Россиядан адамга тажрыйба жүргүзүү талап кылынууда. Артында ким турат?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Дүйнөдөгү эң эле жек көрүндү медиктердин бири, Аллергиялык жана инфекциялык оорулар улуттук институтунун директору Энтони Фаучинин айланасында тутанган чыр күчөп баратат.
Фаучи антиковиддик ыкмалары үчүн жаман көрүнүп келген, бирок бул жолу ал жаныбарларды кыйнаганы үчүн сынга кабылууда. Эч кимге зыяны жок, кичинекей күчүктөргө тажрыйба жүргүзгөнү үчүн... Абалга баам салган Виктор Мараховскийдин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Аталган маселеге тынчсызданган тараптардын айтымында, ЖМКларга "Фаучинин ден соолук институтунун бөлүмүндө эксперимент жүргүзгөндөр күчүктөргө дары берип, андан соң инфекция жуктурулган машалар (москит — ред.) бар торго баштарын салганы" тууралуу маалыматтар чыгып кеткен.
АКШ конгрессинин 24 мүчөсү дарыгер менен ал жетектеген институтту кыйноолорду токтотууга чакырды. Көпчүлүк 1,7 миллиондук салыгы текшерилбеген эксперименталдык дарылар сайылып эле тим болбостон, кийин өлүмгө кептеген 44 күчүктү кыйноого чыгымдалганына нааразы.

Бул жерден эмнени айтууга болот?

Биринчиден, бул "бизден өтө деле алыс эмес жерде" болду. Углеводородсуз тоңуп, ишке аша бербеген жашыл экономикасын көтөрө чаап Европа Россияга догурунган сымал эле дүйнө да болгон сыноолорго жаныбарларды колдонууну улантууда.
Ухандагы экспонаттар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
АКШ коронавирус пандемиясына айыпкерди тапты
Натыйжада: "Россиялык бизнес Европада тоскоолдукка учуроодо, жергиликтүү ретейлерлер оюнчуктарды сатуудан баш тартып жатат, анткени ЕАЭБде продукцияны алгач милдеттүү түрдө жаныбарларга сыноо талабы бар" дегенди окуп жатабыз. Мындан улам оюнчук чыгаргандар бул талапты Евразиялык экономикалык комиссиянын алдында мактап-жактоого мажбур.
Баса, бул кичине болсо дагы таасири күчтүү ажаан азчылык катуу чыгынса, аракети ар тараптуу болсо дүйнөнү өзү каалагандай өзгөртүп коё аларын көрсөткөн айкын мисал.
Экинчиден, жаныбарларга эксперимент жүргүзүүгө тыюу салуу талабы — кимдин чындап кандай экенин, нагыз маңызын көрсөтүп койду.
Жаныбарларга, биринчиден, биолог, медик жана ветеринарларды окутуу үчүн, экинчиден, кийин адам пайдалана турган продукцияны (дары-дармек, косметика, оюнчук) сыноо үчүн эксперимент жүргүзүлөт.
Жаныбарларды "кыйноо/өлтүрүү/мазактоону" жоюуга үндөгөндөр эки жөнөкөй нерсени талап кылышууда:
а) окуу, тажрыйба, эксперименттерди компьютердик моделдерге, жасалма материалдан өндүрүлгөн моделдерге жана кайсы бир деңгээлде пробиркадагы культураларга жасоого болот;
б) экспериментти макул болгон тарапка гана жасоо керек. Ал адам эле болушу мүмкүн.
Чындап келгенде компьютердик моделдер баары бир тирүү жандай болбойт. Бул үчүн ал атомунан баштап баары дал өзүндөй болушу керек, болбосо схемалардын дайым бир нерсени унутта калтыруу тобокелчилиги бар. Табияттагы процесстерге "арыш таштап", бирок аны ишке ашыра албай койгон компьютердик моделдөө тажрыйбасы бизде жетишерлик. Демек, бул ойдон азырынча баш тарта турган оң. Клеткалык культуралар деле толук маалымат бере албайт.
Бирок эң башкы маселе башкада. Күчүк, коёнектерди мыкаачы окумуштуулардан коргомуш болуп жаткандардын чыныгы жүзү таптакыр бөлөк.
Мисалы, кайсы бир косметика чыгарган компания жаныбарларды эксперимент жасоодон коргогон ишкана катары сыймык менен жарнамаланып келет. Белгилүү бир түйүндүн дүкөнүнө кирип калып, сатуучудан ("команданын лидеринен", бейджигинде ушундай экен) самынды эмнеге жаныбарларга эксперимент жүргүзүүгө каршы күрөшкөн коёнектер түшүрүлгөн кагазга ороп бергенин сурадым.
— Бул пропаганда эмес, болгону биздин компания жаныбарларга эксперимент жүргүзүүгө каршы. анткени алар өз макулдугун бербейт.
— Адамдарга жүргүзүлүшү керекпи?
— Адам макулдук бере алат.
— Алар муну жыргап кеткенинен жасабайт да. Куурал турмушта жашаган жакырлар, бактысыз адамдар барат го мындай кадамга. Кантсе да алар жаныбарлардан жакшыраак эмеспи, — дедим.
— Эмнеси менен жакшы, — деп күлдү сатуучу.
Мына ушул жерден сак болуш керек.
Коронавирус тараткан! Бийликтин миңдеген жарганатты өрттөгөн видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2020
Коронавирус тараткан! Бийликтин миңдеген жарганатты өрттөгөн видеосу
Жаныбарларды коргоочулардын (кеп мыкаачылык тууралуу болуп жаткан жок) кимиси менен болсо да сүйлөшө келсең, сөздүн башындабы, ортосундабы, айтор, бул киши негизи эле адамды жаныбардан төмөн көрөрүнө ынанасыз.
Башкача айтканда, ЖАНЫБАРГА ЭКСПЕРИМЕНТ ЖҮРГҮЗҮЛБӨГӨН кайсы бир косметиканы сатып алып жаткан адам жакыр жашаган же кыйналып-кысталып турган кишилердин тажрыйба жүргүзгөн мышык, күчүк, коёнек, чычкан болууга макулдук бериши үчүн акча төлөп калышы ыктымал экен. Азыр эмес, албетте, кийин "өз ыктыяры менен макулдук берүүгө" аргасыз болгон келечекте. Ал эми интеллектуалдуу, "күнөөсү жок" адамдар бул продукцияны сатып алып, байкуш жаныбарларды коргоп адамгерчиликтин туу чокусун көрсөтөт имиш.
Анткени жаныбарларды мажбурлоого болбойт, ал эми адамдарды бурчка такап айласын кетирүүгө болот.
...Эң эле акылга сыйбаган жапайычылык — мунун адамгерчилик деп саналганында. Чындап келгенде бул — адамды жек көрүүчүлүк.
Адам баласы жаныбардан кыйла жакшы. Кеп ушунда.
Ал эми адам жаныбардан төмөн турат деп эсептегендер же өз ыктыяры менен ошол жандыктарды алмаштырып экспериментке макул болушу керек, же эки жүздүүлөнбөй адамды жек көрөрүн моюндашы зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0