Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт

Путин коронавирустан улам обочолонуп иштөөгө өттү

131
(жаңыланган 15:55 14.09.2021)
Россия лидери Душанбе шаарында өтүүчү ЖККУ жана ШКУ уюмдарынын мамлекет башчыларынын саммитине барбайт. Видеобайланыш аркылуу катышат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин тегерегиндеги кызматкерлерден коронавирус илдети аныкталгандыгына байланыштуу обочолонууга кетет. Бул тууралу Кремлдин маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин ал Тажикстандын өлкө башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып карантинге кетерин айткан.

"Президент Владимир Путин Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. РФ лидери тегерегиндеги кызматкерлер арасында коронавирус жуктургандар аныкталгандыктан белгилүү бир убакытка обочолонууга кетерин билдирген", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам Путин Душанбеге барбайт. ЖККУ жана ШКУ саммиттерине видеоконференция режиминде катышат.

Президенттер ошондой эле эки тараптуу алаканын айрым аспектилерин, Афганистанга байланышкан абалды талкуулашкан.

131
Белгилер:
Владимир Путин, ден соолук, Россия, коронавирус, абал
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1546)
Тема боюнча
"Спутник V" алгам, антитело калыптанды. Путин жалпы вакцинация тууралуу
Коронавируска каршы Спутник Лайт вакцинасы. Архив

AstraZeneca менен "Спутник Лайтты" кошуп эмдөө майнаптуу экени айтылды. Иликтөө

26
(жаңыланган 16:45 27.09.2021)
Азербайжанда өткөн изилдөө ушул жылдын февралында башталган. Бүгүнкү күндө ыктыярчылардын саны 100гө жетти.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Коронавируска каршы AstraZeneca жана "Спутник Лайт" вакциналарын кошуп эмделүү S-белогуна карата антителолордун кыйла көбөйө турганын көрсөттү. Азербайжандагы биргелешкен изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Россиянын Түз инвестициялар фондунун (РТИФ) маалыматына таянып РИА Новости жазды.

"Анализдердин алдын ала жыйынтыгы боюнча иликтөөгө катышып, вакцина сайдырган ыктыярчылардын 85 пайызында SARS-CoV-2 вирусунун S-белогуна карата антителолордун деңгээли кеминде эле төрт эсеге көбөйгөнү аныкталган. Мындай натыйжа изилдөөнүн 57-күнүндө байкалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматтар эки компонентти тең алган алгачкы 20 катышуучуга байкоо жүргүзгөндөн кийинки жыйынтыкка негизделди. Биринчи AstraZeneca сайылса, экинчи жолкусунда "Спутник Лайт" алган. Эки вакцинанын аралыгы 29 күндү түздү.

Азербайжанда өткөн изилдөө ушул жылдын февралында башталган. Бүгүнкү күндө ыктыярчылардын саны 100гө жетти.

Вакциналарды айкалыштыруу боюнча клиникалык иликтөөлөр Азербайжандан тышкары Бириккен Араб Эмирлиги менен Россияда жүргүзүлүп жатат. Эми Беларуста да өткөрүүгө жол ачылды.

Гетерогендик бустирлөө ("вакциналык коктейль") ыкмасы биринчи жолу "Спутник V" вакцинасынын негизинде пайдаланылган. РТИФ алгачкылардан болуп "Спутник V" препаратынын биринчи компонентин чет элдик вакциналар менен айкалыштыруу демилгесин көтөрүп чыккан.

2020-жылдын декабрында Россия президенти Владимир Путиндин катышуусунда РТИФ, Н.Ф. Гамалея борбору, "Р-Фарм" компаниялар тобу жана AstraZeneca компаниясы кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анда AstraZeneca менен "Спутник V" препаратынын биринчи компонентин айкалыштырып, комбинациянын коопсуздугун биргелешип изилдөөдөн өткөрүү каралган болчу.

26
Белгилер:
коронавирус, вакцина, эмдөө, Россия, 'Спутник Лайт' вакцинасы, AstraZeneca, Спутник V, препарат
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1546)
Тема боюнча
Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды
Казакстанда коронавирустун нигериялык Eta штаммы аныкталды. Белгилери
Россия сегодня медиатобунун имараты. Архив

"Россия сегодня": жетекчилер "Россиянын мыкты 1000 менеджери" рейтингине кирди

22
(жаңыланган 15:25 27.09.2021)
Россиянын мыкты 1000 менеджери" рейтинги 22 жылдан бери аныкталып келүүдө. Негизги максаты — Россиянын жогорку эшелонундагы мыкты менеджерлердин эмгегине баа берүү.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун жетекчилигинин арасынан сегиз адам "Россиянын мыкты 1000 менеджеринин" катарына кирди. Рейтингди Менеджерлер ассоциациясы менен  "КоммерсантЪ" басылма үйү аныктап, жыйынтыгы kommersant.ru сайтына жарыяланды.

Кесиптештердин арасынан бул тармакта мыктылар деп башкы директордун орун басары Галина Кожина, башкы редактордун орун басары Дмитрий Груздев жана административдик-чарбалык иштер боюнча директор Вадим Яковлев аталды.

"Корпоративдик башкаруу боюнча мыкты директор" номинациясында жеңишке жеткен Галина Кожина бул сыйлыкты алганына абдан кубанганын айтты.

"Россиянын эң мыкты 1000 менеджери" рейтингине кирүүгө кол кабыш кылган бардык кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Баарыбызга алдыда кызыктуу долбоорлорду каалайм, ийгиликтерге бирге жетишели!" — деди ал.

Дмитрий Груздев "Мыкты коммерциялык директор" наамына ээ болду. Ал "бул сыйлык анын эмгегине берилген эң жогорку баа" деп эсептей турганын айтты.

Ал эми "Логистика жана жеткирүү боюнча мыкты директор" болгон Вадим Яковлев "бардык аракети кызматкерлердин ыңгайы үчүн экенин" билдирди.

Рейтингге "Россия сегодня" агенттигинин дагы беш менеджери илинди. Алар: башкы редактордун орун басары Андрей Благодыренко, экономика жана финансы боюнча директор Кирилл Киселев, директордун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары Ольга Рябова, персонал боюнча дирекциянын жетекчиси Евгения Солодова жана Эл аралык мультимедиалык маалымат борборунун жетекчиси Ольга Колева.

"Россиянын мыкты 1000 менеджери" рейтинги 22 жылдан бери аныкталып келүүдө. Негизги максаты — Россиянын жогорку эшелонундагы мыкты менеджерлердин эмгегине баа берүү. Анда өз ишинин мыктыларынын бир жыл ичиндеги жетишкендиктери эске салынат. Бул учурда кайсы бир компанияга эмес, адистин жеке өзүнө артыкчылык берилет.

Добуш берүү учурунда топ-менеджерлер кесиптештеринин эмгегин сындан өткөрүшөт. Жыйынтыгы жыл сайын "Коммерсант" гезитине жарыяланат. Эң жогорку упай алган 1000 жетекчи Менеджерлер ассоциациясынын атайын сыйлыктарына көрсөтүлөт. 27-сентябрь күнү ассоциация "Башкаруучулук кесиптердин келечеги: tech-реалдуулук" форумунда жеңүүчүлөрдүн атын атайт.

"ПРАЙМ"  экономикалык маалымат агенттиги менен Менеджерлер ассоциациясы биргеликте "Кайтып келбес чекит" ("Точка невозврата") атайын долбоорун уюштурган. Анын алкагында бизнес-коомчулук коронавирус пандемиясы ишкерликке кандай таасир эткенин талкуулашат. Мында топ-менеджерлер пандемия алардын бизнесине кандай таасир эткенин айтып беришет. Долбоор тууралуу кененирээк билсеңиз болот. https://1prime.ru/point_of_no_return/

Менеджерлер ассоциациясы — Россиянын алдыңкы кесипкөй бирикмелеринин бири. Негизги  максаты — менеджерлердин профессионалдуулугун арттыруу жана дүйнөлүк экономикага интеграциялоо. Ал 20 жылдан бери өзүн бийликтин, коомдук жана ири ишканалардын ортосунда орчундуу маселелер боюнча бизнестин туруктуу позициясын иштеп чыгуучу эксперттик аянтча катары көрсөтө алды.

"Россия сегодня" — дүйнөдө болуп жаткан өзөктүү окуяларды өз учурунда жана ар тараптуу жеткирүү менен алектенген эл аралык медиатоп. Ага чет өлкөлөрдө иштеген Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, Россиянын ичинде РИА Новости, Прайм, ИноСМИ, Украина.ру, Baltnews жана ТОК агенттиктери кирет.

22
Белгилер:
Россия, 'Россия Сегодня' ЭМА, жетекчи, рейтинг, мыкты
Тема боюнча
Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү боюнча жеңүүчү аныкталды
Президент Садыр Жапаров. Архив

Жапаров экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбоорду ЖКга кайтарды

0
(жаңыланган 19:30 27.09.2021)
Мыйзам долбоору экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген. Бизнес коомчулугу документ эч кандай коомдук талкуусуз эле кабыл алынып жатканына нааразычылык билдирген.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров "Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечимдин кабыл алынышына эмне себеп болгону азырынча айтыла элек.

Экономикага чукул кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров демилгелеген. Анын айтымында, бул сунуш пандемиянын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасиринен улам берилген. Министр өзгөчө кырдаал режими министрлер кабинетине салык ставкаларын жана салыктык администрациялоону өзгөртүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда бюджетти парламенттин уруксатысыз бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүргөн. Каникулга кетер алдында депутаттар долбоорду үч окууда жактырган.

Ишкерлер мыйзам долбоорунун демилгечилери бизнес коомчулугунун макулдугусуз эле президентке кол койдурууга аракет кылып жатканын белгилешти. Кээ бир эксперттердин пикиринде, эгер экономикага чукул кырдаал киргизилсе, мамлекеттик органдар бизнес объектилерин жабууга, ошондой эле бир миллион сом айып салууга мүмкүнчүлүк алышат. Бизнес коомчулугу президентти бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакырат.

0
Белгилер:
экономика, мыйзам долбоору, президент, каршылык, пикир
Тема боюнча
Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп
Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү
Баасы дагы өсүүдө. Өтүмдүү автоунаалар тууралуу инфографика