Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМосква шаарында шайлоо участогундагы аял
Москва шаарында шайлоо участогундагы аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Шайлоонун биринчи күнүндө аралыктан добуш берүүгө жазылган 2,14 миллион шайлоочунун 1,38 миллиону катышкан.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Москва шаарында Мамлекеттик Дума депутаттарын шайлоого онлайн катышкан 10 жаранга батир берилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Москва 24" телеканалында "БиргеТандайбыз" акциясынын алкагындагы "Миллион приздер" конкурсунун 10 жеңүүчүсү аныкталып, ар бири бир бөлмөлүү батирге ээ болгон.

Ошондой эле бүгүн 50 автоунаа жана байгенин упайлары ойнотулары айтылат.

Президент РФ В. Путин дистанционно проголосовал на выборах депутатов Государственной Думы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди
Биринчи этапка кечээ, 17-сентябрда, добуш берген 1,1 миллиондон ашуун Москванын тургуну катышкан.

Ишемби жана жекшемби күндөрү добуш бергендердин кимиси байгеге илингени дүйшөмбү, шейшемби күндөрү аныкталат.

Шайлоонун биринчи күнүндө аралыктан добуш берүүгө жазылган 2,14 миллион шайлоочунун 1,38 миллиону катышкан.

Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо регионалдык жана муниципалдык деңгээлде 17-сентябрдан 19уна чейин өтөт. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен 5 жылга шайланат. 225 адам партиялык система менен, 225и бир мандаттуу округдан тандалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0