Биометрикалык маалыматтарды чогултуусу. Архив

Россияда банктык эсеп ачкан мигранттын биометрикасы кошо алынышы мүмкүн

112
Мындай демилгени Мамлекеттик Думанын депутаты Анатолий Аксаков көтөрүп, негизги себеби шылуундукту алдын алуу деп түшүндүрүүдө.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россияда банктык эсеп ачкан мигранттардын биометрикалык маалыматтарын дагы алып калуу сунушталууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Мындай демилгени Мамлекеттик Думанын финансы рыногу боюнча комитетинин башчысы Анатолий Аксаков көтөрүп, негизги себеби шылуундукту алдын алуу деп түшүндүрүүдө.

"Бул нерсе алдамчылыкты алдын алууга жардам берет. Мисалы, мигранттар арасында депортация болуп кетип, кийин бир тууганынын документи менен келип иштеп жүргөндөр бар. Алардын келбети окшош, билинбей өтүп кетиши мүмкүн", — деди депутат.

Ошондой эле депутат мигранттарды мыйзамсыз акча чыгаруу схемаларына башка адамдар тартышы ыктымал экенин белгиледи.

"Чет элдиктер бул жакка топ-тобу менен келип иштеп, мекенине акча жиберүү үчүн банктык эсептерди ачышат. Кийин алар аркылуу мыйзамсыз акчалар чыгарылып кетиши мүмкүн. Андай каражаттын изи 2-3 саатка жетпей сууйт", — деди эл өкүлү.

Ошол себептүү Аксаков бенктарга мурда акча которуу боюнча кимдир бирөөлөргө ортомчу болгон же мыйзам бузууларда байкалган эсеп ээлери тууралуу бирдиктүү реестр түздүрүү керектигин айтууда. Бул тизмеге киргендер аралыктан туруп финансылык операцияларды аткара албай калат. Тагыраагы, банктык кызматтарды пайдалануу үчүн өзү банкка келиши зарыл болот.

112
Белгилер:
Россия, Мигрант, банк, Биометрикалык маалыматтар, шылуундук, мыйзам, депутат
Тема боюнча
Россиядагы мекендештер министр Казакбаевден бир нече көйгөйдү чечүүнү өтүндү
Мигранттардын акчасы өлкөдөгү жакырчылыкка канчалык таасир этет. Статистика
Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде ок чыккан жердеги полиция кызматкерлери

Пермь университетинде студент ок чыгарып, 8 киши каза тапты. Видео

189
(жаңыланган 14:22 20.09.2021)
Окуу жайдан октун үнү чыгып жатканы тууралуу маалымат милицияга бүгүн эртең менен түшкөн. ИИМ полиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде ок атылып, сегиз киши каза болду. Алардын арасында жаракат алгандар да бар. Бул тууралуу Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдиргенин РИА Новости жазды. 

Киши курмандыгына себепкер болгон адамдын кармалганы, анын аталган окуу жайдын студенти экени кабарланды. Окуу жайдан октун үнү чыгып жатканы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

"Алдын ала маалымат боюнча, каза тапкандардын саны сегиз кишиге жетти. Алтоо жаракат алган", — деп айтылган маалыматта.

Социалдык тармактарда студенттер дүрбөлөңгө түшүп, терезеден секирип жаткан видео тараган.

ИИМ полиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып кеткенин билдирди.

189
Белгилер:
Россия, Пермь, окуу жай, курал, ИИМ
Тема боюнча
Ок атып токтотушту. Чек арачылар Тажикстанга бараткан жүктү кармашты
Москвадагы шайлоо участогунда урна

Россияда Мамдума шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы чыкты

552
(жаңыланган 11:18 20.09.2021)
Протоколдордун 59,36 пайызы иштелип чыккан. Партиялык тизме менен беш, бир мандаттуу округдан тогуз партия мандатка жетти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча "Единая Россия" партиясы добуштардын 47,11 пайызын алып алдыда бара жатат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Соңку маалымат боюнча протоколдордун 59,36 пайызы иштелип чыккан. Партиялык тизме менен беш пайыздык босого чектен өткөн саясий уюмдар төмөнкүлөр:

  • "Единая Россия" — 47,11 пайыз;
  • КПРФ — 20,93;
  • ЛДПР — 7,91;
  • "Справедливая Россия — За правду" — 7,54;
  • "Новые люди" — 5,78.

Ал эми бир мандаттуу округдан тогуз партиянын өкүлдөрү мандатка жетери күтүлүүдө:

  • "Единая Россия" — 188;
  • КПРФ — 15;
  • "Справедливая Россия — За правду" — 6;
  • "Самовыдвиженцы" — 5;
  • ЛДПР — 1;
  • "Яблоко" — 1;
  • "Гражданская платформа" — 1;
  • "Коммунисты Россия" — 1;
  • "Родина" — 1.

Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо регионалдык жана муниципалдык деңгээлде 17-сентябрдан 19уна чейин өттү. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.

552
Белгилер:
Россия, Мамлекеттик Дума, саясый партия, шайлоо, депутат
Тема боюнча
Бишкекте россиялыктар Мамдуманын депутаттарын шайлоодо. Видео
Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды
Кишендер. Архив

Чүйдө жигитти уурдап кетип 100 миң сом талап кылган деп үч киши кармалды

0
(жаңыланган 16:38 20.09.2021)
Кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар колго түшкөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Чүй облусунда 31 жаштагы эркек кишини уурдап, айыл четине алып барып 100 миң сом талап кылды деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 17-сентябрь күнү Чүй райондук милициясына Искра айылында киши уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барган. Териштирүү учурунда болжол менен саат 21:00дөр чамасында бейтааныш бирөөлөр 31 жаштагы М.А. аттуу жаранга карата күч колдонуп, белгисиз тарапка уурдап кеткени маалым болгон.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалды
"Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалды. Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгып коркутуп, 100 миң сом талап кылышканы аныкталды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жазык кодексинин 170-беренеси ("Киши уурдоо") менен КЖБРге катталган.

0
Белгилер:
Чүй району, кылмыш, адам уурдоо, кармоо, коркутуу
Тема боюнча
Маршруткадан түшүп баратып мушташып... Ысык-Атадагы окуянын видеосу
Жер тилкелерин трансформациялап берем деп 21 миң доллар алган. Шектүү кармалды