Кыргызстан: жарыкты өчүрүшүбүз же импорт кылышыбыз керек

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүОпоры ЛЭП
Опоры ЛЭП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы эле энергетика жаатында түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бир жолун кыргызстандык энергетиктер электр кубатына карата бааны жогорулатуудан көрүп жатышат.

Азамат Аралбаев, "Sputnik. Кыргызстан"

Суунун үстүндө турган Кыргызстан энергетикалык каатчылыкты башынан кечирип келе жатканына бир кыйла мезгил болду. Жаңы дайындалган Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев дагы абалдын оор экенин жашырган жок.

"Энергетикалык тармакта иш суунун келишине жараша пландалат, быйыл Кыргызстан пландалган суу менен камсыз болгон жок. Биз каатчылыктан чыгуу үчүн электр энергиясын импорттун эсебинен же чектөөлөрдү киргизүү менен камсыз кылышыбыз керек", — деп билдирген министр парламентте өткөн жыйында. 

Учурда Кыргызстанды электр менен камсыз кылуудагы башкы булак — Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 800 миллион кубометрдин тегерегинде болуп жатат. Бул кыштагы жылытуу мезгилинен тиешелүү деңгээл менен чыгууга мүмкүндүк бербейт. Күз-кыш мезгилинде керектелчү электр энергиясынын тартыштыгы 2,3 миллиард кВт. саатты түзүп, жетишпеген энергияны кайдан алабыз деген баш ооруну пайда кылды. Ошентип Кыргызстан энергетикалык жактан каатчылыкка кептелип, же электр энергиясын маал — маалы менен өчүрүп же кымбат болсо да аны сатып алуу керек деген абалда калган. 

Казакстан абалга аралжы болчудай, ал эми Түркмөнстандан алып келүүгө чамабыз чак…

Ноябрь айынын башында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Астанада сүйлөшүп, бир катар маселелерди чечкендей болду. Алардын катарында Казакстандан электр кубатын сатып алуу тууралуу жагдайга да оң жооп алынды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен 2014-жылдын аягына чейин Казакстан 400 миллион кВт саат электр энергиясын Кыргызстанга бермек болду жана 2015-жылдын жай айларына чейин дагы 1 миллиард кВт энергия сатууга макулдугун билдирди. Ошону менен Кыргызстанды тооруп келген энергетикалык каатчылык менен аны артынан кошо келчү социалдык чыңалуу маселеси чечилгендей болду. Бирок, азырынча Казакстан Кыргызстанга сата турган электрдин баасы тактала элек жана анын баасы доллардын курсунан көз каранды боло тургандыгы айтылууда. Казакстан энергияны өлкө түндүгүнө жеткирет. Өлкө түштүгүнө ала жаздан бери Өзбекстан газ берүүнү токтоткондугуна байланыштуу кризистик абал түзүлгөнү белгилүү. Өлкөнүн бул аймагына Түркмөнстандан электр кубатын жеткирүү жагын адистер сунуш кылышкан. Кыргызстандын мамлекет башчысы Түркмөнстанга дагы расмий сапар менен барып бир катар келишимдерге кол коюлду. Түркмөнстан Кыргызстанга 700 миллион кВт.саат электр энергиясын сатууга даяр экенин билдирди. Эми алдыда Түркмөнстан өлкөгө сата турган электр энергиясын кантип алуу керек деген маселе коюлду. Анткени географиялык жактан эки мамлекеттин ортосунда жайгашкан Өзбекстан буга макул эмес. 

Жалпы эле энергетика жаатында түзүлгөн жагдайдан чыгуунун бир жолун кыргыз энергетиктери электр энергиясына карата бааны жогорулатуудан көрүп жатышат. КМШ мамлекеттеринин арасында Казакстанда, Россияда электрдин баасы салыштырмалуу кымбат экендигин белгилешкен энергетиктер аны ашыкча колдонгон абоненттин төлөй турган баасын кымбаттатуу тууралуу долбоорду даярдашты. Ал учурда өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Буга чейин кыргызстандыктар электр энергиясына 70 тыйын төлөп келген болсо эми 700 кВт.сааттан ашыкча колдонгон калк аталган чектен ашса, 2,05 тыйындан төлөмөй болду. Өнөр жай жана бюджеттик уюмдар үчүн тарифтик баа 2,19 тыйын деп сунушталууда. Бул кандай жыйынтык берет, азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0