Путин АКШ менен НАТОнун Кара деңиздеги аракеттерине тынчсызданып жатат

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштарынын кемелери Россиянын Кара деңиздеги чек арасына жакындаган. Россиянын ТИМи америкалык аскерлер от менен ойноп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын Кара деңизде болушуна тынчсызданып жатат жана кырдаалга көз салууда. Бул тууралуу РИА Новости өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип жазды.
"Путин бул нерсеге тынчсызданып жатат (АКШнын Кара деңиздеги аракети — ред.), ал бул тууралуу өзү да айткан", — деди Кремлдин өкүлү.
Анын айтымына караганда, америкалык кемелердин россиялык чек аралардын жанында болушу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бирок президенттердин администрацияларынын ортосунда бул боюнча байланыш боло элек.
Бул арада Россиянын Коргоо министрлиги АКШ менен алардын НАТО боюнча союздаштарынын Кара деңиздеги активдүүлүгү жогорулаганын билдирди. Ведомство кеп биринчи кезекте аскер деңиз күчтөрү, аба жана деңиз чалгындоосу, стратегиялык авиация жөнүндө болуп жатканын тактады.
Деңиз менен жерди титиретип, булкуна көккө атылган ракеталар. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Деңиз менен жерди титиретип, булкуна көккө атылган ракеталар. Видео
Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы сутка ичинде Россиянын аба космостук күчтөрүнүн зениттик ракеталык аскерлеринин радиолокациондук каражаттары менен НАТОнун төрт чалгындоочу учагы аныкталган. Ошондой эле эки базалык P-8А Poseidon патрулдук учагы, U-2S жана RC-135 чалгынчылары Кара деңиздин түндүк-батыш жана борбордук бөлүгү менен учкан.
Мындан тышкары, британиялык RC-135 саат 12:00дөн 15:00гө чейин Крымдын түштүк-батыш жагындагы Россиянын чек арасына учуп келүүгө аракет жасаган. Анын аракетине көзөмөл жүргүзүү үчүн нөөмөттөгү күчтөрдүн курамындагы россиялык Су-30 ВКС абага көтөрүлгөн. Ал Улуу Британиянын учагына мамлекеттик чек арадан 30 чакырымдай аралыкта жакындаган. Натыйжада RC-135 багытын өзгөрткөн.

Маселенин чоо-жайы

Буга чейин Кара деңизге АКШнын Алтынчы флотунун флагманы Mount Whitney менен Porter эсминеци аскердик машыгуулар үчүн келген. Россиянын Коргоо министрлиги америкалык кемелер боюнча комментарий берип жатып, алардын ар бир аракети көзөмөлдөнүп жатканын кабарлаган. Ведомствонун маалыматына караганда, АКШ Россия менен чектешкен жерге аскердик топ түзүүнү көздөп жатат. Вашингтондун максаттарынын бири — куралдуу күчтөрүн Украинада өздөштүрүү. Министрликтин божомолу боюнча, АКШ Донбасстагы конфликтини күч менен чечүүнү көздөп жатышы мүмкүн.
РФ ТИМи Россия АКШ, анын НАТО боюнча союздаштары жана кээ бир "региондогу бул мамлекеттердин кардарлары" тарабынан токтобогон провокацияларга тынчсызданып жатканын билдирди.
Министрлик аскерлердин аракетин "от менен ойноп жатат" деп сыпаттады. ТИМден Москва алардын оюн окуп жатканын жана каршылык көрсөтүүгө даяр экенин белгилешти.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0