Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДобуш санап жаткан кызматкерлер
Добуш санап жаткан кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Россияда Мамлекеттик Дума жана жергиликтүү кеңешке шайлоо 17-19-сентябрда өтүп, добуш берүүгө келгендер 51 пайыздан оогон.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Единая Россия" партиясы Мамлекеттик Думанын шайлоосунда жеңишке жетип, добуштардын 49,82 пайызына ээ болду. Бул маалыматты Россиянын БШКсы протоколдорду 100 пайыз санап, карап чыккандан кийин билдиргенин РИА Новости жазды.

КПРФ — экинчи орунга чыгып, 18,93 пайызды, ал эми ЛДПР үчүнчү орунга чыгып, 7,55 пайызды камсыздаган. Бештикке киргендердин ичинде "Справедливая Россия — За правду" — 7,46 пайызды, "Новые люди" — 5,32 пайызды алган эки бирикме бар. Ошентип, Мамдуманын федералдык округуна электораттын беш пайыздык босогосун багындырып беш партия өткөн.

Мындан сырткары, бир мандаттуу округдар боюнча төмөнкү палатага саясий жети кыймылдын өкүлдөрү жана өзүн-өзү көрсөткөндөр келе жатат.

"Единая Россиянын" талапкерлери Мамдумада 198 бир мандаттуу округдар боюнча биринчиликти сактап калды. КПРФ — тогуз, "Справедливая Россия — За правду" — сегизден орун алды. ЛДПРден экөө болсо, "Родина", "Гражданская платформа", "Партия Роста" — бирден мандатка жетти.

Голосование на выборах в Госдуму РФ на избирательном участке в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Бишкекте Мамдуманын депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. 12 сүрөт
Төмөнкү палатага бир мандаттуу округдар боюнча өзүн-өзү көрсөткөн беш талапкер өттү. Алардын үчөө Москвада ("Лиза Алерт" деп аталган издеп, сактап калуу отрядынын координатору Олег Леонов, теле алып баруучу Анатолий Вассерман, актёр Дмитрий Певцов). Бирөө Адыгейден (Владислав Резник), бирөө Крымдан (Леонид Бабашов).

Россияда Мамлекеттик Дума жана жергиликтүү кеңешке шайлоо 17-19-сентябрда өтүп, добуш берүүгө келгендер 51 пайыздан ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0