"Спутник V" вакцинасы "омикрондон" канчалык коргой аларын дарыгер айтып берди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинанын ампулары
Спутник V вакцинанын ампулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
"Спутник V" вакцинасы "омикрон" штаммынан канча пайызга коргой алары боюнча так маалымат бир нече айдан кийин белгилүү болот. Бирок адис ал учурду күтпөй, азыртадан эмделүүнү сунуштап жатат.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. "Спутник V" вакцинасы "омикрон" штаммына каршы канчалык таасирдүү экенин Sputnik радиосунун эфиринде Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Новосибирск мамлекеттик университетинин табигый илимдер факультетинин биотехнология жана вирусология лабораториясынын башчысы Сергей Нетесов айтып берди.
Адистин пикиринде, супермутант деп мүнөздөмө берилип жаткан жаңы штаммга каршы "Спутник V" 80 пайызга эффективдүү иштеп берери божомолдонууда. Бирок так пайызы бир нече айдан кийин гана белгилүү болот.
"Анткен менен ага чейин эмделбеген миңдеген кишилер "омикрондун" курмандыгы болушу мүмкүн. Андыктан күтүп отурбай, азыртадан эле вакцина алып койгону жакшы. Бул штамм алыскы өлкөлөрдө жүрөт деп сүйүнбөшүбүз керек. Бизге деле бат жетет", — деди Нетесов.
Омикрон жазуусунун фонундагы шприцтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Өткөн аптада ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Эксперттер B.1.1.529 адегенде иммунитети төмөн, ВИЧ менен ооруган адамда пайда болгонун айтышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0