"Газпром": "Түндүк агым — 2" курулуп бүттү

© Sputnik / Дмитрий Лельчук / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым — 2" түтүгүнүн объектиси. Архив
Түндүк агым — 2 түтүгүнүн объектиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
"Түндүк агым — 2" – Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга жеткен газ түтүгүнүн коммерциялык долбоору.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Түндүк агым — 2" газ түтүгү жума күнү эртең менен курулуп бүттү. Бул туурасында "Газпром" өзүнүн сайтына кабарлады.

"Эртең мененки кеңешмеде "Газпром" газ өнөр жай компаниясынын башкаруучулар төрагасы Алексей Миллер саат 8:45те (Москва убактысы боюнча — ред.) "Түндүк агым — 2" газ түтүгүн тартуу толугу менен аяктагандыгын билдирди", — деп айтылган маалыматта.

Түндүк агым — 2" – Россиядан Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга жеткен газ түтүгүнүн коммерциялык долбоору. Бул түтүк менен европалыктарга көгүлтүр от жетмекчи. Эки газ түтүгүнүн кубаттуулугу 55 миллиард куб метр. Курулушка үч жыл кеткен.

Эксплуатациянын жылдын аягына чейин башталары айтылды.
Бул долбоорго Украина транзиттен түшкөн акчадан кол жууп калуудан коркуп, катуу каршылык көрсөткөн. Андан сырткары, өзүнүн суюк жаратылыш газын Европага сатууга кызыкдар болгон АКШ да бут тоскон. Вашингтон курулушка тиешеси бар компанияларга бир нече санкция киргизген. Жыйынтыгында долбоордун аягына чыгуу мөөнөтү бир жылга созулуп кеткен. Анткен менен газ түтүгүн тартууга Германия менен Австрия активдүү колдоо көрсөткөн.
Чечиле элек маселе ЕБдин жаңыланган Газ директивасынын айланасында болууда. Документ 2019-жылдын 23-майында күчүнө кирген. Айтылган ченемдерде аталган түтүктү тарткандан кийин ал башка камсыз кылуучулар менен же толтурулуп турушу лаазым, же анын тилкеси ЕБдин аймагында газ алып келүүчү башка тараптарга тиешелүү болушу керек деген норма бар. Германия соту менен регулятору документтеги талаптардан "Түндүк агым — 2ни" чыгарбоону чечти.
Бул Россияга жакпай турат. Москванын пикирине таянсак, техникалык эмес, экономикалык аргументтерге таяныш керек. Директива жаңыланып жаткан маалда долбоорго мурдагы укуктук ээлик кылуунун негизинде миллиарддаган инвестиция салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0