"Спутник V" вакцинасын Камбоджа 71-мамлекет болуп жактырды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинасы. Архив
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
Бул вакцинаны алып жаткан мамлекеттердеги адамдардын жалпы саны 4 миллиардды түзөт. Бул дүйнө жүзүнүн 50 пайыз калкы экени белгиленет.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" жана "Спутник Лайт" вакциналарын Камбоджа мамлекети жактырганын "Известия" жазды.
Камбоджа "Спутник V" вакцинасын жактырган 71-мамлекет болду.
"Вакцинаны алып жаткан мамлекеттердеги адамдардын жалпы саны 4 миллиардды түзөт, бул — дүйнө жүзүнүн 50 пайыз калкы", — деп жазылган маалыматта.
Ал эми аталган вакцина мамлекеттер тарабынан жактырылган препараттардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.
Жакында эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын шашылыш колдонуу үчүн бекитүү процедурасын кайрадан баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0