Оорукана. Архив

Ноокатта коронавирус аныкталган 80 жаштагы бейтап каза болду

2560
(жаңыланган 14:02 05.04.2020)
Көз жумган адам Оштон. Коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан 80 жаштагы дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

"Улгайган адам коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Абалы оорлоп, жүрөгү кармап каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкан кыргызстандыктардын саны экиге жетти. 2-апрель күнү ушул эле Ноокаттын ооруканасында COVID-19 аныкталган 61 жаштагы бейтап көз жумган. Анын кант диабети оорусу бар экени айтылган болчу. 

Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды. Вирус аныкталган бейтаптардын арасында тогуз дарыгер бар.

Өлкө аймагында ушу тапта эмне болуп жатканын тексттик баяндамадан билсеңиз болот. 

2560
Тема боюнча
Дарыгер Италияда коронавирустан көп адамдын көз жумган себебин айтты
Бишкектеги үч киши COVID-19ду кайдан жуктурганы айтылды
Казакстанда жүк ташып иштеген төрт кыргызстандыктан коронавирус аныкталды
Коронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери. Архив

COVID-19: өлкөдө оору жуктургандар менен айыккандардын соңку статистикасы

282
(жаңыланган 11:25 25.08.2020)
Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 43 245ке жетти. Анын ичинен 36 925 адам ооруну жеңип чыкты.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн сутканын аралыгында коронавирустан 310 киши айыгып чыкса, дагы 119 адам ооруну жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Ага ылайык, кечээ COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 112;
  • Ош шаары – 16;
  • Чүй облусу – 16;
  • Ош облусу – 43;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 19;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Жалал-Абад облусу – 54;
  • Баткен облусу – 27.

Адамзат COVID-19ду качан жеңет? ДССУ башчысынын билдирүүсү

Ал эми жуктуруп алгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек – 15;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 4;
  • Ош облусу – 15;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу – 19.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 43 245ке жетти. Анын ичинен 36 925 адам ооруну жеңип чыкты.

282
Белгилер:
статистика, Кыргызстан, жуктуруу, айыгуу, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Министрлик: гепарин сыяктуу дарыны сактап жүргөндөр кеңеш алышы керек
Коронавирустун экинчи толкуну эмнеси менен кооптуу? Каратаевдин жообу
Оорукана палатасы. Архив

Кыргызстанда 407 бейтап ооруну жеңип, үйүнө чыкты

149
(жаңыланган 11:21 10.08.2020)
Өлкө боюнча коронавируска кабылып, андан сакайгандардын саны 32 миңден ашты. Бейтаптардын кайталап алынган анализдери таза чыккан.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өлкөдө соңку суткада коронавирус инфекциясынан 407 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

  • Бишкекте — 51;
  • Ош шаарында — 91;
  • Чүй облусунда — 27;
  • Ош облусунда — 67;
  • Талас облусунда — 18;
  • Нарын облусунда — 9;
  • Ысык-Көл облусунда — 37;
  • Жалал-Абад облусунда — 66;
  • Баткен облусунда — 41.

Сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү. Эмне талап кылынбайт?

Кыргызстанда коронавируска чалдыгып, андан айыгып чыккандардын саны бүгүнкү күндө 32 229 адамга жетти.

149
Белгилер:
оорукана, анализ, бейтап, айыгуу, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Бүгүн өлкөдө 258 кишиден коронавирус чыкты
Өткөн суткада коронавирустан 6 киши каза тапты
Москва облусунда кыргызстандыктар жабыркаган көпүрө кырсыгы

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

0
(жаңыланган 17:25 27.09.2020)
Аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Алардын баарында тең медициналык жана башка камсыздандыруусу жок болуп чыкты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Москва облусунда кыргызстандыктар жабыркаган көпүрө кырсыгына жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскирип калышы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу облустун Тергөө башкармалыгына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Кырсыкка себеп болчу бир нече версия каралып жатат. Мисалы, жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскилиги себеп болушу ыктымал”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ишкананын документациясы алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, Кыргызстандын 49 жараны жабыркаган. Жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам

Аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Алардын баарында тең медициналык жана башка камсыздандыруусу жок болуп чыкты. Элчилик жабыркаган кыргызстандыктарга материалдык компенсация төлөтүп берүү боюнча иштеп жатат. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.

0
Белгилер:
кырсык, көпүрө, Россия
Тема боюнча
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду