"Россия сегодня": жетекчилер "Россиянын мыкты 1000 менеджери" рейтингине кирди

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" медиатобунун имараты. Архив
Россия сегодня медиатобунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Россиянын мыкты 1000 менеджери" рейтинги 22 жылдан бери аныкталып келүүдө. Негизги максаты — Россиянын жогорку эшелонундагы мыкты менеджерлердин эмгегине баа берүү.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун жетекчилигинин арасынан сегиз адам "Россиянын мыкты 1000 менеджеринин" катарына кирди. Рейтингди Менеджерлер ассоциациясы менен  "КоммерсантЪ" басылма үйү аныктап, жыйынтыгы kommersant.ru сайтына жарыяланды.

Кесиптештердин арасынан бул тармакта мыктылар деп башкы директордун орун басары Галина Кожина, башкы редактордун орун басары Дмитрий Груздев жана административдик-чарбалык иштер боюнча директор Вадим Яковлев аталды.

"Корпоративдик башкаруу боюнча мыкты директор" номинациясында жеңишке жеткен Галина Кожина бул сыйлыкты алганына абдан кубанганын айтты.

"Россиянын эң мыкты 1000 менеджери" рейтингине кирүүгө кол кабыш кылган бардык кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Баарыбызга алдыда кызыктуу долбоорлорду каалайм, ийгиликтерге бирге жетишели!" — деди ал.

Дмитрий Груздев "Мыкты коммерциялык директор" наамына ээ болду. Ал "бул сыйлык анын эмгегине берилген эң жогорку баа" деп эсептей турганын айтты.

Ал эми "Логистика жана жеткирүү боюнча мыкты директор" болгон Вадим Яковлев "бардык аракети кызматкерлердин ыңгайы үчүн экенин" билдирди.

Рейтингге "Россия сегодня" агенттигинин дагы беш менеджери илинди. Алар: башкы редактордун орун басары Андрей Благодыренко, экономика жана финансы боюнча директор Кирилл Киселев, директордун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары Ольга Рябова, персонал боюнча дирекциянын жетекчиси Евгения Солодова жана Эл аралык мультимедиалык маалымат борборунун жетекчиси Ольга Колева.

"Россиянын мыкты 1000 менеджери" рейтинги 22 жылдан бери аныкталып келүүдө. Негизги максаты — Россиянын жогорку эшелонундагы мыкты менеджерлердин эмгегине баа берүү. Анда өз ишинин мыктыларынын бир жыл ичиндеги жетишкендиктери эске салынат. Бул учурда кайсы бир компанияга эмес, адистин жеке өзүнө артыкчылык берилет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Федералдык агенттиктин медалы менен сыйланды
Добуш берүү учурунда топ-менеджерлер кесиптештеринин эмгегин сындан өткөрүшөт. Жыйынтыгы жыл сайын "Коммерсант" гезитине жарыяланат. Эң жогорку упай алган 1000 жетекчи Менеджерлер ассоциациясынын атайын сыйлыктарына көрсөтүлөт. 27-сентябрь күнү ассоциация "Башкаруучулук кесиптердин келечеги: tech-реалдуулук" форумунда жеңүүчүлөрдүн атын атайт.

"ПРАЙМ"  экономикалык маалымат агенттиги менен Менеджерлер ассоциациясы биргеликте "Кайтып келбес чекит" ("Точка невозврата") атайын долбоорун уюштурган. Анын алкагында бизнес-коомчулук коронавирус пандемиясы ишкерликке кандай таасир эткенин талкуулашат. Мында топ-менеджерлер пандемия алардын бизнесине кандай таасир эткенин айтып беришет. Долбоор тууралуу кененирээк билсеңиз болот. https://1prime.ru/point_of_no_return/

Менеджерлер ассоциациясы — Россиянын алдыңкы кесипкөй бирикмелеринин бири. Негизги  максаты — менеджерлердин профессионалдуулугун арттыруу жана дүйнөлүк экономикага интеграциялоо. Ал 20 жылдан бери өзүн бийликтин, коомдук жана ири ишканалардын ортосунда орчундуу маселелер боюнча бизнестин туруктуу позициясын иштеп чыгуучу эксперттик аянтча катары көрсөтө алды.

"Россия сегодня" — дүйнөдө болуп жаткан өзөктүү окуяларды өз учурунда жана ар тараптуу жеткирүү менен алектенген эл аралык медиатоп. Ага чет өлкөлөрдө иштеген Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, Россиянын ичинде РИА Новости, Прайм, ИноСМИ, Украина.ру, Baltnews жана ТОК агенттиктери кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0