Россиянын окумуштуулары COVID-19ду ооздуктаган биологиялык кошулма иштеп чыкты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүУчёные Крымского федерального университета разработали новую вакцину от коронавируса
Учёные Крымского федерального университета разработали новую вакцину от коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
"КовБАД" биологиялык активдүү кошулманын курамындагы заттар организмдин вируска каршы коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин №27 Илимий борборунун окумуштуулары "КовБАД" деп аталган уникалдуу биологиялык кошулманы иштеп чыкты. Бул туурасында РИА Новости радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин жетекчиси Игорь Кирилловдун "Красная звезда" гезитине курган маегине таянуу менен жазды. 
Бул биологиялык кошулма ооруп жаткан адамдагы COVID-19дун концентрациясын 16 эсеге азайтат.
"Ноябрь айынын башында COVID-19га карата эффективдүүлүгүнө баалоо жүргүзүлүп, биологиялык активдүү кошулмалардын бири мамлекеттик каттоого алынды. Кошулманы тамак менен жегенде эки күндөн кийин таңдайдагы вирустарды эки эсеге азайтып, ал эми алты күндөн кийин концентрациясы 16 эсеге кыскарганын көрсөткөн. Демек, оору өрчүп кетпей, жеңил өтүшүнө жардам берет", — деди Кириллов.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Гинцбург: "Спутник V" дельта-штаммдын бардык түрүнө туруштук берерин көрсөттү
Ошондой эле ал "КовБАД" биологиялык активдүү кошулмасынын курамындагы заттар организмдин вируска каршы коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатарын белгилеген.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн илимий мекемеси пандемия башталгандан бери коронавируска каршы күрөшүү каражаттарын чыгаруунун үстүндө иштеп келе жатат. Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча №48 Борбордук илим-изилдөө борбору Гамалея институту менен биргеликте "Спутник V" вакцинасын иштеп чыгууга катышкан. Мындан сырткары, институттун адистери COVID-19га каршы сагыз формасындагы вакцинаны түзүп жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0