Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив

Атамбаев эки тараптуу пневмония болуп, ооруканага жаткырылды

5623
(жаңыланган 09:57 30.06.2020)
Атамбаев кечээ ден соолугу начарлап жатканын айтып, андан ПЦР-тест алынган. Натыйжада андан COVID аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония дартына кабылып, ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ага ылайык, кечээ, 29-июнда, Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айтып, андан коронавирусту текшерүү үчүн ПЦР-тест алынган. Натыйжада COVID аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылганы белгилүү болгон.

"Ошол эле күнү дарыгерлер онлайн консилиум өткөрүп, өпкөсүнөн эки тарабы сезгенгенин аныкташкан. Буга байланыштуу ал ооруканага жаткырылган. Акыркы жумада Атамбаев жактоочусу жана туугандары менен бир нече ирет жолугушуп, кагаз жана буюмдарды алган. Бирок УКМК вирусту алдын алуу үчүн абакта жолугушууларды уюштурбай, элди айнек тосмо аркылуу көрүшүүнү сунуш кылат", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин жакын тууганынан коронавирус чыккан жана ал аны менен байланышта болгон.

УКМКнын абагы штаттык режимде иштеп, Республикалык штабдын талаптарын аткарып жатканы кошумчаланды. Ошондой эле кызматкерлердин бардыгы текшерүүдөн өтүп, оорунун симптомдору табылган эмес.

5623
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)
Тема боюнча
Кыргызстанда 1145 адам пневмония менен жабыркап, 54ү каза болду
Коронавируска анализ жасоо үчүн кан алып жаткан медицина кызматкери. Архив

Ысык-Көл биринчи орунга чыкты. Бир күндө 668 адамдан COVID аныкталды

2261
(жаңыланган 11:22 29.07.2020)
Өкмөт вирус жуктургандардын саны акырындык менен азайганына карабастан, мурдагыдай эле иштерди улантуу талабын коюуда.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагы боюнча 668 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын ичинен Бишкекте - 118, Ошто - 80, Чүй облусунда - 82, Ош облусунда - 50, Талас облусунда - 24, Нарын облусунда - 15, Ысык-Көл облусунда - 157, Жалал-Абад облусунда - 115, Баткен облусунда 27 киши вирус илештирип алган”, — деди Акматова.

Коронавирустан дагы 1 047 бейтап айыкты

Жуктургандардын арасынан 20 киши медицина кызматкерлери.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 347 кишинин өмүрүн алды.

2261
Белгилер:
жуктуруу, оору, бейтап, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Боронов: өлкө боюнча 49 ооруканага кычкылтек берүүчү аппараттар коюлат
Естебесова: коронавирустан айыккан адам элге качан аралашса болору белгисиз
Дарыгер бейтаптын өпкө рентгенин текшерип жатат. Архив

Бир суткада пневмония дарты 32 адамдын өмүрүн алды

434
(жаңыланган 10:28 11.07.2020)
Ушу тапта пневмонияга кабылгандар, абалы оорлошуп андан көз жумгандар көп болуп, эпидемиологиялык абал начарлоодо.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бүгүн пневмониядан дагы 32 адам каза тапты. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID жана пневмонияны дарылаган ооруканаларга бирден өкмөт мүчөсү бекиди. Тизме

Алардын ичинен 24 адам республиканын ар жеринен болсо, Бишкекте сегиз адам көз жумду.

Март айынан бери өпкөсү сезгенип каза болгондордун саны 382ге жетти.

434
Белгилер:
Кыргызстан, оорукана, өлүм, коронавирус, өпкө, пневмония
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония (48)
Тема боюнча
Белгилүү дин аалымы Чубак ажы дүйнөдөн өттү
Курсан Асанов пневмония болуп ооруканага түшүп, соту жылдырылды
Ош облусунда уурулукка шектелип кармалган жараныдн үйүнөн табылган алтын буюмдар

1,5 млн. сомдук сөйкөлөр. Оштогу шектүүнүн жер төлөсүнөн уурдалган алтындар табылды

0
(жаңыланган 17:10 04.08.2020)
Учурда кармалган шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун милиция иликтеп жатат.

ОШ, 4-авг. – Sputnik. Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Багида Кармышакова билдирди.

  • Краденные золотые изделия с примерной стоимостью в 1,5 миллиона сомов
    Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды
    © Фото / пресс-служба УВД Ошской области
  • Краденные золотые изделия с примерной стоимостью в 1,5 миллиона сомов
    Азыркы учурда далил катары алынган алтын буюмдардын наркы такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
    © Фото / пресс-служба УВД Ошской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УВД Ошской области
Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Ноокат шаарында жайгашкан зер буюмдар дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз кирип, 150 000 сом акчасын жана алтындарын уурдап кеткенин билдирген.

Кудум кинодогудай! 20 секундада дүкөндөгү банкоматты уурдап кеткен видео

Жабырлануучунун арызы боюнча Жазык кодексинин 200-беренесинде (Уурдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон М.А. аттуу киши кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

31-июль күнү М.А.нын Шарк айыл аймагындагы турак үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан Кыргызстандын сегиз жаранынын паспорту, эки даана айдоочулук күбөлүк, жети даана банк карты табылган. Ал эми үйүнүн жер төлөсүндөгү көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн. 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып, алынган.

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деген киши кармалды

Азыркы учурда далил катары алынган алтын буюмдардын наркы такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат.

0
Белгилер:
уурулук, милиция, жер төлө, буюм, алтын, Ноокат
Тема боюнча
Телевизор уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды. Видео
Жалал-Абадда 37 тонна мунай уурдоого шектелген эки киши үй камагына чыгарылды