Москвада беткап кийген жаштар. Архив

Россия: COVID-19га каршы өспүрүмдөр вакцинаcын колдонууга уруксат берилди

35
(жаңыланган 11:41 25.11.2021)
Кичинекейлерге вакцина салуу ыктыярдуу түрдө баланын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жасалары айтылды.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россияда 12-17 жаштагы өспүрүмдөргө COVID-19га каршы вакцинаны колдонууга уруксат беришкенин Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча борбордун директорунун орун басары Денис Логунов билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

"Спутникти" балдар үчүн колдонууга уруксат берилип, вакцина каттоодон өттү", — деген брифингде Логунов.

Октябрдын ортосунда Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург РИА Новостиге коронавируска каршы, балдар үчүн ойлоп табылган вакцина "Спутник М" деп аталышы мүмкүндүгүн айткан. "М" деген тамга "для маленьких" ("кичинекейлер үчүн") деген түшүнүктү берерин кошумчалаган.

Саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецовдун айтымына караганда, эмдөө ыктыярдуу түрдө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жасалат.

Вакцина алуу бүгүнкү күндө COVID-19дан сактануунун бирден-бир ишенимдүү жолу болуп турат. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун айтымында, ооруканада жаткан бейтаптардын көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа менен Борбор Азияда 2022-жылдын март айында коронавирустан каза тапкандардын саны эки миллиондон көп болушу мүмкүн деген болжолдуу маалыматты таратты. Мындай апааттан ооруга каршы вакцина сайдырып жана атайын эрежелерди карманып аман калууга мүмкүндүгүн айтышкан.

ДССУ элди эмделүүгө, керек болсо вакцинаны кайталап алууга, оорудан сактануу эрежелерин бекем карманууга чакырууда. Бет кап кийүү, колду жууп туруу, имаратты желдетүү жана кишилердин бири-биринен оолак болуу тартибин сактоо көп күчтү деле талап кылбастыгын улам-улам эскертип жатышат.

35
Белгилер:
Россия, балдар, 'Спутник М', вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1617)
Тема боюнча
Австрияда атайын уюштурулган COVID кечеден оору жуктурган киши каза болду
COVID борбордо иштеген жакшынакай, сулуу робот кыздын видеосу
COVID-19га каршы вакцина менен иштеген лаборант. Архив

Вирусолог: "омикрон" COVID-19га каршы тирүүлөй вакцина болуп берет

37
(жаңыланган 10:30 07.12.2021)
Адис "омикрон" башка штаммдарды сүрүп чыгара алар-албасы азырынча белгисиз экенин айтып, ошол эле учурда адам баласы локдаундар тууралуу унутса болорун кошумчалады.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. "Омикрон" штаммы коронавируска каршы тирүүлөй вакцина болуп бериши мүмкүн. Мындай пикирин Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, вирусолог, профессор Петр Чумаков маегинде айтканын URA.RU жазды.

"Жаратылыш коронавируска каршы тирүүлөй вакцина берди деген оптимисттик прогноздор болуп жатат. Тагыраак айтканда, бул штаммды жуктуруп, сакайган кишилер COVID-19дун башка штаммдарына туруштук берет", — деди адис.

Ошондой эле Чумаков "омикрон" башка штаммдарды сүрүп чыгара алар-албасы азырынча белгисиз экенин айтып, ошол эле учурда адам баласы локдаундар тууралуу унутса болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Ошол эле учурда россиялык окумуштуулар бул штамм башкаларынан алсыз экенин айтып, пандемияны жыйынтыктоочу варианты болуп каларын дагы божомолдоп жатат.

37
Белгилер:
'омикрон' штаммы, коронавирус, жаңы штамм, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1617)
Тема боюнча
"Омикрон" штаммы өлүмгө кептебейби? ДССУ маалымат берди
Коронавирус 63 кишиден табылып, эки бейтап каза тапты. Жаңы статистика
Лаванда талаасындагы кыз. Архив

Ооруну басат. Аялдын ден соолугуна өтө керектүү азык аталды

54
Түрп аялдардын гормоналдык фонун жакшыртып, айыз келип жаткан маалда ооруткан жерлерди басары айтылды. Бирок боюнда барларга тескерисинче зыянын тийгизет.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Түрп адамдын организмине эң пайдалуу азык, бөтөнчө аялдар жеши керек. Бул тууралуу РИА Новостиге нутрициолог Анна Дробышева айтып берди.

"Түрп — дарылай турчу жашылча. Ал антибактериялык касиетке ээ, ошондуктан оору күчөп жаткан маалда жеш керек. Түрп аялдардын гормоналдык фонун жакшыртып, айыз келип жаткан маалда ооруткан жерлерди басып, терини картайтпайт", — деди адис.

Дробышева түрп эркектин да ден соолугуна жакшы таасир этип, тестостерондун деңгээлин жогорулатып, простатанын оорусун басарын айтты.

"Түрптү зайтун майы жана лимондун ширеси менен аралашкан салатка кошуп жесе болот. Ошондой эле эт тамактарына да кошсо жакшы", — деди ал.

Нутрициолог тамак сиңирүү системасында көйгөйү барлар, бөйрөгү жабыркагандар, муун ооругандарга түрптү жебей эле коюуну сунуштаган. Ошондой эле боюнда барларга болбойт, анткени анын курамындагы эфир майлар жатынды жыйрылтып, толгоону чакырат.

54
Белгилер:
ден соолук, аял, оору, түрп
Тема боюнча
Диетолог кофеден баш тартуу организмди кандай өзгөртөрүн айтты
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров

Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды

0
(жаңыланган 10:59 07.12.2021)
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров 2021-2024-жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү боюнча жаңы стратегияда элдин аң-сезимине таасир этүүгө көңүл буруларын айтты.

Коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ стратегия иштелип чыгып, документтер кабыл алынган. Бирок биз иштеп чыккан концепциянын алардан айырмасы — республикалык масштабда жана бардык тармактарды өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды

Анын айтымында, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин 39 мүчөсү бар, ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.

"Коррупцияны жоюу боюнча президенттин алдында түзүлгөн кеңеш 2021-2024-жылдар аралыгында аталган багытта иш алып баруу үчүн стратегия иштеп чыкты. Анын мурдагы документтерден айырмасы — бардык тармактарды камтыйт жана иш республикалык деңгээлде жүргүзүлөт. Аталган кеңештин 39 мүчөсү бар. Көпчүлүк эмнеге мынча көп адамдан турат деп суроо узатып жатышты. Анткени бул жакка бизнес өкүлдөрү, коомдук уюмдардан да кишилер тартылган. Ошондой эле стратегияны жазып чыгуу иштери ачык өткөрүлүп, каалоочулар өз сунуш-пикирлерин билдирип жатышты. Концепциянын дагы бир өзгөчөлүгү коррупциялык иштердин алдын алуу, жоопко тартуу эле эмес, элдин аң-сезимине таасир берүүгө басым жасоо да каралган. Ал эми бул кадамдар кандай тартипте ишке ашары боюнча методдору иштелип чыгууда", — деди Мамбеткадыров.

Ал аталган стратегия күнүмдүк коррупциялык элементтерден тарта аткаминерлер арасындагы ири коррупциялык иштерди да болтурбоо аракетин көрөрүн кошумчалады.

0
Белгилер:
Айдар Мамбеткадыров, коррупция, стратегия, документ
Тема боюнча
Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек