Мураскер, криптовалюта жана доллардын тагдыры. Путиндин маегинен урунттуу учурлар

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Путин АКШ экономикасынан жалпы дүйнөлүк экономика көз каранды экенин, Россия анын туруктуу, бир калыпта болушуна кызыкдар экенин белгиледи.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин CNBC каналына маек курду. РИА Новости өлкө башчынын президенттик шайлоо, мураскер жана башка урунттуу маселелер тууралуу айткандарын тизмектеген.

"Эч кандай чечим кабыл алына элек"

Шайлоого катышар-катышпасы тууралуу суроого жооп берип жатып Путин баарынын өз убакыт-сааты бар экенин айткан.
"Бул менин салттуу жообум. Кийинки шайлоого чейин дагы көп убакыт бар. Мындай кептер абалды өйдө-ылдый кылып жиберет. Ал эми кырдаал бийлик органдарынын баары тынч, туруктуу, алдыга ишенимдүү кадам таштап иштегидей болушу керек", — деди президент.
Ал экинчи мөөнөткө баруу укугу бар экенин эске салып, "азырынча эч кандай чечим кабыл алына электигин" кошумчалады.

Доллардын келечеги

Путиндин айтымында, доллар дүйнөлүк резервдик валюта катары позициясынан тайып бара жатат. Президент АКШ долларды санкциялык курал катары колдонуп катуу жаңылып жатканына токтолду.
"Мындан улам АКШ өзү отурган бакты кыйып жатат деп айтсак болот. Анткени дүйнөлүк резервдик валюта болушу анын чоң артыкчылыгы, ал эми АКШ бир ирмемдик саясий конъюктурадан улам стратегиялык мааниге ээ экономикалык кызыкчылыктарына балта чабууда". — деди РФ лидери.
Президент бир катар өлкөлөрдүн доллар менен эсеп-кысап жүргүзүү көлөмү кыскарып бара жатканын белгилеген. Путиндин айтымында, Россия да ушул багыт менен кетип бара жатат. Ошол эле учурда Москва доллардан толугу менен баш тартууга кызыкдар эмес. "Биз үчүн азырынча энергоресурстарды, биринчи кезекте нефтини доллар менен сатуу ылайыктуу", — деди ал.
Путин АКШ экономикасынан жалпы дүйнөлүк экономика көз каранды экенин, Россия анын туруктуу, бир калыпта болушуна кызыкдар экенин кошумчалады. Анын айтымында, Москва болуп жаткан окуяларга дыкат көңүл буруп, анализ жүргүзүп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн керектүү чараларды көрүп келет.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Путин РФтин 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна жетүү планын айтты
Криптовалюта тууралуу
Криптовалюта эсептешүүгө жарактуу каражат боло алат, бирок ал азырынча анча ишенимдүү эмес. "Каражатты бир жерден экинчи жерге которуу болсо — маселе жок, бирок соода жүргүзүүгө, өзгөчө энергоресурс сатууда колдонуу, менимче, эртелик кылат", — деди ал.
Өлкө башчы криптовалюта эч нерсе менен кепилденбегенин белгилеп, мындан аркы абалга көз салып турарын кошумчалады.

AUKUS блогу тууралуу

АКШ, Улуу Британия жана Австралиянын башын бириктирген AUKUS сыяктуу блоктордун түзүлүшү аймакты туруксуздаштырышы мүмкүн.
"Өз ара достук алакада болуу жакшы нерсе, бирок кимдир бирөөгө каршы достошуу, менимче, туура эмес. Бул ошол аймактын баарыбыз сөз кылган, баарыбыз кам көргөн коопсуздугуна коркунуч жаратат", — деп түшүндүрдү Путин.
Ал кырдаал жөнгө салынарына үмүт артты.
Газ клапаны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Путин газды Россия курал катары колдонуп жатат деген айыптоого жооп берди
Навальный тууралуу
Россия бийлиги кимдир бирөөгө, бөтөнчө саясий ишмердүүлүккө жамынып мыйзам бузгандарга өзгөчө шарт-ыңгай түзүп бербейт. Бул тууралуу Путин Алексей Навальный боюнча суроого жооп берип жатып айтты.
"Сиз сөз кылып жаткан жаран түрмөдө", — деди президент.
Сот 2-февраль күнү Навальныйдын "Ив Роше" компаниясы боюнча берилген шарттуу мөөнөтүн 3,5 жыл түрмөдө отуруу жазасына өзгөрткөн. Федералдык жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузуп, кармалганга чейин издөөгө алынган. Натыйжада шаардык сот чечимди бекитип берген. Навальный азыр абакта жазасын өтөөдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0