Россияга кайсы учурда локдаун киргизилиши мүмкүндүгүн вирусолог айтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2021
Жазылуу
Адис чектөө киргизүү чечими конкреттүү тигил же бул эпидемиологиялык абалдан кийин кабыл алынарын түшүндүрдү.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Россия бийлиги эгерде "омикрон" штаммы оор кырдаалды жаратып, "медицинага оорчулук келсе" жаңы жылдык каникулдан кийин январдагы иштебеген күндөрдү узартышы мүмкүн. Мындай пикирин Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, вирусолог, профессор Петр Чумаков маегинде айтканын URA.RU жазды.
"Омикрон" штаммы боюнча азыр көп нерсе бизге белгисиз. Эгерде баары бир оорунун оор формасын чакырып, кыйын өтсө анда толук мүмкүн (жаңы жылдык каникулдун узарышы – ред.). Бирок азырынча андай жок. Бул эми эпидемиологиялык абалга жараша болот. Андай кырдаал түзүлсө, бийлик бош койкаларды карап, ошого жараша чечим кабыл алат. Бул жерде негизги фактор медицинанын оорулуулар көп келсе, ага шаасы жетеби же жетпейби, ошондо турат. Эгерде маселе жаралса, анда чектөө киргизилет", — деген Петр Чумаков.
Ситуация в США из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу
Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана бейтаптардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Аталган дүйнөлүк уюм бул бир түйшөлтүүчү нерсе болуп жаткандыгын билдирген.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0