Россия чет элдик студенттерге туруктуу жашоого жеңилдетилген жол менен уруксат берет

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүСтуденттер лекция учурунда. Архив
Студенттер лекция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Учурда Россияда окуган чет элдиктер мигранттар менен чогуу квотага ылайык жашоого уруксат алышат. Бирок Россия өкмөтү бул квоталардын санын 2022-жылы кыскартууну көздөп жатат.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мамлекеттик думанын Эмгек, социалдык саясат жана ардагерлер маселеси боюнча комитети чет элдик студенттерге Россияда жашоого уруксат берүү жолдорун жеңилдетүүгө шарт түзгөн мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Окуусун бүткөндө аларга туруктуу жашоого уруксат берилмекчи. Бул тууралуу "Парламентская газета" жазды.
"Россиянын мамлекеттик окуу жайларынан билим алуу максатында келген чет элдиктер окуу мөөнөтү аяктаганга чейин убактылуу жашап турууга уруксат алат. Ал эми окуусун бүткөндөн кийин туруктуу жашоого мүмкүндүк берген документтерди жеңилдетилген жол менен алса болот", — деп жазылат негиздемеде.
ибирь федералдык университетинин кампусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат
Мыйзам кабыл алынып калса, студент катары убактылуу жашоо үчүн чет элдик жаран окууга өткөндүгү тууралуу маалым катты көрсөтүшү керек. Ошондой эле орус тилди, Россиянын тарыхын жана негизги мыйзамдарын билерин далилдебей койсо деле болот.
Учурда Россияда окуган чет элдиктер мигранттар менен чогуу квотага ылайык жашоого уруксат алышат. Бирок Россия өкмөтү бул квоталардын санын 2022-жылы кыскартууну көздөп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0