мындай ишмердүүлүгү боюнча так жооп берүүнү талап кылгандыгын аталган мамлекеттин ТИМ өкүлү Хуа Чуньин Аверьяновдун сөзүнө комментарий берип жатып айткан.

1949-жылы 25-30-декабрда өткөн Хабаров процессинде Германиянын союздашы катары милитаристтик Япониянын СССРге каршы согуш ачуу боюнча планы белгилүү болгон. Анда бүткүл дүйнө биринчи ирет даярдалган бактериологиялык курал туурасында билген. Мындай нерсени 1945-жылы августта Кызыл Армия Ыраакы Чыгыштагы кампаниясынын жүрүшүндө чечкиндүү чабуулдары менен алдын алып токтоткон. Хабаровск процесси Дүйнөлүк экинчи согушка юридикалык жактан чекит койгон.

"Хабаров процесси: тарыхый сабактар менен азыркы кооптуулуктар" деп аталган эл аралык форум 1946-1948-жылдары өткөн Ыраакы Чыгыш аскердик трибуналынын (Токио трибуналы) 75 жылдыгына арналган. Форум Президенттик гранттар фондунун колдоосу менен өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0